2020-жылдын Орозо календары: ооз бекитүү (имсак) жана ооз ачуу (ифтар) маалы

261575
(жаңыланган 19:15 17.04.2020)
Быйыл Орозо (Рамазан) айы 24-апрелден тарта башталат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришти.

Орозо тутуу ислам дининин беш негиздеринин бири болуп эсептелет. Мусулмандар бул айда күн чыккандан күн батканга чейин оозуна наар албайт, суу да ичпейт, жаман иштерден алыс болуп, көп дуба кылып, күндүзгү жана кечки намаздарын калтырбай окуйт. Ошондой эле кошумча ибадаттарды аткарып, кайрымдуулук иштерин жасоого аракет кылат.

Быйылкы Орозо айынын алдында Кыргызстандын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев элге кайрылуу жасап, коронавируска байланыштуу ооз ачарды үйдөн кылып, абал турукташканга чейин таравих намаздарын дагы үйдө окууну эскертти. 

Орозо айынын узактыгы ай календарына жараша 29 же 30 күн болот. Орозо айында Кыргызстандын бардык облустары боюнча ооз бекитүү (имсак) жана ооз ачуу (ифтар) убактысын Sputnik инфографикасынан көрүңүздөр.

Эскертүү: этияттык үчүн багымдат намазынын азанына 10 мүнөт калганга чейин ооз жабуу керек.

Ооз бекитүү дубасы

Навайту ан асуума савма шахри рамазаана минал фажри илал магриби, халисан лиллаахи таъаала.

Мааниси: Алла Тааланын ыразычылыгы үчүн таң аткандан күн батканга чейин Рамазан айынын орозосун кармоого ниет кылдым.

Ооз ачуу дубасы

Аллоохумма лака сумту, ва бика ааманту, ва ъалайка таваккалту, ва ъалаа рызкика афтарту, факфирлии маа коддамту ва маа аххарту.

Мааниси: Алла таалам, Өзүңө чындап ишендим, Өзүңө таяндым, Өзүң берген ырыскы менен ооз ачуудамын. Баштан-аяк кетирген ката, күнөөлөрүмдү кечир.

261575
Белгилер:
мусулман, ооз бекитүү, ооз ачуу, календарь, орозо айт, орозо
Тема:
Орозо — 2020 (21)
Тема боюнча
Дары ичпейт, чылым чекпейт! Орозодо ооз бекиткендерге 10 "болбойт"
Кадыр түнгө байланыштуу 9 "болбойт"

Фашисттер кыргыздын чебер аткычын жок кылышкан. Согуш тууралуу 10 факт

1357
Кыргызстандыктардын согуш учурундагы жашоо-турмушу тууралуу тереңирээк билүү үчүн Sputnik агенттигинин кабарчылары эски гезиттерди барактады. Жыйынтыгында согуш жылдарындагы Кыргыз ССРи жөнүндө мурда белгисиз 10 факт топтолду.
Улуу Ата Мекендик согушка катышкан кыргызстандыктар тууралуу кызыктуу 10 факт

Согуш учурунда республика фронтко колдон келген нерселердин бардыгын жөнөтүп турган. Ал учурдагы каатчылык мурда оозго албай турган нерселерди жеп күн көрүүнү мажбурлаган.

Мисалы, гезиттер эти сасык арам өрдөктү кантип туура бышырса болору тууралуу жазышкан. Алакандай жер калтырбай, жада калса, мектептердин аянтын дагы айдап салышкан.

Республиканын ар бир төртүнчү жараны согушка кеткен. Алардын арасында Борбор Азиянын эң чебер аткычы Дүйшөнкул Шопоков болгон. Кийин ал СССРдин баатыры катары тарыхта калган. Салгылаш учурунда фашисттер ага колго түшүп берүүнү сунуштайт. Бирок Шопоков душмандарга ок менен жооп берип, өзүнө дагы ок тиет.

Кыргызстандыктардын Улуу Ата Мекендик согуш учурундагы турмушу тууралуу билүү үчүн Sputnik даярдаган видеоинфографиканы көрүңүздөр.

1357
Белгилер:
факты, Кыргызстан, Улуу Ата Мекендик согуш
Тема:
Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгы

Жүрөк тилген видео! Аталардын Улуу Ата Мекендик согуштагы эрдиги

1334
(жаңыланган 14:02 07.05.2020)
Гитлердик армия Советтер Союзуна “бул жактагылар адам эмес, аларды аябастан атуу керек” деген ой менен чабуул койгон. Алардын мындай ой жүгүртүүсүнүн туура эмес экенин далилдөө үчүн миллиондогон киши өмүрү менен кош айтышты.

Sputnik агенттигинин видеоинфографикасынан Улуу Ата Мекендик согуш мезгилиндеги ата-бабалардын эрдиги жөнүндө билип алыңыз. Анда фашисттердин Азия элине кандай мамиле жасаганы жана Кыргыз ССРи жалпы жеңишке кандай салым кошкону баяндалат. Бул үчүн көп нерсе жасалган.

Согуш башталган 1941-жылы Советтик Кыргызстанда бир жарым миллион адам жашаган. Ар бир төртүнчү кыргызстандык фронтко кетип, дээрлик 100 миң киши көз жумган.

Көптөгөн кыргыз жоокерлеринин ысымы совет элинин эсинде түбөлүккө калат. Маселен, Кызыл армиянын 20 жаштагы жоокери Чолпонбай Түлөбердиев төшү менен пулеметту тоссо, учкуч Исмаилбек Таранчиев күйүп жаткан самолетун душмандын кылкылдаган танкаларын көздөй багыттаган.

Жоокери согуш отун кечип, кан майданда эл-жерин коргоп жаткан Кыргызстан фронтко жардам берүү үчүн бардык аракетин көрүп жатты. Миңдеген аял эркектердин ордунда станоктордо, талааларда, жада калса шахталарда иштеди. Кыргызстан фронтко көмүр, коргошун, мунай жана азык-түлүк жөнөтүп турган.

Республикага Украина, Россия жана Белоруссиядан заводдор эвакуацияланып, иштей баштаган. Жалпысынан өлкөгө 38 ири ишкана көчүрүлүп, аларда сымап, металл буюмдары, кездемелер, дары-дармек, бут кийим, кант өндүрүлгөн.

Согуш жылдарында Кыргызстанда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 22 пайызга жогорулап, металл иштетүү тармагында көрсөткүчтөр 3,5 эсеге, машина куруу 10 эсеге өскөн. Республика электр энергиясын 1,5 эсе көп иштеп чыга баштаган.

Фабриканын жумушчулары үйүнө кеч кайтышчу. Бирок аялдар түнкүсүн эс албастан жоокерлерге ичик, мээлей тигип, моюн орогуч токушкан. Кыргыз аялдарынын колунан жасалган жылуу кийимдер вагондор менен фронтко жөнөтүлгөн.

Онлайн-режимде "Өлбөс полк" акциясына катышыңыз, жол-жобосу да көрсөтүлгөн.

1334
Белгилер:
эрдик, Улуу Ата Мекендик согуш, Кыргызстан
Тема:
Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгы
Тема боюнча
Кыргызстандын тарыхындагы кандуу күн. Апрель окуяларын баяндаган видео
Жогорку Кеңештеги депуттар отурган зал. Архивдик сүрөт

Шайлоо босогосун 7 пайызга түшүрүү боюнча мыйзам долбоору экинчи окуудан өттү

0
(жаңыланган 15:09 04.06.2020)
2010-жылы шайлоо босогосу 5 пайызды, 2015-жылы 7 пайызды түзгөн. Андан соң 2017-жылда 9 пайыздык чек коюу мыйзамы  кабыл алынган.

БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн  шайлоо босогосун 9дан 7 пайызга түшүрүү боюнча мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды.

Аталган документ парламенттик бүгүнкү жыйындын күн тартибине экинчи окууга киргизилген. Депутаттар бул ирет суроо берип, талкуу жаралган жок, мыйзам долбоору добуш берүүгө токтоосуз жөнөтүлдү. 

Натыйжада 104 депутат макул деген добуш берип, каршы чыккандар болгон жок.

Биринчи окууда 101 депутат колдоп, тогузу каршы добуш берген болчу

Мыйзам долбоорун Талант Мамытов, Өмүрбек Бакиров, Азиз Турсунбаев, Кубанычбек Нурматов башында турган 21 депутат демилгелеген.

Деген менен дал ушундай эле мыйзам долбоорун буга чейин депутаттар Мирлан Жээнчороев, Исхак Масалиев, Жанар Акаев, Наталья Никитенко, Дастан Бекешев демилгелеп, босогону 5 пайызга түшүрүүнү сунушташкан. Ал мыйзам долбоору азырынча карала элек.

Буга байланыштуу биринчи окууда эки мыйзамдын авторлорунун ортосунда талаш жаралган.

Эскерте кетсек, 2010-жылы шайлоо босогосу 5 пайызды, 2015-жылы 7 пайызды түзгөн. Андан соң 2017-жылда киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, 9 пайыздык чек коюу үстүбүздөгү жылдын январынан тартып күчүнө кирген.

0
Белгилер:
парламент, пайыз, мыйзам, босого, шайлоо
Тема боюнча
Биринчи мыйзам каралбай калган. Шайлоо босогосу боюнча жаңы демилге сунушталды
КРди парламенттик же президенттик башкарууга өткөрүү боюнча мыйзам долбоору жарыяланды