Кыргызстандагы эң сырдуу көл. Окумуштууларды таңыркаткан жердин видеосу

Жазылуу
Мерцбахер көлү жай келген сайын жоголуп, кайра жаз келгенде пайда болуп калат. Окумуштуулар азыркыга чейин анын сырын ача албай убара.

Мерцбахер көлү боюнча фактыларды Sputnik агенттигинин инфографикасынан көрө аласыздар.

Жай келген сайын ал көздөн кайым болот, тагыраагы, 250 миллион кубометр суу бир нече күндүн ичинде жок болуп кетет. Окумуштуулар эмнеге мындай болорун такыр түшүнбөйт, бирок көпчүлүгү бир версияны айтышат.

Көл өзү жайдын ысык күндөрү Түндүк Эңилчек мөңгүсү эригендиктен пайда болот. Ал эми Түштүк Эңилчектин муз каптаган бети эриген сууга табигый платина болуп берет. Суу уламдан улам көбөйүп отуруп, акыры көл мелт-калт толот.

Бир учурда суунун көптүгүнөн Түштүк Эңилчектин жаракасы бар муздары өйдө көтөрүлөт. Ошол маалда суу мөңгү алдындагы каналдар менен ылдый агып, капчыгайдын ичинде шаркыраган үн угулуп турат. Ошентип эки күн ичинде көлдөн эч нерсе калбай калат.

Бул жерден Мерцбахер көлүнүн ачылышы тууралуу макаланы окусаңыз болот.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0