Автоунаа, витамин, окуучулардын кийими. Кыргызстанда арзандаган 10 товар

487
2020-жылдын эки айынын ичинде арзандаган товарлардын жарымын кийим-кече түзөт. Мындан тышкары, айдоочуларга дагы жакшы жаңылык бар.

Жыл башынан бери Кыргызстанда кайсы товарлар арзандаганын (азык-түлүктү кошпогондо) Sputnik агенттиги иликтеп көрдү. Рейтинг Улуттук статистика комитетинин 2019 жана 2020-жылдардагы маалыматын пайдалануу менен түзүлдү.

Баасы төмөндөгөн товарлардын сап башында балдардын шымы турат. Бир жыл мурда анын орточо баасы 1038 сом турса, бүгүнкү күндө каалоочулар 932 сомго ала алат.

Экинчи орунда минералсыз поливитаминдер, булар сегиз пайызга арзандап, азыр 56 сомдон сатылып жатат.

Негизи эле бул жылы бала-чакалуу үй-бүлөлөргө бир аз жеңилирээк болчудай. Анткени окуучу балдардын мектепке кийген ак көйнөгү жана тестиер кыздардын кийим-кечеси арзандаганы белгилүү болду.

Айдоочулар үчүн дагы жакшы жаңылык бар. Жыл башынан бери жеңил автоунаалардын баасы 820 долларга төмөндөсө, дөңгөлөктөр 2 811 сомдон 2 657 сомго түштү.

487
Белгилер:
статистика, баалар, базар, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргызстандыктарга мамлекеттик компаниялардын акциялары сатылат
Долларды кымбаттатпоо үчүн Улуттук банк 28 млн. доллар сатты