Өлкөдө канча бала бакча, мектеп, оорукана курулду. Инфографика

Жазылуу
Бала бакча, мектеп жана ооруканалардын жетишсиздиги курч көйгөй. Акыркы жылдары социалдык объектилердин курулушу кандай ыргакта жүрүп жатканын Sputnik даярдаган инфографикадан көрсөңүз болот.

2017-жылдан бери Кыргызстанда канча социалдык объект курулганын Улуттук статистикалык комитеттин адистери эсептеп чыккан. Маалыматка ылайык, быйылкы жылдын башынан баштап өлкөдө эки мектеп, беш бала бакча, жети оорукана жана тогуз бейтапкана курулган.

Бала бакча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Балаңыздын бакчасына канча бөбөк ашыкча барарын билесизби? Бишкектеги жагдай
Жаңы салынган мектептер 425 орунга ылайыкташкан, ал эми бейтапкана менен амбулаториялар бир сменде 149 адамды кабыл алат. Ал эми бала бала бакчалар 310 наристе үчүн эшигин ачса, ооруканаларда 300 керебет пайда болду.

Былтыр 2017-жылга салыштырмалуу ишке берилген социалдык объектилердин саны кыйла аз болгон. 2018-жылы 22 бала бакча иштей баштаса, андан бир жыл мурун бул көрсөткүч эки эсеге көп эле. Ал эми мектептердин саны үч эсеге кыскарган.

Ушундай эле абал оорукана менен бейтапканаларда да байкалат. Мисалы, былтыр эки эле оорукана ишке берилген. Бул 2017-жылдын көрсөткүчүнөн эле эмес, быйылкы жыл башынан берки сандан да аз экени көрүнүп турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0