Быйылкы окуу жылындагы каникулдардын календары

Жазылуу
2019-2020-окуу жылында мектеп окуучулары кайсы убакта каникулга тараарын Sputnik Кыргызстандын макаласынын окуңуздар.

Окуучулар эс ала турган күндөр тууралуу маалыматты Билим берүү жана илим министрлиги берди. Эң алгачкы каникул — сегиз күнгө созулат. Тагыраагы, 4-11-ноябрь күндөрү.

Сабактагы окуучу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Контейнер мектеп. Окуучулар суук түшкөндө башка имаратка көчүрүлөт
Кыш айларында балдар 12 күн бою мектепке барышпайт — 30-декабрдан 10-январга чейин. Ал эми жазгы эс алуулар 21-мартта башталат. Бул жолку каникул 10 күнгө созулмакчы.

Кенже класстын окуучулары үчүн үчүнчү чейректе кошумча дагы бир апталык эс алуу берилет.

Эң узак, жайкы каникул адаттагыдай эле май айынын аягынан тарта 1-сентябрга чейин созулат.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0