Кыргызстандын кайсы аймагында кургак учукка чалдыккандар көп? Карта

Жазылуу
Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун билдиргенине караганда, кургак учук ажал чакырган он илдеттин катарына кирет. Бул кооптуу оору боюнча Кыргызстанда абал кандай экенин инфографикадан көрүңүз.

2018-жылдын ичинде облустарда канча киши кургак учук жуктуруп алганын Улуттук статистика комитетинин адистери иликтеп чыкты. Ведомствонун маалыматына караганда, былтыр дарыгерлер бул ооруга биринчи жолу чалдыккан 5249 адамды каттоого алышкан.

Врач-невролог и физиотерапевт Бекташ Асанов - Sputnik Кыргызстан
Радио
Асанов: бел оорулары эпидемияга айланды
Кургак учукка кабылгандар эң көп Чүй облусунда жашайт, тагыраагы, 100 миң кишиге 123 оорулуу туш келет. Андан кийинки орундарда Бишкек жана Ош шаарлары турат.

Ош, Жалал-Абад, Нарын, Баткен жана Талас облустары дагы тизмеде бар. Кургак учук эң аз катталган аймак — Ысык-Көл. 100 миң адамга 49 учур.

Кыргызстандыктар бул ооруну эң көп жуктурган мезгил 2001-жылы болгон. Анда сегиз миңден ашуун адам ооруга алгачкы ирет кабылган. Акыркы жылдары, тескерисинче, оору мизин кайтарып бара жаткандай.

Былтыркы жылы аялдарга караганда эркектер көбүрөөк жуктурган. Бирок ооруп калгандардын басымдуу бөлүгү аял-эркегине карабай 18 жаштан 24 жашка чейинкилер.

Жаңылыктар түрмөгү
0