Тоо лыжа базасында ар бир адамдын күч-кубат алып, болбосо жөн гана эс алып, жаратылыштан ырахат алуу мүмкүнчүлүгү бар. Сиздер Кыргызстандагы мындай эс алуучу жайларды салыштырып, тандап алышыңыздар үчүн биз "Ак-Таш", ЗИЛ, "Каракол", "Кашка-Суу", "Орловка", "Оруу-Сай", "Политех", "Тогуз-Булак", "Төө-Ашуу", "Чоң-Таш", "Чуңкурчак", "Ski-Татыр" жана "Ак-Түз" болуп бардыгы 13 базанын инфографикасын даярдадык.
Бишкекке эң жакыны "Чоң-Таш" базасы. Борбордон 20 чакырым алыс. Ал эми эң бийиги — "Төө Ашуу". Ал деңиз деңгээлинен 3000 метр бийиктикте жайгашкан.
"Ski-Татыр", "Политех", "Чоң-Таш" жана "Ак-Түз" базаларында мейманкана жок. 2020-жылы "Орловка" базасында эң кымбат жана арзан эки кишилүү номерлер 6000 жана 1200 сом турары айтылды.
Базаларда ар кандай татаалдыктагы муз тебүү жолдору — "кичкинтайдан" баштап (кичине балдар жана үйрөнчүктөр үчүн) фрирайддарга чейин бар. Профессионалдар үчүн эң узун жол "Чуңкурчак" базасында (10 миң метр), ал эми үйрөнчүктөр үчүн "Ак-Таш" базасында (1600) жайгашкан. Тоодон түшчү кыска жол "Оруу-Сайда" (850 метр), ал эми үйрөнчүктөр үчүн "Караколдо" (400) бар."Ак-Түз" (азыркы мезгилдеги жаңы база), "Кашка-Суу" жана "Ski-Татыр" базаларында отургуч жана аркан менен көтөрүлүү түрү кездешет.
Кол менен саноонун жыйынтыгын Борбордук шайлоо комиссиясы жарыялады. Бирок бул акыркы бүтүм болуп эсептелбейт.
Жаңы Конституцияны кабыл алуу боюнча референдум менен кошо жергиликтүү кеңешти шайлоо болуп өттү. Анда жалпысынан 3,6 миллион кыргызстандык добуш берүү укугуна ээ болду.
Баш мыйзамдын долбоору боюнча президент күчтөнөт, аткаруу бийлигин жетектейт жана беш жылдан эки мөөнөткө шайлана алат. Премьер-министр "оюндан чыгат", анын ордуна ыйгарым укуктардын кыйла жупуну тизмеси менен өкмөт башчысы келет.ЖК депутаттарынын саны 120дан 90го кыскарат.
Мындан тышкары, жаңы долбоорго ылайык Элдик курултай түзүлөт. Аны чакыруу укугу президентке таандык, башкача айтканда, мамлекет башчынын демилгеси менен курултайга чогулушат.
Элдик курултай аймактык, кесиптик, коомдук-саясий, этномаданий, конфессиялык жана илимий коомчулуктун өкүлдөрүнөн түзүлөт. Алар курултайдын төрагасынын, президенттин, Жогорку Кеңештин төрагасынын отчётторун угат. Мамлекеттин ички жана тышкы саясатынын негизги багыттары боюнча президентке сунуштарды киргизет.
Бул күтүлүп жаткан өзгөрүүлөрдүн азыраак гана бөлүгү. Биз негизги айырмачылыктарды бир макалага топтогонбуз.
Sputnik Кыргызстан төмөнкү инфографикада 65 депутаттын мандатын тапшырууга эмне себеп болгонун түшүндүрүп бермекчи.
2015-жылкы парламенттик шайлоодо алты партия утуп чыккан. Эң көп добуш алганы — 38, арты 11 мандатка ээ болгон.
КСДПнын 38 мандаты бар, бирок ушул кезге чейин партиянын 52 мүчөсү депутат болууга жетишти. Көпчүлүк партия тизмесинин №100 катарында турган талапкерге мандат жетпейт деп ойлошу мүмкүн. Бирок муну "Республика — Ата-Журттун" мүчөсү Айгерим Бешимбаева четке кагат. Себеби ал №103 болуп турганына карабай былтыр депутат болуп келген. Негизи бул партия 28 мандатка ээ, учурда 39 мүчөсү депутат болду.
Депутат болуу кезеги партия тизмесинин 100-катарына тургандарга чейин жетип калышы мүчөлөрүнүн саясий уюмдан чыгып кеткенине байланыштуу. Кызыгы, "Республика — Ата Журт", "Кыргызстан" партияларынан талапкерлигин койгондор шайлоодон кийин эле ыргыган.
2015-жылдан бери 11 депутатка кылмыш иши козголгон. Кээ бирлериники сотко жетпей бүтсө, айрымдары кайра акталган. Ал эми беш депутат соттолуп кетти.
Октябрдагы башаламандыкта шайлангандарды кошкондо учурдагы спикер VI чакырылыштын алтынчы төрагасы. Ал эми сегиз депутат вице-спикер болууга жетишти. Башкача айтканда ар бир фракциядан бирден, "Кыргызстан" менен КСДПдан эки жолудан шайланган.
Алты жылга жетпеген убакытта алты киши депутаттыктан кетип вице-премьер кызматына дайындалды. "Өнүгүү — Прогресс" менен "Ата Мекен" эле вице-времьер чыгара алган эмес.
Депутаттыктан өкмөттүн мүчөлүгүнө же мамлекеттик ишканалардын жетекчилигине кеткендердин саны 20га жетет. Буга мисал катары башкы прокурор Курманкул Зулушевди, тышкы иштер министри Руслан Казакбаевди, Мамлекеттик мүлк фондунун директору Мирлан Бакировду, президенттин аппаратынын стратегиялык өнүктүрүү саясаты, экономика жана финансы бөлүмүнүн жетекчиси Искендер Гайпкуловду, Кыргызстандын Россиядагы элчиси Гүлнара-Клара Саматты айтууга болот.Кээ бирлери партиянын ич ара чыр-чатагынан улам же өз ыктыяры менен мандатын тапшырып берген.
Төрт депутат көз жумган. Алар: Алмазбек Акматов, Чыныбай Турсунбеков, Жыргалбек Калмаматов, Улан Чолпонбаев.
Жогорку Кеңештин депутаты болууга кызыккандар эмнеге арбын? Муну ар тараптан караса болот. Алардын бири төмөндөгүдөй кепилдиктер болушу мүмкүн:
Социалдык пакеттер:
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Белгилүү ортопед Сабырбек Жумабеков Россиянын Илимдер академиясынын чет элдик мүчөсү болуп шайланды. Бул тууралуу маалыматты дарыгер өзү тастыктады.
Анын айтымында, академияга мүчө болуп 2019-жылы ноябрда шайланып, 2020-жылы салтанаттуу иш-чарага катышып дипломун алмак. Бирок пандемияга байланыштуу эми гана учуру келип жатканын билдирди.
"Азыр Москвада жүрөм. Дипломду атайын салтанаттуу түрдө тапшырууга чакырышкан. Бир жарым жыл мурун жабык добуш берүү аркылуу шайланып, сессияларына катышып келдим", — деди Жумабеков.
Ал ошондой эле иш-чарага РФтин Илимдер академиясынын дагы бир чет элдик мүчөсү болгон Аскар Акаев да катышып, куттуктап кеткенин кошумчалады.
Жумабеков Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун жетекчиси. Медицина илимдеринин доктору, академик, бир катар сыйлык менен наамдардын ээси.