Кыргызстандын тарыхындагы кандуу күн. Апрель окуяларын баяндаган видео

856
(жаңыланган 16:09 06.04.2020)
2010-жылдын 7-апрели Кыргызстандын жашоосун өзгөрткөн күн. Апрель окуяларында 87 адамдын каны төгүлгөндөн кийин мамлекет башчы Курманбек Бакиев бийликтен кеткен.

Ал окуя кандай болгонун Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин видеоинфографикасынан көрүңүздөр.

2010-жылы 7-апрелдеги ыңкылаптын чыгышына бийликтегилердин электр энергиясы менен жылуулукка тарифти кескин көтөрүшкөнү себеп болгон.

“Ала-Тоо” аянтындагы кандуу окуялардан кийин президент Курманбек Бакиев кызматтан кетип, кийин сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылган.

Жалпысынан 2010-жылдагы апрель окуяларында 123 адам өмүрү менен кош айтышып, миңден ашуун киши жаракат алган. "Ала-Тоо" аянтында 87 адам көз жумса, 36сы кийин каза болгон.

7-апрель Кыргызстанда расмий түрдө Апрель революциясынын күнү болуп саналат. Быйыл өлкө Апрель элдик революциясынын 10 жылдык мааракесин өткөрмөк. Тийиштүү Жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон эле.

856
Белгилер:
Апрель окуялары, видео, революция, Курманбек Бакиев, Бишкек
Тема боюнча
"Ала-Тоо" аянтындагы Атамбаев менен Бакиев. Март окуясын эске салган 24 сүрөт

Кыргызстандагы айдоочулар тууралуу кызыктуу фактылар

175
Кыргызстанда рулга отурган эркектер менен аялдардын саны канча, кайсы курактагылар автоунаа айдоону үйрөнүүгө көбүрөөк кызыгат. Sputnik Кыргызстан дал ушул темада инфографика даярдады.

Кабарчылар Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматтарына анализ жүргүзүп, айдоочулук күбөлүктөр 2017-жылы көп берилгенин аныктады. Андан кийин 2018-жылы 131 666 күбөлүк берилсе, 2019-жылы эки эсе кыскарып, 70 393тү түзгөн.

Жалпысынан алганда учурда 1 миллион 622 миң 109 кыргызстандыктын айдоочулук күбөлүгү бар. Анын 17 пайызын аялдар түзөт.

175
Белгилер:
факты, айдоочу күбөлүгү, айдоочу, Кыргызстан
Тема боюнча
КРде айдоочулук күбөлүк арзандап, автоунааны каттоо жеңилдеди
ЕАЭБге убактылуу автоунаа алып кирүү мөөнөтү узартылды

Фашисттер кыргыздын чебер аткычын жок кылышкан. Согуш тууралуу 10 факт

1368
Кыргызстандыктардын согуш учурундагы жашоо-турмушу тууралуу тереңирээк билүү үчүн Sputnik агенттигинин кабарчылары эски гезиттерди барактады. Жыйынтыгында согуш жылдарындагы Кыргыз ССРи жөнүндө мурда белгисиз 10 факт топтолду.
Улуу Ата Мекендик согушка катышкан кыргызстандыктар тууралуу кызыктуу 10 факт

Согуш учурунда республика фронтко колдон келген нерселердин бардыгын жөнөтүп турган. Ал учурдагы каатчылык мурда оозго албай турган нерселерди жеп күн көрүүнү мажбурлаган.

Мисалы, гезиттер эти сасык арам өрдөктү кантип туура бышырса болору тууралуу жазышкан. Алакандай жер калтырбай, жада калса, мектептердин аянтын дагы айдап салышкан.

Республиканын ар бир төртүнчү жараны согушка кеткен. Алардын арасында Борбор Азиянын эң чебер аткычы Дүйшөнкул Шопоков болгон. Кийин ал СССРдин баатыры катары тарыхта калган. Салгылаш учурунда фашисттер ага колго түшүп берүүнү сунуштайт. Бирок Шопоков душмандарга ок менен жооп берип, өзүнө дагы ок тиет.

Кыргызстандыктардын Улуу Ата Мекендик согуш учурундагы турмушу тууралуу билүү үчүн Sputnik даярдаган видеоинфографиканы көрүңүздөр.

1368
Белгилер:
факты, Кыргызстан, Улуу Ата Мекендик согуш
Тема:
Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгы
Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков. Архивдик сүрөт

Дастан Жумабеков көк бөрүчү Кушчубай Илис уулуна автоунаа белек кылды. Видео

0
(жаңыланган 16:39 06.06.2020)
Спикер 2019-жылдагы мыкты көк бөрүчүлөрдүн бирине Volkswagen Vento үлгүсүндөгү автоунаа тартуулаган.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков "Ынтымак" командасынын улакчысы Кушчубай Илис уулуна автоунаа белек кылды. Бул туурасында спикер Instagram баракчасына жарыялады.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Дастанбек Джумабеков (@dastanbek_djumabekov_official)

Анда төрага 2019-жылдагы мыкты көк бөрүчүлөрдүн бири Илис уулуна Volkswagen Vento үлгүсүндөгү автоунаа тартуулаганы айтылат.

"Төрага Дастан Жумабеков эл аралык класстагы спорт чебери, жаш улакчыга ийгиликтерди жана жаңы жеңиштерди каалады", — деп жазылган.

Автокөлүктүн ачкычын Бишкекте Жогорку Кеңештин имаратынын жанында тапшырганын көрүүгө болот.

0
Белгилер:
белек, автоунаа, улакчы, Дастанбек Жумабеков
Тема боюнча
Германияга чейин барган. Төрага Жумабеков чоң атасы тууралуу айтып берген видео
Президент Аалы Туткучев баштаган сыймыктуу уул-кыздардын энелерин сыйлады. Сүрөт