Кыргызстанда автоунааны каттатуу 2020-жылы канча турат? Калькулятор

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүАвтомобильные пробки на Новорижском шоссе
Автомобильные пробки на Новорижском шоссе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда 2020-жылы автоунааны каттоо жана кайрадан каттоо канча турарын Sputnik Кыргызстандын жасаган ыңгайлуу калькуляторунан көрө аласыз.

Мамлекеттик каттоо кызматы автоунааларды каттоо жана кайра каттоо канча турарын кабарлаган.

Анда көрсөткүч былтыркы жылдагыдай эле калган: транспортту биринчи жолу каттоодо алынуучу жыйым, бекитилген торчо менен 5 пайыз, ал эми кайра каттоодо 0,3 пайыз көрсөткүчтү түзөт.

Андагы маалыматтардын негизинде 2020-жылы автоунааны каттоо жана кайра каттоо канча турарын эсептеп берген калькулятор даярдадык.

Ал үчүн автоунаанын чыккан өлкөсүн, жылын, кыймылдаткычынын көлөмүн куб сантиметр менен жазыш керек.

Эгерде автоунаа гибрид болсо, аны тиешелүү жерге чымчыкча менен белгилеш керек.

Электромобилдер салыктан бошотулган.

Кыргызстанга кайсы өлкөлөрдөн унаалар алып келинет - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанга автоунаа кайсы өлкөлөрдөн кирет. Акыркы 5 жылдагы рейтинг
Бул жерде ири автоунааларды — жүк ташыгандарын жана автобустарды, квадроциклдерди, трициклдерди, мотоциклдерди жана скутерлерди каттоону эсептеп алса болот. Ал үчүн графанын менюсундагы "Транспорттун тиби" деген жерди тандаш керек.

Эске салсак, 2018-жылдын жай айында кайра каттоонун акчасын арзандатышкан: мурда белгиленген тарифтик торчодогу орточо баанын бир пайызын түзүп келген.

Ал арада Мамлекеттик каттоо кызматы автоунаалардын ээлерин кылчактабай "Унаа" мамлекеттик мекемесинен каттоодон өткөрүп жана сатуу-сатып алуусун документтештирүүсүн айтып келет. Процедуранун автокөлүктү ишеним кат менен айдап жүргөндө кездешүүчү маселеден арылтаары айтылды.

Sputnik Кыргызстан 2020-жылдан баштап сиз ала турган автоунаа канчага сатылышы мүмкүн экендигин эсептеп берген калькулятор жасаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0