Коронавирус ааламга кантип тарап жатат? Карта

Жазылуу
Жаңы типтеги коронавирус 17 өлкөгө жайылды. Оорудан Кытайда жашаган 100дөн ашык киши көз жумуп, аны менен миңдеген адам күрөшүп жатат.

Коронавирус дүйнөгө кантип тарап жатканын Sputnik агенттигинин интерактивдүү картасынан көрүңүздөр.

Города мира. Ош - Sputnik Кыргызстан
Ош шаарында коронавирусту алдын алуу максатында атайын штаб түзүлдү
Жон Хопкинс университетинин алдындагы Системалуу иликтөө жана инжиниринг борборунун маалыматы боюнча, 27-январга карата төрт жарым миңден ашык кишиге вирус жуккан.

Жалпысынан 100дөн ашуун адам көз жумган. Алардын бардыгы Кытайдын жашоочулары. Илдеттен 60тан көп бейтап айыгып чыкты.

Вирус 17 өлкөгө, анын ичинде Австралия, Вьетнам, Непал, Сингапур, АКШ, Таиланд, Франция, Түштүк Корея жана Японияга жетти. Кыргызстанда коронавирус менен жабыркагандар каттала элек.

Бүгүнкүн күндө оорунун дабасы табылбай жатат. Дарыгерлер вирустун алгачкы белгилери суук тийүү менен сасык тумоого окшош болорун айтып беришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0