Кыргызстанда бир жыл ичинде кымбаттаган 10 товар. Тизме

477
(жаңыланган 20:22 09.01.2020)
Баасы кымбаттаган 10 товардын катарына ата-энелер өзү жана балдары үчүн сатып алган төрт товар кирди.

Sputnik Кыргызстан агенттиги бир жыл ичинде азык-түлүккө кирбеген товарлардын кайсы түрү сезилээрлик кымбаттаганын билип көрдү. Тизме Улуттук статистика комитетинин маалыматтарынын негизинде түзүлдү.

Рейтингдин биринчи сабына балдардын коляскасы илинди. Бөбөктөр үчүн керектүү бул каражат бир жыл ичинде миңден ашык сомго жогорулаган (28 пайыз). 2018-жылдын ноябрь айында кыргызстандыктар колясканы 3 906 сомго сатып ала алса, 2019-жылдын ноябрында бул буюмдун баасы 4 995 сомду түзгөн.

Булгаарыдан жасалган аялдардын шиш такасынын баасы 23 пайызга жогорулаган. Бут кийимдин баасы орто эсеп менен алганда 500 сомго кымбаттаган.

Үчүнчү сапта феноксиметилпенициллин антибиотиги турат. Мурда анын 10 таблеткасы 32 сомдон сатылса, 2019-жылдын ноябрында 37 сом болгон. Адамдар бул антибиотикти инфекциялык оорулардан, мисалы, ангина же бронхиттен арылуу үчүн колдонушат.

Баасы кымбаттаган башка товарлардын тизмесин инфографикадан караңыздар.

477
Белгилер:
оюнчук, баа, товар, Кыргызстан
Тема боюнча
Үйдүн эң арзаны кайда сатылат? Кыргызстандыктар үчүн рейтинг
ЕАЭБде сатылган Кыргызстандын эң кымбат 5 азыгы
Кыргызстандын кайсы жеринде арзан бензин сатылат. Шаар, айылдардын рейтинги