Кыргызстандын кайсы шаарында ажырашуулар көп болот? Рейтинг

Жазылуу
Ведомствонун маалыматына караганда, тизмедеги биринчи орунда Ноокат шаары турат. Ал эми эң бекем үй-бүлөлөр Көк-Жаңгакта жашайт.

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Кыргызстандын кайсы жеринде ажырашуулар көп экенин билүү үчүн Sputnik агенттиги КРдин Улуттук статистика комитетинин маалыматтарын иликтеп көрдү.

Ар бир ажырашуу каттоодон өткөн 100 никеге эсептелген.

Офис кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Аялдар тынч жашай алган өлкөлөр аталды. Кыргызстан канчанчы орунда

Ведомствонун маалыматына караганда, бул рейтингде биринчи орунда Ноокат шаары турат. Ал жакта 2018-жылы 100 никеге 453 ажырашуу туура келген. Экинчи орунду Кара-Суу ээлеген, мында үйлөнгөндөргө караганда ажырашкандардын саны үч эсе көп. Лидерлер үчилтигин Кемин жыйынтыктады.

Бишкек 15-орунда турат. Борбордо 100 никенин 28и максатына жетпейт. Ошто бул көрсөткүч бир аз төмөнүрөөк — 100 никеде 23 ажырашуу.

Эң бекем үй-бүлөлөр Көк-Жаңгакта. Бул шаарда 100 никеде болгону 15 бүлө бузулат.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0