Жамааттык коопсуздук келишим уюму жөнүндө Sputnik Кыргызстан жасаган видеоинфографикадан маалымат алсаңыз болот.
Ага алты мамлекет: Кыргызстан, Армения, Белоруссия, Казакстан, Россия жана Тажикстан кирет. Бул өлкөлөрдө 194 миллион адам жашайт.
Жамааттык коопсуздук жаатындагы уюмду түзүү келишимине 27 жыл мурда, 1992-жылдын 15-майында, кол коюлган. ЖККУнун башкы максаты — аталган биримдикке кирген өлкөнү тышкы саясий агрессиядан, эл аралык террорчулуктан жана жаратылыш кырсыктарынан сактоо.Уюмда ар бир өлкөнүн добушу бар, бардык маселе же суроо консенсус менен чечилет. Союздаш мамлекеттер бири-бирине кыйын учурда жардамга келүүгө даяр.
"Эгерде уюмга мүчө мамлекеттер кайсы бир мамлекеттер тобунун агрессиясына кабылса, ал ЖККУга мүчө өлкөлөргө карата жасалган агрессия катары кабылданат", — деп айтылат Жамааттык коопсуздук боюнча түзүлгөн уюмдун келишиминин төртүнчү беренесинде.
ЖККУнун Борбор Азиядагы Тез арада аракетке келүүчү күчтөрү 10 батальондон жана 4000 аскерден турат.
Коркунуч жаралган учурда жардамга авиация келет: ЖККУнун аскердик учактары менен тик учактары Кыргызстандын Кант шаарына жакын аймакта жайгашкан аба базасында.
Баса, Турдакун Усубалиев боюнча жасалган видеоинфографиканы сөзсүз көрүңүз. Ал Кыргыз ССРин 25 жыл — чейрек кылым башкарган!
Sputnik Кыргызстан агенттиги ар бир ай сайын Бишкектеги батирлердин ижара акысы тууралуу жазып келет. Баалар тууралуу ачык маалымат булактарынан алып, өткөн айга салыштырып, окурмандарга сунуштайбыз.
Бул материалды даярдоодо 460 жарнама каралды. Февралда эмеректери бар батирлердин жана мейманкана тибиндеги батирлердин ижара акысын анализдеп чыктык.
Эмереги менен берилген эки бөлмөлүү батир бир топ эле кымбаттаган. 105-сериядагы эки бөлмөлүү баш калка үчүн орто эсеп менен 2000, ал эми "элиталыктары" үчүн 7 000 сомдун тегерегинде көтөрүлгөн.
Окурмандарга ыңгайлуу болушу үчүн ар кыл типтеги бир, эки, үч бөлмөлүү, 104, 105, 106-сериядагы, "элиталыктардын", "өзүнчө" типтегилер менен мейманкана тибиндеги батирлердин орточо ижара акысын жана баалардын диапазонун көрсөттүк.
Ачык маалымат булактарынан алып карай келгенде, эмереги бар бир бөлмөлүү батирлердин февраль айындагы орточо баасы төмөнкүдөй болду:
Эмереги бар эки бөлмөлүү батирлердин орточо баасы:
Эмереги бар үч бөлмөлүү батирлердин орточо баасы:
Sputnik Кыргызстан агенттиги курамында баалуу металлдар бар руда менен концентраттар кайсы мамлекеттерге кетип жаткандыгына кызыгып көрдү.
Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда концентрат менен жети, руда менен бир компания иш алып барат. Ал кен казган ишканалар алтын, күмүш, жез өңдүү баалуу металлдарды ылгап алуу үчүн Казакстан, Кытай, Түркияга ташыйт. Алар 2020-жылы өлкө аймагынан жалпы 226 миң 207 тоннадан ашык концентрат, руда чыгарышкан. Курамында 5 667 килограмм алтын, 11 тонна 304 килограммдан ашык күмүш жана 7343 тоннадан ашык жез болгон.
Ири көлөмдөгү концентрат, рудаларды "Вертекс Голд Компани", "Казминералз Бозымчак" жана "Алтынкен" жоопкерчилиги чектелген коому коңшу Казакстанга ташып кеткен. Мамлекеттик органдар муну кен казып иштеген чет элдик компаниялардын КРде баалуу металлдарды ылгап алуучу заводдору жок болгондугу менен түшүндүрөт.Эскерте кетсек, 2019-жылы КРден 73 миң 401 тоннадан ашык концентрат чыгарылган. Анда 5518 килограммдай алтын, 14 тонна 272 килограмм күмүш жана 9026 тоннадан ашык жез бар экени айтылган болчу.
Концентрат — бул рудага караганда зыяндуу компоненттери аз жана курамында баалуу металлы көп болгон байытылган продукт.
Кошумчалай кетсек, 2020-жылдын соңунда алтын кенин жана концентратты казып алуу, ошондой эле сатуу менен алектенгендердин киреше салыгы жогорулатылып, 2023-жылга чейин жети пайызга, ал эми андан кийинки жылдан тартып 10 пайызга көбөймөкчү болгон.
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Киевде спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча Украинанын чыгаан балбандарынын жана машыктыруучуларынын элесине арналган XXIV эл аралык мелдештин финалына чыкты. Жарым финалда ал өзбекстандык спортчу Раяна Абдурасулованы 10:0 эсебинде техникалык артыкчылык менен утуп алды.
Тыныбекова эртең алтын байге үчүн украиналык Илона Прокопевнюк менен беттешет.
Кыргызстандык балбан квалификациялык этапта Мариана Састинди (Венгрия), 1/8 финалда алжирлик Амэль Хаммичени 11:0 эсебинде утса, чейрек финалдагы атаандашы Наталья Кубатыны (Польша) далысын тийгизип, таза жеңишти камсыздаган.