Бишкекте кайсы уюм-ишкана кандай график менен иштөөдө. Керектүү карта

1246
(жаңыланган 13:25 13.04.2020)
25-марттан тарта Бишкекте жана бир катар аймактарда өзгөчө абал режими киргизилди. Sputnik Кыргызстан редакциясы борбор калаадагы уюмдар кандай тартипте иштеп жатканын карта менен көрсөтүүнү чечти.

Бишкекте ӨА режими киргизилгенден кийин компаниялар иш тартиби менен шарттарын өзгөрттү. Маселен, көп кафе жана ресторандар онлайн буюртма алып, Бишкектин туш тарабындагы үйлөргө тамак жеткирип калышты. Коронавирусту калың элге жайылтып жибербеш үчүн дүкөн, дарыкана жана ооруканага чыкканга гана уруксат берилди. Банктарга зарыл учурда гана барууга болот.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчылары шаардагы уюмдардын иши тууралуу маалыматтарды чогултту. Картаны колдонуу үчүн сизди кызыктырган категорияны басып туруп, чекесиндеги белгини ачсаңыз уюмдун иш тартиби, байланыш телефондору жана жайгашкан жерлери көрсөтүлөт. Картада жалпысынан сегиз категория бар: супермаркеттер, банктар, ооруканалар, аптекалар, мамлекеттик органдар, коммуналдык кызматтар, май куюучу жайлар, ошондой эле буюртма аркылуу тамак жеткирүү менен алектенип жаткан кафе, ресторан жана башка азыктануучу жайлар кирди.

Маанилүү эскертүүлөр

"Супермаркеттер" бөлүмүнө "Народный", "Фрунзе", Globus, "Алма" жана башка ири соода түйүндөрү кирди. Мурда дүкөндөрдүн көбү күнү-түнү иштесе, азыр коменданттык саатка байланыштуу кечке жуук жабылып жатышат. Айрымдар азык-түлүк, товарларды үйгө жеткирип берүү кызматын аркалашууда.

"Банктар" категориясында борбордук кеңселер гана көрсөтүлдү. Айрым банктардын иш графиги өзгөрүп кетиши мүмкүн, кээ бир банктык филиалдар такыр эле ишин токтотту. Картада алардын дареги менен иштөө тартиби көрсөтүлдү. Тагыраагы, кээ бир бөлүмдөр кеч ачылып же эрте жабылышы ыктымал. Дээрлик көбүндө түштөнүү убактысы 12:00дөн 13:00гө чейин. Бирок азыркы кырдаалга жараша башкача болушу да мүмкүн. Банкка барарда көрсөтүлгөн номерлер аркылуу тактап алсаңыз туура болот.

"Ооруканалар бөлүмүндө" медициналык борборлор менен бейтапканалар бар. Соңку убакта дарыгерлер күнү-түнү иштеп жатат.

"Дарыкана" категориясына шаардагы ири дарыкана түйүндөрүн көрүүгө болот. Керектүү препараттарды номерлер аркылуу билүү мүмкүн.

"Тамак-аш жайлары" бөлүмүнө үйгө жеткирүү кызматын көрсөткөн кафе жана ресторандар киргизилди. Көпчүлүк тамак-аш жайларында "өзү алып кетүү" опциясы бар. Дагы бири жеткирүү кызматын өздөрү уюштурат же "жеткирүү кызматтары" менен иштешет. Мекемелердин заказ алуу убактысы ар башка жана өзгөрүп турушу мүмкүн. Ошондуктан көрсөтүлгөн байланыш номерлер аркылуу тактап алууну сунуштайбыз.

Эгер сиздин үйгө тамак жеткирген кафеңиз картада көрсөтүлбөй калган болсо, бизге Telegram же WhatsApp аркылуу кабарлаңыз.

Эгер сиз иштеткен жайда кандайдыр бир өзгөрүүлөр болсо (0706) 56-65-44 номери аркылуу жазып койсоңуз болот. Биз өз учурунда картадагы маалыматты жаңыртып коёбуз.

Эгер сиздин кафеңиз да тамак жеткирүү менен алектенип, бирок картага кирбей калган болсо, бизге Telegram же WhatsApp аркылуу байланышыңыз.

1246
Белгилер:
дарек, номер, мамлекеттик орган, дарыкана, оорукана, ресторан, кафе, банк, график, өзгөчө абал, Бишкек, Кыргызстан
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар (1374)
Тема боюнча
Орозалиев Алмазбек Кыдырмаевич — өмүр баяны
Чүй: жардамга муктаж болгондорго азык-түлүк берилет. Телефондор
Кыргызстанда жазгы мөөнөттөгү аскерге чакыруу токтотулду

Бишкек менен Ошто ижарага берилчү батирлердин ушул аптадагы баасы. Инфографика

126
Бул жумада борбордогу эмереги менен берилүүчү бир бөлмөлүү батир 10 миңден 20 миң сомго чейин болду. Ошто бир бөлмөлүү батирди 7-16 миңге ижарага алууга болот.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы жума сайын Бишкек жана Оштогу батирдин ижара акысына ачык маалыматтар аркылуу байкоо салып турат.

Бул аптада борбордон эмереги жок бир бөлмөлүү батирди 9 миңден 13 миңге чейин, эмереги менен 10 миңден 20 миңге чейин ала аласыз. Баага үй жайгашкан район жана жасалгасы таасир этет.

Ал эми эки бөлмөлүүлөр 12 миңден 21 миңге, үч бөлмөлүү батирлер 16 миңден 40 миңге чейин болууда.

Ошто эмереги жок бир бөлмөлүү батирлер жети миңден сегиз миңге чейин, эмереги бары жети миңден он алты миңге жетүүдө. Эки бөлмөлүү батирди сегиз миңден 20 миңге чейин, үч бөлмөлүүлөрдү жети миңден 30 миңге чейин тапса болот.

126
Белгилер:
баа, ижара, батир, Ош, Бишкек, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргызстанда көпчүлүктү кызыктырган автоунаалар канчадан сатылууда. Саресеп

15 сомго кымбаттаптыр. 2020-жылдагы доллардын курсу. Инфографика

192
(жаңыланган 15:32 16.10.2020)
Кыргызстандыктардын көбүнүн көңүлү азыр өлкөдөгү саясий кырдаалга эле эмес, улам кымбаттап бара жаткан валюта рыногуна да бурулууда. 2020-жылдын ичинде республикада доллардын курсу кандай өзгөргөнүнө көз жүгүрттүк.
Курс доллара
© Sputnik / Даниил Сулайманов

Бүгүн, 16-октябрда, жеке банктарда доллардын баасы 81,7-81,85 сом болду. Бир жылда америка акчасы биринчи жолу көтөрүлүп жаткан жок. Эске салсак, 2020-жылдын биринчи январында доллар 65 сомдон сатылса, ал эми жазда 85 сомго чыгып кеткен. Буга бир четинен эпидемиологиялык абал да таасир этти. Жайында доллар бир аз түшүп, 75тен 78 сомго жеткен. Ал эми күзгө таяп, кайрадан өстү.

Ал эми 5-13-октябрдагы элдик толкундоолор учурунда “жашыл акчанын” баасы кайрадан кымбаттады. Кыргызстандын Улуттук банкы доллардын өсүп кетишине SWIFT системасы жана ага альтернатива болгон башка каналдар боюнча эл аралык операциялардын убактылуу токтоп калганы себепкер болгондугун айтты.

"Бул кыска мөөнөттүк секирик десек болот. Анткени кечээ эле эл аралык төлөмдөр жандандырылды, ошондой эле өлкөдөгү кырдаал да себепкер болууда. Азыркы тапта банк системасында чет өлкөлүк валюта жетиштүү көлөмдө, доллардын кымбатташына сырткы факторлор таасир эткен жок", — деп айтылат маалыматта.

Улуттук банк өлкөнүн ичиндеги жана тышындагы финансы рыногуна тыкыр көз салып тургандыгын, зарылдык жаралса тиешелүү операциялар жүргүзүлөрүн айткан.

192
Белгилер:
Улуттук банк, кымбаттоо, доллардын курсу, курс, доллар, Кыргызстан
Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаевдин улуу баласы Айдар Акаев. Архивдик сүрөт

ЖМК: Айдар Акаевдин өлүмүнүн себеби белгилүү болду

0
(жаңыланган 12:54 24.10.2020)
Кыргызстандын биринчи президентинин улуу баласы жүрөгү токтоп, ушул жылдын февраль айында каза болгон.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаевдин улуу баласы Айдар Акаев алкоголго жана баңгизатка ууланып көз жумган. Бул тууралуу укук коргоо органдарындагы булактарына таянып Россиянын “Пятый канал” телеканалы билдирди.

Эскерте кетсек, Айдар Акаев 5-февраль күнү каза болгон. Анда маркумдун жүрөгү токтоп калганы айтылган болчу. Акваедин сөөгү Москвадагы Троекуров көрүстөнүндө жерге берилген. 

Жарым жылдан кийин укук коргоо органдарындагы ишенимдүү булактар өлүмгө алкоголь менен кокаиндин аралашмасынан кийинки уулануу себеп болгонун айткан. Текшерүү дал ушул нерсе жүрөктүн токтоп калышына алып келгенин аныктаган.

 

Белгилей кетсек, Айдар Акаев улуу бир тууганы Бермет Акаева экөө 2005-жылы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланышкан. Бирок "жоогазын" революциясынан кийин шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылып, тунгуч президенттин үй-бүлөсү өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Учурда Москва шаарында жашап келишет.

0
Белгилер:
алкоголь, себеп, өлүм, Айдар Акаев
Тема боюнча
Айдар Акаевдин сөөгү Москвада жерге берилди
Айдар Акаевге топурак салууга Кыргызстандан кимдер барат?
Нурсултан Назарбаевге күйөө бала болгон. Айдар Акаев тууралуу 7 факты