Кыргызстанга автоунаа кайсы өлкөлөрдөн кирет. Акыркы 5 жылдагы рейтинг

929
2015-жылдын башынан 2019-жылдын декабрь айына чейин КРде 139 миңден ашык унаа каттоого алынган. Алар кайсы өлкөлөрдөн алып келингенин Sputnik Кыргызстан агенттигинин инфографикасынан караңыздар.

"Унаа" мамлекеттик ишканасы акыркы беш жыл аралыгында Кыргызстанга кайсы өлкөлөрдөн унаалар киргени тууралуу маалымат берди. Белгилей кетсек, сөз Кыргызстандын аймагында алгачкы каттоодон өткөн жеңил унаалар жөнүндө болуп жатат.

2015-жылы каттоого алынган унаалардын дээрлик жарымы Япониядан келген. Күн чыгыш өлкөсүнөн кирген 13 640 унаа учетко коюлган. Эске салсак, ошол эле жылы Кыргызстанга оң рулдуу унааларды алып кирүүгө тыюу салынган болчу, каттоонун акыркы күнү 3-июнга туура келген.

Беш жыл мурда экинчи орунда Литва турган. Ал жактан республикага беш миңден ашык унаа алып келинген. Алдыңкы үчтүккө АКШ кирди. 2015-жылы Америкадан келген эки миң унаа алгачкы каттоодон өткөн.

2016-жылы кырдаал кыйла өзгөрдү: алгачкы каттоодон өткөн унаалардын саны дээрлик эки эсеге кыскарган (12 миңден ашык). Кыргызстанга унаа кирген өлкөлөрдүн арасынан биринчи сапка Россия чыкты. Каттоого алынган автолордун көбү ушул мамлекетке туура келген. Ошол эле учурда Казакстан менен Литвадан дээрлик бирдей сандагы унаа кирген: алгачкы каттоодон 915 жана 905 унаа өткөрүлгөн.

Алдыңкы үчтүк 2017-жылы өзгөргөн эмес, өлкөгө 17 миңден ашык унаа кирген. Алардын көбү Россиядан келгени айтылды.

2018-жылы Кыргызстанга кирген унаалардын саны өстү. Мурдагы жылга салыштырмалуу алгачкы каттоодон өткөн унаалардын саны эки эсеге көбөйгөн. Рейтингде лидерликти Россия сактаса, экинчи орунга Литва, үчүнчүгө Корея Республикасы илинген. Ошол жылы КРге Грузиядан дагы унаалар келе баштаган.

Белгилей кетсек, 2018-жылдын жай айларында Кыргызстанда үчүнчү өлкөлөрдөн келген унаалардын пошлинасы арзандаган. Жеңилдетилген тариф 2019-жылдын 31-декабрына чейин созулду. 2019-жылдын 11 айында республикада 49 миңден ашык унаа каттоого алынган.

Алардын дээрлик 25 миңи Россиядан, 7000ден ашыгы Корея Республикасынан, беш миңи Литвадан кирген. Төртүнчү жана бешинчи орунду Грузия (4051) жана АКШ (2816) ээледи.

Баса, буга чейин Кыргызстанда эл көп алган унаалардын үлгүсү, баасы, жылы, куйган майы тууралуу инфографика даярдаган болчубуз.

929
Белгилер:
каттоо, унаа, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргызстандын кайсы жеринде жол кырсыктар көп болот. Статистика
Кыргызстанга унаалар кайдан келет: машина импортунун тарыхы

Шайлоодо ат салышчу партиялардын талапкерлери. Толук тизме

758
(жаңыланган 12:08 18.09.2020)
Октябрь айында болчу Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого жалпысынан 16 саясий партия, алардын катарында 2 миңдей талапкер катышат. Тизмесин толугу менен Sputnik Кыргызстан даярдаган материалдан көрө аласыз.

4-октябрга белгиленген парламенттик шайлоого аттанган партиялардын тизмесин бир нече күн мурда Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия расмий сайтына жарыялаган.

Окурмандарга ыңгайлуу болушу үчүн Sputnik редакциясы бардык партияларды бир материалга чогултуп, бюллетендеги номерлерине жараша жайгаштырды. Ар бир талапкердин атынын жанында туулган жылы жана кызмат орду боюнча маалымат көрсөтүлгөн.

Баса, тизмеде шайлоо алдында мурдагы партиясына кол шилтеп, тагдырын башкага байлаган депутаттар дагы бар. Кыскасы, азыркы депутаттардын 84ү кайрадан шайлоого бара жатканын көрүүгө болот.

Буга чейин жарышка аттанган партиялар тууралуу керектүү фактыларды даярдаганбыз.

Депутат болгусу келгендердин кандай кесипти аркалаганы, билими жана жаш курагы сыяктуулар кызыктырса, бул материалга баш багыңыз.

758
Белгилер:
тизме, саясий партиялар, талапкер, шайлоо, Жогорку Кеңеш
Тема:
Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер — 2020
Тема боюнча
Депутат башында жаш келиндей. ЖКнын маалымат кызматынын жетекчисинин баяны
Түркия Кыргызстандагы парламенттик шайлоого 100 миң доллар бермей болду

Ижара акысы канча? Бишкек менен Ошто батир издегендер үчүн маалымат

126
(жаңыланган 16:36 17.09.2020)
Бул жумада борбор калаа Бишкекте эмереги бар бир бөлмөлүү батирдин ижара акысы 9 миңден 20 миңге чейин бааланса, Ошто 10-16 миңге чейин берилип жатат.

Sputnik Кыргызстан ар бейшемби сайын Бишкек менен Ош шаарларында турак жайдын ижара акысы кандай болуп жатканына көз салат. Баалар ачык маалымат булактарынан алынат.

Кыргызстанда там салуу канча турат? Инфографика

Учурда Бишкекте эмереги жок бир бөлмөлүү батирге 7-12 миң сом төлөп, ал эми эмереги бар батирге 9-20 миң төгүп жашаса болот. Ушул батирлерди тез арада берем деп жарнама кылгандар көп болуп, баалары дагы кыйла төмөндөгөнү байкалды. Маселен, эки бөлмөлүү батирлердин ижара акысы 10 миңден 21 миңге чейин деп турду. Ал эми үч бөлмөлүү батирлердин ижара наркы 14-40 миң сомго бааланды.

Ош шаарында жалгыз бөлмөлүү батирлерге 8 миңден 16 миң сомго чейин төлөп жашаса болот. Эмереги менен 10 миң сомдон башталды. Кызыгы, түштүк тарапта дагы эки бөлмөлүү батирлердин баасы арзандай түшкөн. Бул жумада беш миңден өйдө табууга мүмкүн. Үч бөлмөсү бар батирди 7 миңден 30 миңге чейин ижарага берип жатышканы маалым болду.

126
Белгилер:
бөлмө, батир, ижара, Ош, Бишкек, Кыргызстан
Тема боюнча
Бишкек менен Ошто батирлердин ижара акысы кандай өзгөрдү? Саресеп
Беляев: балдар үйүнөн чыккандар батир алыш үчүн өмүр бою кезекте турат
Бир рубль монетасы жана долларлык монета жана купюрасы. Архив

Россияда доллардын баасы кескин кымбаттап кетти

0
(жаңыланган 00:14 24.09.2020)
Доллардын сомго карата баасы сезилерлик өзгөргөн жок. Анткен менен Россия акчасынын наркы түшүп кетиши, доллардын Кыргызстандагы баасына таасир этип койгон учурлар көп.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Россияда апрель айынан бери биринчи жолу доллар 77 рублге чыгып, кескин кымбаттады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Москва биржасынын маалыматына караганда, бир доллар Бишкек убактысы боюнча саат 20:24тө 77,07 рублди түздү (96 тыйынга кымбаттады). Ал эми евро 80 тыйынга кымбаттап, 89,93 рубль болду.

Белгилей кетсек, доллардын сомго карата баасы сезилерлик өзгөргөн жок. Анткен менен Россия акчасынын наркы түшүп кетиши, доллардын Кыргызстандагы баасына таасир этип койгон учурлар көп.

0
Белгилер:
баа, доллар, Россия
Тема боюнча
Россияда евронун баасы рекорддук көрсөткүчкө жетти. Кыргызстанда абал кандай?