Сиз менен бир чөйрөдө канча кыргызстандык иштейт? Инфографика

Жазылуу
Саламаттык сактоо жана социалдык тейлөө тармагында иштегендердин саны мамлекеттик башкаруу багытында эмгектенген адамдардай эле экенин билчү белеңиз? Эмгек структурасындагы ушул жана башка кызыктуу фактылар тууралуу Sputnik даярдаган инфографикадан билүүгө болот.

Кыргызстандыктар кайсы тармакта көбүрөөк иштей турганын Улуттук статистикалык комитеттин адистери эсептеп чыккан.

Кыргызстан калкынын этникалык курамы - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда канча улуттун өкүлдөрү жашайт. Инфографика
Маалыматка ылайык, республикада 2 миллион 382 миң 500 адам иштейт. Анын 20га чукул пайызы айыл же токой чарбасында, ошондой эле балык чарбасында эмгектенет. Популярдуулугу боюнча экинчи орунда дүңүнөн жана чекене соода менен биргеликте мотоцикл жана автоунаа оңдогондор турат. Бул багытта жумуш менен камсыз болгон калктын 16 пайызы иштейт. Рейтингдин үчүнчү сабын 286 миң киши (12 пайыз) иштеген кайра иштетүү өндүрүшү ээлеген.

Кийинки эки орун элдин 10 пайызы иштеген курулуш жана 9 пайызы эмгектенген билим берүү тармагына таандык.

Ал эми мейманкана жана ресторан ишине 143 миң кыргызстандык тартылган. Андан беш эсе азы кен казуу багытында иштейт.

Мамлекеттик башкаруу тармагында 97,5 миң киши эмгектенет, саламаттык сактоо жана социалдык тейлөө жаатында иштегендердин саны болгону андан 300 кишиге көп.

16 миңден ашыгыраак кыргызстандык искусство, көңүл ачуу, эс алуу тармагына арнаган. Тогуз миңге жакын кишинин ишмердүүлүгү кыймылсыз мүлк операцияларына байланыштуу.

Баса, буга чейин Кыргызстанда сиз менен тең канча адам бар экенин да көрсөтүп бергенбиз.

Жаңылыктар түрмөгү
0