Тозокко айланган эки жыл. Кыргызстандагы кандуу окуянын муң-кайгысы видеодо

Жазылуу
Эки жылга созулган Баткен окуясын алты мүнөттүк видеоинфографикага батырдык. 1999-2000-жылдардын жай айларында жүздөгөн террорчу Кыргызстандын түштүгүнө кирип, бир нече айылды басып алган.

Өзбекстан ислам кыймылынын (ӨИК) согушкерлери өлкө аймагына кантип кирип келгенин Sputnik видеоинфографикасынан көрүңүз.

Баткен тоолорунда согушкерлердин жүргөнү 1999-жылдын 23-июлунда байкалган. Алгач ӨИК лидери Тахир Юлдашев Кыргызстанга кол салууну каалаган эмес, болгону Баткен тоолору аркылуу Өзбекстанда жайгашкан Фергана өрөөнүнө кирүү максаты бар эле.

“Теримди тирүүлөй сыйрышкан...”. Баткен коогалаңынын айтылбаган баяндары - Sputnik Кыргызстан
“Теримди тирүүлөй сыйрышкан...”. Баткен коогалаңынын айтылбаган баяндары
Ал жактан кыймылдын жетекчиси киши чогултуп, Өзбекстандын ошол кездеги президенти Ислам Каримовдун бийлигин кулатуу үчүн Ташкентке жөнөмөк болот. Юлдашев Бишкек террорчуларга каршы турат деп дегеле ойлогон эмес, 90-жылдары Кыргызстандын абалы мышык ыйлагыдай эле. Бирок чек араны коргоого эл жапырт көтөрүлдү...

Эки тараптын каршылашуусун Sputnik даярдаган лонгридден көрсөңүз болот. Материалда жоокерлердин, мурунку туткундардын жана күбөлөрдүн айткандары камтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0