Козу карындай көбөйгөн ишканалар. Кыргызстандагы рейтинг

206
(жаңыланган 18:06 11.02.2020)
Өткөн жылы болгону бир гана сферада ишканалардын саны азайган. Бул финансылык ортомчулук менен камсыздандырууга тиешелүү болду.

2020-жылдын башына карата Кыргызстанда 725ке жакын чарба субъектилери иштеп жатат. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматтарында айтылат. Өткөн жылдын ушул эле убактысына салыштырмалуу ишканалардын саны 2,5 пайызга өскөн.

Sputnik Кыргызстан агенттиги кайсы тармактарда ишканалар көп ачылганын билип көрүүнү чечти. Улуттук статистика комитетинин маалыматына таянуу менен 2019 жана 2020-жылдардын башындагы чарба субъектилеринин саны салыштырылып, өсүш пайыз менен көрсөтүлдү.

Маанилүү! Сөз ишканалар жана жеке ишкерлер тууралуу болуп жатат.

Биринчи орунга саламаттык сактоо жана калкка социалдык кызмат көрсөтүү тармагындагы уюмдар чыкты. Бир жыл ичинде алардын саны 14 пайызга өскөн. Эгер өткөн жылдын башында мындай ишканалардын саны 4,5 миңдей болсо, 2020-жылы 5 миңден ашкан.

Кийинки сапта кыргызстандыктарды электр энергиясы, газ, буу жана кондиционер менен камсыздаган ишканалар турат. Бир жылдын ичинде алардын саны дээрлик 10 пайызга өскөн.

Үчүнчү сапка жеке колдонуу үчүн кызматтарды жана товарларды чыгарган үй чарбачылыгы илинди.

Төртүнчү орунда суу менен камсыздоо, тазалоо, таштандыны иштетүү жана экинчи сырьёну алуу менен алектенген ишканалар турат. Пайдалуу кен казуу менен алектенгендер бешинчи сапта. Мындай ишканалардын саны 7 пайызга өскөн. Алдыңкы ондукка мындан башка мейманканалар менен ресторандар, билим берүү мекемелери жана башкалар кирди.

Ал эми финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу жаатындагы ишканалар бир пайызга төмөндөгөн.

206
Белгилер:
рейтинг, ишкана, экономика, Кыргызстан
Тема боюнча
Өлкөдөн жыл сайын тонналап алтын, күмүш, жез чыгарылат. Чоо-жайы
Кыргызстан кайберенин чет элдиктерге аттырып канча акча таап жатат? Инфографика