Топ-5. ЕАЭБде суроо-талап жогору болгон кыргыз товарлары

305
(жаңыланган 01:04 26.02.2020)
Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттогон аялдар көйнөгүнөн түшкөн киреше беш эсе көбөйгөнүн билесизби? Союздаш мамлекеттерде Кыргызстандын дагы кайсы товарлары популярдуу экенин биздин инфографикадан көрүңүз.

Былтыркы жылы Кыргызстан ЕАЭБге экспорттогон товарлардын көлөмү 621 миллион доллардан ашкан. Бул боюнча Евразия экономикалык коллегиясынын статистика департаментинин 2019-жылдын январь–декабры боюнча отчётунда айтылат.


Маалыматка караганда, ЕАЭБге эркектердин кийимин саткандан түшкөн акча жети эсеге, аялдардын көйнөгүнөн түшкөн акча беш эсеге өскөн.
Кыргыз жүзүмүнүн экспорту 4,3 эсеге көбөйүп, 7 миллион доллар алып келди. Картошка сатуу боюнча дагы жакшы көрсөткүчтөр (3,5 эсе) болду. Ошондой эле трикотаж майка менен фуфайкаларга суроо-талап жогору болду, тагыраагы, 2,6 миллион долларга сатылды.
Өткөн жылдын жыйынтыгы менен Кыргызстан ЕАЭБдин башка өлкөлөрү сыяктуу социалдык-экономикалык көрсөткүчтөр боюнча алдыга жылды.
Мисалы, өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү дээрлик жети пайызга өстү. Мындан тышкары, курулуш, товар айлантуу, айыл чарба продукциясын өстүрүү, инвестиция жана негизги капитал тармактары дагы артта калган жок.
Жалпы ЕАЭБ боюнча айта турган болсок, 2019-жылы өнөр жай өндүрүшү 1,2 триллион доллар киреше алып келип, 2018-жылкы көрсөткүчтөн 2,5 пайызга жогору болду. Мунун ичинен ири жетишкендик (63 пайыздан көбүрөөк) кайра иштетүү өнөр жайына таандык.
Бул менен катар агрардык өндүрүш тармагы мурдагы жылга салыштырмалуу 3,4 пайызга өсүп, 120 миллиард доллар алып келди. Кулак сүйүнткөн жыйынтыктар курулуш жаатында дагы байкалат. ЕАЭБ курамындагы өлкөлөр аймагында былтыр 98 миллион чарчы метр (2018-жылга салыштырмалуу 4,4 пайызга көп) турак жай колдонууга берилди.

305
Белгилер:
курулуш, соода, экономика, Евразиялык экономикалык биримдик, Кыргызстан