Кыргызстанда суроо-талап күч пластикалык операциялардын рейтинги

706
(жаңыланган 15:55 10.10.2019)
Sputnik агенттиги өлкөдө кайсы пластикалык операцияларга талап жогору экендигин билди. Ошондой эле сырткы келбетти өзгөртүү боюнча процедуралар канча турарын сураштырды. Маалыматтар ачык булактардан алынды.

Пластикалык хирургия менен алектенген клиникалардын сайтында популярдуу операциялардын сап башында блефаропластика — сурманын формасын өзгөртүү экендиги жазылган. Анын баасы 300-600 доллардын тегереги, бардыгы дарыгердин талабынан көз каранды. Хирургдардын айтымында, теринин тигиши калыбына келгенден кийин көз бакыракай болуп калат.

Өлкөдө гана эмес, дүйнө жүзүндө талап жогору процедуралардын бири — бычак тийгизбей эринди чоңойтуу. Оозго лидокаин же сездирбөөчү каражаттарды сүйкөгөнү менен ооруксунтары айтылат. Мындай эринди чоңойткон процедура 7 миңден 15 миң сомго чейин айланат.

Ээгин келишимдүү кылам дегендер дагы операция кылат. Алардын жаагынын алдына чогулган майларды алышат. Процедура 300 доллардан кем эмес акча.

Сулуулук процедураларынын кандай гана түрү чыкпасын, төштү чоңойтуу операциясы популярдуулугун жоготпой келет. Бишкектин клиникаларында ал 2 миң доллардан ашык турат. Операция наркоз менен жасалат, организмдин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен калыбына келүү убактысы 8-12 жума болуп эсептелинет.

Дагы бир көп кайрылган операциялардын бири - абдоминопластика. Мында курсактагы май катмарлары менен ашыкча тери алынат. Процедурадан кийинки тырык убакыттын өтүшү менен билинбей калат. Наркы — 250 доллардан жогору.

706
Белгилер:
пластикалык хирургия, баа, рейтинг, операция, Кыргызстан
Тема боюнча
Сагынбаева: Бишкекте эстетикалык медицина кызматынын баасы арзан
Өзүн атып алган кызга донордун жүзүн салып... Кыргызстандык хирургдун баяны
Ой менен башкарылчу биопротезди жасап бүттүк. Микрохирург менен маек

Бишкектеги батирлер канча турат? Ноябрь айындагы баалар

169
Окурманга ыңгайлуу болушу үчүн биз бир, эки жана үч бөлмөлүү турак жайлардын ар кандай түрүнүн орточо наркын көрсөттүк.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги ай сайын Бишкек шаарындагы 104, 105, 106-сериялардагы, "хрущевка" жана жеке типтеги батирлердин сатылган бааларына байкоо жүргүзүп келет.

Бул материалды даярдоодо 3 891 жарыя иликтөөгө алынган. Ачык маалыматтардагы бааларга ылайык, бир бөлмөлүү батирдин орточо наркы ноябрь айында төмөнкүнү көрсөттү:

  • 104-серия — 30 200 доллар (23 000ден 35 500 долларга чейин);
  • 105-серия— 29 300 (21 500дөн 40 000ге чейин);
  • 106-серия —32 500 (23 500дөн 44 000ге чейин);
  • "хрущевкалар" — 26 600 (21 500дөн 36 500гө чейин);
  • жеке типтеги батирлер — 29 200 (14 000ден 56 500гө чейин).

Эки бөлмөлүү батирлердин орточо наркы:

  • 104-серия — 36 500 доллар (29 000ден 46 000 долларга чейин);
  • 105-серия— 42 000 (30 000ден 54 500гө чейин);
  • 106-серия — 44 000 (27 500дөн 65 500гө чейин);
  • "хрущевкалар" — 33 600 (26 500дөн 48 500гө чейин);
  • жеке типтеги батирлер — 41 300 (18 500дөн 90 000ге чейин).

Үч бөлмөлүү батирлердин орточо наркы:

  • 104-серия — 44 300 доллар (35 000ден 61 500 долларга чейин);
  • 105-серия— 53 100 (32 500дөн 86 500гө чейин);
  • 106-серия — 56 500 (39 500дөн 76 500гө чейин);
  • "хрущевкалар" — 41 200 (27 500дөн 51 500гө чейин);
  • жеке типтеги батирлер — 56 300 (27 500дөн 157 000ге чейин).
169
Белгилер:
нарк, сатуу-сатып алуу, сатуу, батир, турак-жай, Бишкек, Кыргызстан
Тема боюнча
Бишкек менен Ошто ижарага берилчү батирлердин ушул аптадагы баасы. Инфографика

Евронун өсүшү менен Кыргызстанда кымбаттай турган 10 товар. Тизме

326
КРде ноябрда евронун баасы 100 сомдон ашты. Декабрда да анын наркы өсүүсүн токтото элек. Мунун Европа мамлекеттеринен келген товарлардын баасына кандай таасир этерин Sputnik инфографикасынан көрүңүз.
Валюта рыногундагы олку-солкулуктан КРде Европа товарлары кандай кымбаттайт

3-декабрь эртең менен бир евронун баасы 102,17 сом болду. Валюта рыногундагы олку-солкулуктан КРде Европа товарлары кандай кымбатташы мүмкүн. Бул тууралуу Sputnik редакциясынын журналисттери Улуттук статистика комитетиндеги маалыматты карап иликтеп көрдү.

Ал үчүн Кыргызстанга алып келинген товарлардын эң популярдуу 10 түрү көрсөтүлдү. Материалга товардын республикага алып киргендеги дүң баасы берилди.

Европадан Кыргызстанга дары-дармек көп алып келинет. Ушул жылдын тогуз ай ичинде эле 24 миллион еврого товар кирген. Мурда анын килограммына 5,3 миң сом төлөнсө, эми бул көрсөткүч 6 641 сомго жетет.

Ошондой эле биз санаган ондукка тамакка жана башка нерселерге ароматизаторлор, өндүрүштө колдонулган заттар, медициналык жабдуулар, нефть азыктары, жеңил автокөлүктөр, автоунаа жана жабдуулардын бөлүктөрү, вакцина, кан сывороткалары жана кан кирет.

326
Белгилер:
импорт, евро, Европа, Кыргызстан
Тема боюнча
Улуттук банк доллар курсун ооздуктоо үчүн 3 күн катары менен интервенция жасады
Өлкөдө жыл башынан бери кымбаттаган жана арзандаган азыктардын тизмеси
Кыргызстандын экономика министри Санжар Мукамбетов. Архив

Мукамбетов: Кытай Кыргызстан Өзбекстан темир жолу ЕАЭБде жаңы рынокторду ачат

0
Министр темир жолду куруу иштерине кызыкдар мамлекеттер гана эмес, ЕАЭБдин структуралары анын ичинде банк жана башка өнүктүрүү институттары да катышуусу керек деп эсептейт.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу ЕАЭБде жаңы рынокторду ачат. Бул тууралуу Кыргызстандын экономика министри Санжар Мукамбетов билдирди.

4-декабрда Евразия өнүктүрүү банкы тарабынан уюштурулган биринчи Евразия конгресси өттү.

Форумдун алкагында министр Sputnik Кыргызстан агенттигине Кыргызстандын ЕАЭБдеги артыкчылыктарын айтып берди.

"Биз ЕАЭБдин түштүк чек арасында жайгашканбыз. Кыргызстан аркылуу Кытай, Индия жана Пакистанга жол ачылат. Тилекке каршы, бул ири рыноктор Кыргызстан тарабынан колдонулбай жатат. Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу курулса ЕАЭБге көп пайда алып келмек", — деди Мукамбетов.

Анын айтымында, бул ири долбоор көп жылдардан бери ишке ашпай келе жатат.

"Кыймыл бар. Жолдун узундугу, казылуучу тоннелдердин саны, калктуу конуштарды аралап өтүүчү участоктор талкууланып жатат. Бирок бул маселеде саясий чечим талап кылынат. Ошондой эле бул долбоорго кызыкдар мамлекеттер гана эмес, ЕАЭБдин структуралары анын ичинде банк жана башка өнүктүрүү институттары да катышуусу керек", — деди министр.

Кытай менен байланыштыра турган аталган темир жол долбоору 20 жылга чукул убакыттан бери талкууланып келе жатат. Маршруттун бир нече варианттары каралган. Алардын ичинен Кытайдан Кыргызстан, Өзбекстан аркылуу Түркмөнстанга өтүп, андан ары Иранга чыгуу да пландалган.

0
Белгилер:
министр, Өзбекстан, Кытай, Кыргызстан, темир жол, Евразиялык экономикалык биримдик
Тема:
ЕАЭБдеги Кыргызстан
Тема боюнча
Жээнбеков: Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун курууга Россия да кызыкдар
Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу: кандай сүйлөшүүлөр болуп жатат