Кыргызстандагы айдоочулар төлөгөн эң кымбат айыптар. Инфографика

637
(жаңыланган 09:29 26.07.2019)
1-январдан тарта бир нече жаңы мыйзамдар күчүнө кирди. Алардын бири — Эреже бузуулар жөнүндө кодекс. Бул мыйзам айдоочулардын жол эрежесин бузганы үчүн жаңы айып пулдун өлчөмүн иштеп чыкты.

Рулда баратып ката кетирип, жол эрежесин бузганы үчүн каралган эң кымбат айыптар туурасында Sputnik Кыргызстандын инфографикасынан көрүңүздөр.
Рулда жүргөндөр эң катаал жазага автоунааны мас болуп айдагандыгы үчүн тартылат. Эгерде ал алкоголь же башка зат колдонуп алып дөңгөлөк үстүндө жүрсө, 17,5 миң сомго жыгылат. Ал эми бул юридикалык тарап болсо, сумма кескин көтөрүлүп, 55 миң сомго чыгат.
Ушул эле система анын ичкенин текшерүүдөн өткөндөн баш тартса колдонулат. Албетте, бул атайын эрежелерге ылайык жасалышы керек.
Мындай айыпка кооптуу жүктөрдү ташуу менен ири габариттүү транспорт каражаттарынын жүрүү жол-жобосун бузгандар жыгылат.
Эгерде айдоочу рулду мас кишиге бере турган болсо, алдын ала эле 15 миң сомун белендей бергени дурус. Ал эми юридикалык тараптар 30 миң сом төлөөгө милдеттүү.
Жасалма номер тагып алып чаң ызгытып жүргөндөр 10 000 сомсуз кутулбайт, мындай сумма номерсиз айдап же идентификациялоого тоскоолдук жараткандарга да жазылат.
Эгерде тырмышып, жарык берүүчү жана үн чыгаруучу сигналдык түзүлүштөрдү иштетип бараткан атайын транспортко жол бербей койсоңуз 10 миң сомдук айыпка даяр болуңуз. Баса, автоинспектордун көзүн жазгырып, ага жасалма айдоочулук күбөлүктү көрсөтө коём десеңиз да дал ушул акчаны төлөмөйүн кутулбайсыз.

Эл аралык автомобилдик ташуулар менен алектенген айдоочулардын иш режимин же эс алуусун каттоону көзөмөлдөөчү түзүлүштөрү (тахографтары) жок же бузук болсо, мындан сырткары, алардын эс алуу, иштөө режимдерин ар күнү каттоочу баракчанын бөлүгүндөгү эрежелер бузулса 7500 сомго жыгылат. Эгерде юридикалык тарап болсо 23 000 сом чөнтөктөн кетти дей бериңиз.
Бейбаштык кылып, 60тан ашырган "шумахерлер" 7,5 миң сом төлөөгө даяр турсун.

Ал эми калган жол эрежесин бузган жеке тараптарга 5,5 миң сомго чейинки айыптар салынат.

637
Белгилер:
эреже, жол, айып пул, Эреже бузуу жөнүндөгү кодекс, Кыргызстан

Фашисттер кыргыздын чебер аткычын жок кылышкан. Согуш тууралуу 10 факт

1329
Кыргызстандыктардын согуш учурундагы жашоо-турмушу тууралуу тереңирээк билүү үчүн Sputnik агенттигинин кабарчылары эски гезиттерди барактады. Жыйынтыгында согуш жылдарындагы Кыргыз ССРи жөнүндө мурда белгисиз 10 факт топтолду.
Улуу Ата Мекендик согушка катышкан кыргызстандыктар тууралуу кызыктуу 10 факт

Согуш учурунда республика фронтко колдон келген нерселердин бардыгын жөнөтүп турган. Ал учурдагы каатчылык мурда оозго албай турган нерселерди жеп күн көрүүнү мажбурлаган.

Мисалы, гезиттер эти сасык арам өрдөктү кантип туура бышырса болору тууралуу жазышкан. Алакандай жер калтырбай, жада калса, мектептердин аянтын дагы айдап салышкан.

Республиканын ар бир төртүнчү жараны согушка кеткен. Алардын арасында Борбор Азиянын эң чебер аткычы Дүйшөнкул Шопоков болгон. Кийин ал СССРдин баатыры катары тарыхта калган. Салгылаш учурунда фашисттер ага колго түшүп берүүнү сунуштайт. Бирок Шопоков душмандарга ок менен жооп берип, өзүнө дагы ок тиет.

Кыргызстандыктардын Улуу Ата Мекендик согуш учурундагы турмушу тууралуу билүү үчүн Sputnik даярдаган видеоинфографиканы көрүңүздөр.

1329
Белгилер:
факты, Кыргызстан, Улуу Ата Мекендик согуш
Тема:
Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгы

Жүрөк тилген видео! Аталардын Улуу Ата Мекендик согуштагы эрдиги

1328
(жаңыланган 14:02 07.05.2020)
Гитлердик армия Советтер Союзуна “бул жактагылар адам эмес, аларды аябастан атуу керек” деген ой менен чабуул койгон. Алардын мындай ой жүгүртүүсүнүн туура эмес экенин далилдөө үчүн миллиондогон киши өмүрү менен кош айтышты.

Sputnik агенттигинин видеоинфографикасынан Улуу Ата Мекендик согуш мезгилиндеги ата-бабалардын эрдиги жөнүндө билип алыңыз. Анда фашисттердин Азия элине кандай мамиле жасаганы жана Кыргыз ССРи жалпы жеңишке кандай салым кошкону баяндалат. Бул үчүн көп нерсе жасалган.

Согуш башталган 1941-жылы Советтик Кыргызстанда бир жарым миллион адам жашаган. Ар бир төртүнчү кыргызстандык фронтко кетип, дээрлик 100 миң киши көз жумган.

Көптөгөн кыргыз жоокерлеринин ысымы совет элинин эсинде түбөлүккө калат. Маселен, Кызыл армиянын 20 жаштагы жоокери Чолпонбай Түлөбердиев төшү менен пулеметту тоссо, учкуч Исмаилбек Таранчиев күйүп жаткан самолетун душмандын кылкылдаган танкаларын көздөй багыттаган.

Жоокери согуш отун кечип, кан майданда эл-жерин коргоп жаткан Кыргызстан фронтко жардам берүү үчүн бардык аракетин көрүп жатты. Миңдеген аял эркектердин ордунда станоктордо, талааларда, жада калса шахталарда иштеди. Кыргызстан фронтко көмүр, коргошун, мунай жана азык-түлүк жөнөтүп турган.

Республикага Украина, Россия жана Белоруссиядан заводдор эвакуацияланып, иштей баштаган. Жалпысынан өлкөгө 38 ири ишкана көчүрүлүп, аларда сымап, металл буюмдары, кездемелер, дары-дармек, бут кийим, кант өндүрүлгөн.

Согуш жылдарында Кыргызстанда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 22 пайызга жогорулап, металл иштетүү тармагында көрсөткүчтөр 3,5 эсеге, машина куруу 10 эсеге өскөн. Республика электр энергиясын 1,5 эсе көп иштеп чыга баштаган.

Фабриканын жумушчулары үйүнө кеч кайтышчу. Бирок аялдар түнкүсүн эс албастан жоокерлерге ичик, мээлей тигип, моюн орогуч токушкан. Кыргыз аялдарынын колунан жасалган жылуу кийимдер вагондор менен фронтко жөнөтүлгөн.

Онлайн-режимде "Өлбөс полк" акциясына катышыңыз, жол-жобосу да көрсөтүлгөн.

1328
Белгилер:
эрдик, Улуу Ата Мекендик согуш, Кыргызстан
Тема:
Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгы
Тема боюнча
Кыргызстандын тарыхындагы кандуу күн. Апрель окуяларын баяндаган видео
АКШда башаламандыктын катышуучулары

АКШда башаламандык күч алып, бир нече шаарга коменданттык саат киргизилди

0
(жаңыланган 18:09 31.05.2020)
Митинг полиция тарабынан кармалган Жорж Флойддун өлүмүнөн кийин башталган. Учурда төрт полиция кызматкери иштен алынып, бирөөнө айып коюлду.

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. АКШда афроамерикалык Жордж Флойддун өлүмүнө байланыштуу ири башаламандыктардан улам айрым шаарларга коменданттык саат киргизилди. Бул тууралуу BBC кабарлады.

Анткен менен нааразычылык акциясына чыккандар коменданттык сааттын талаптарын аткарбай жатат. Башаламандыкта дүкөндөр тонолуп, автоунаалар өрттөлүп, имараттар талкаланган.

Акыркы күндөрү ири демонстрациялар АКШнын кеминде 30 шаарында, анын ичинде Лос-Анджелес, Нью-Йорк, Вашингтон, Чикаго жана башка жерлерде болду. Тынч башталган нааразычылык акциялары кийин полиция менен кагылышууларга алып келди. Эл тартип сакчыларынын автоунаасын өрттөп, полиция көздөн жаш агызуучу газ менен желим окторду колдонгон.

"Афроамерикалык Жордж Флойдду АКШ полициялары өлтүрүп алгандыктан эл ачууланын жатат. Мындай окуя биринчи жолу болуп жаткан жок. Фергюсондогу Майкл Браундун, Нью-Йорктогу Эрик Гарнердин жана башка окуялар Black Lives Matter (кара түстүүлөрдүн укугу үчүн күрөшүү) кыймылына алып келген. Бирок көпчүлүк үчүн бул социалдык-экономикалык теңсиздик, бөлүп-жарууга байланышкан көп убакыттан берки нааразычылыктарды чагылдырат", — деп жазган гезит.

Эскерте кетсек, массалык башаламандык полиция тарабынан кармалган Жорж Флойддун өлүмүнөн кийин башталган. Интернетте полиция кызматкерлери анын колуна кишен салгандан кийин жыгып, үчөөлөп басып калган видео тарады. Бирөөсүнүн тизеси моюн жакка туш келген. Флойд бир нече жолу дем ала албай калганын айтып, андан кийин тынчып калганын көрүүгө болот. Эркек киши реанимацияда көз жумган. Митинг башталгандан кийин төрт полиция кызматкери иштен алынып, бирөөнө "кокусунан өлүмгө дуушар кылган" деп айып тагылууда. Сот дүйшөмбү күнү болушу мүмкүн.

Ал арада АКШ президенти Флойдду кармаган полиция кызматкерлеринин жоругун "акылга сыйгыс" деп атаган.

Флойддун үй-бүлөсү полицияга атайылып өлтүрдү деген айыптоо коюларын күтүшкөн болчу. Жанындагы тартип сакчылар дагы мыйзам чегинде жооп берет деп ойлошкон.

0
Белгилер:
коменданттык саат, башаламандык, митинг, АКШ
Тема боюнча
АКШдагы башаламандык: митингге ири шаарлар кошулууда