Дүйнөдөгү эң кооптуу тоолордун бири. Хан-Теңири чокусу тууралуу видео

574
(жаңыланган 15:25 13.09.2019)
Хан-Теңири бийиктиги боюнча Кыргызстандагы үчүнчү чоку. Ошол эле учурда ал эң кооз тоо деп эсептелет.

Хан-Теңири чокусу кандай кызыктарды сактап жатканын Sputnik агенттигинин видеоинфографикасынан көрүңүз. Бул чокуну 1931-жылы гана багындырышкан.

Хан-Теңири Кыргызстандагы чокулардын арасынан бийиктиги боюнча Ленин менен Жеңиш чокусунан гана артта калат. Бул чокуга чыгуучу жол эң оор жана кооптуу деп саналып, 5А категориясына кирет.

Кыргызстандагы дагы бир сырдүү жер — бул Тянь-Шань тоо кыркаларындагы Мерцбахер көлү. Анын сырларын видеодон көрүңүз.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
574
Белгилер:
инфографика, Хан-Теңири, тоо
Тема боюнча
Кыргызстандагы эң сырдуу көл. Окумуштууларды таңыркаткан жердин видеосу

Пандемия башталгандан берки алгачкы жолугушуу. ЕАЭБ тууралуу инфографика

240
(жаңыланган 13:47 17.07.2020)
Бүгүн, 17-июлда, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн премьер-министрлери Евразиялык өкмөт аралык жыйынга чогулушту. Иш-чара онлайн эмес, кадимки форматта Минск шаарында өтүп жатат. Бул — COVID-19 пандемиясы башталгандан берки алгачкы жолугушуу.
Евразиялык экономикалык биримдик сандар менен

Жыйынга Кыргызстан, Россия, Белоруссия, Казакстан, Армения жана Молдова өлкөлөрүнүн премьер-министрлери катышууда. Анда өкмөт башчылары соода, ички рыноктун иштөө механизми, атаандаштык жана өндүрүш маселелерин талкуулашмакчы.

Ошондой эле саламаттык сактоо тармагындагы бир катар көйгөйлөр каралып, ЕАЭБ өлкөлөрүндө коронавирустун жайылуусун токтотуу маселесине токтолушат.

Кубатбек Боронов ЕАЭБ жыйынына катышуу үчүн Минск шаарына учуп кетти

Мындан сырткары, премьер-министрлер Жерди аралыктан зонддоонун негизинде геомаалымат жана космос кызматтарын жеткирүү боюнча кызматташуунун мамлекеттер аралык программасынын долбоорун карашат.

Саммитте ЕАЭБдин айыл чарба тармагын өнүктүрүү жана Биримдикти индустриялаштыруу маселеси да талкууланат.

Евразия экономикалык комиссиянын маалымат кызматы билдиргендей, жыйынга катышуудан тышкары Биримдиктин өкмөт башчылары Белоруссия жетекчилиги менен жолугушат.

ЕЭК Кыргызстандын өнүктүрүү институтун түзүү демилгесин карап чыкты

Евразия экономикалык биримдиги 2015-жылы түзүлгөн. Бүгүнкү күндө анын курамында Кыргызстан, Армения, Белоруссия, Казакстан жана Россия мамлекеттери бар. Молдова байкоочу өлкө катары жыйындарына катышып келет. Мындан сырткары, Өзбекстан дагы ЕАЭБге байкоочу статусун алышы ыктымал.

2019-жылга карата ЕАЭБ калийи бар жер семирткичтерин өндүрүү боюнча дүйнөдө 1-орунда, ал эми газ жана мунай өндүрүү жагынан экинчи орунда турат.

240
Белгилер:
өкмөт башчы, көйгөй, жыйын, Минск, Евразиялык экономикалык биримдик
Тема боюнча
ЕЭК Кыргызстан, Казакстан жана ЕАЭБ ортосундагы көйгөйдү кантип чечет?

Булар менен дүйнө сыймыктанчу! Олимпиаданы багынткан 8 кыргыз спортчусу

459
(жаңыланган 14:06 15.07.2020)
40 жыл мурда кыргыз спортунда гүлдөгөн мезгил болгон. Кыргыз ССРинде туулуп-өскөн бир эмес сегиз адам дароо Олимпиада медалын тагынышкан. Унутулгус учурду эсиңиздерге салууну чечтик.

Советтик Кыргызстандан чыккан сегиз спортчу Москвадагы Олимпиадада кантип жеңишке жеткенин Sputnik агенттиги даярдаган видеоинфографикадан көрө аласыздар.

Жүрөк тилген видео! Аталардын Улуу Ата Мекендик согуштагы эрдиги

Кыргыз спортунун ошол кездеги жылдыздары Александр Мелентьев, Татьяна Колпакова, Каныбек Осмоналиев, Александр Блинов, Александр Панфилов, Николай Чернецкий, Сатымкул Жуманазаров, Александр Абушахметовдор эле.

Бардыгы биригип беш алтын, эки күмүш жана бир коло медаль алышкан. Кыргыз спортчуларынын арасында мындай ийгилик Олимпиадага чейин да, андан кийин да боло элек. Москвадагы спорт оюндары кыргыз спорту үчүн чындыгында чоң жетишкендик алып келген.

459
Белгилер:
жетишкендик, медаль, спорт, олимпиада, Москва, Кыргызстан
Тема:
Москвадагы Олимпиада-80
Тема боюнча
КМШ өлкөлөрүнүн биринчи спорттук турнирин сентябрда өткөрүү пландалууда
Китеп окуп жаткан адамдар. Архив

Мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө багытталган 18 аталыштагы китеп чыкты

0
(жаңыланган 12:55 14.08.2020)
Сегиз миңден ашык нускада басылып чыккан китептин жети аталышы ден соолугунан чектелген балдарга арналса, калгандары окуучу менен студенттерге ылайыкташкан.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлиги мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча улуттук программанын алкагында 18 аталыштагы китеп басып чыгарды. Бул тууралуу мекеме билдирди.

Ага ылайык, 8 409 нускада басылып чыккан китептин жети аталыштагысы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга арналган. Бир китеп мектепке ылайыкташкан болсо, калган он аталыштагы китеп орто жана жогорку кесиптик билим берүүгө багытталган.

Этникалык кыргыздар ЖОЖдон акысыз билим алат. Сынактын убактысы

Китептердин кол жазмаларын кабыл алууда кесиптик окуу жайлардын жана Билим берүү академиясынын, мындан сырткары, Окумуштуулар кеңешинин чечимдери эске алынганы белгиленди.

Китептер окуу жайларга бөлүштүрүлүп, аймактарга жеткирилип жатат.

0
Белгилер:
окуу жай, мектеп, китеп, Билим берүү жана илим министрлиги
Тема боюнча
Быйыл кайсы класстар мектепте окушу мүмкүн. Министрликтин жообу