Пандемия башталгандан берки алгачкы жолугушуу. ЕАЭБ тууралуу инфографика

(жаңыланган 13:47 17.07.2020)
Бүгүн, 17-июлда, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн премьер-министрлери Евразиялык өкмөт аралык жыйынга чогулушту. Иш-чара онлайн эмес, кадимки форматта Минск шаарында өтүп жатат. Бул — COVID-19 пандемиясы башталгандан берки алгачкы жолугушуу.
Евразиялык экономикалык биримдик сандар менен

Жыйынга Кыргызстан, Россия, Белоруссия, Казакстан, Армения жана Молдова өлкөлөрүнүн премьер-министрлери катышууда. Анда өкмөт башчылары соода, ички рыноктун иштөө механизми, атаандаштык жана өндүрүш маселелерин талкуулашмакчы.

Ошондой эле саламаттык сактоо тармагындагы бир катар көйгөйлөр каралып, ЕАЭБ өлкөлөрүндө коронавирустун жайылуусун токтотуу маселесине токтолушат.

Кубатбек Боронов ЕАЭБ жыйынына катышуу үчүн Минск шаарына учуп кетти

Мындан сырткары, премьер-министрлер Жерди аралыктан зонддоонун негизинде геомаалымат жана космос кызматтарын жеткирүү боюнча кызматташуунун мамлекеттер аралык программасынын долбоорун карашат.

Саммитте ЕАЭБдин айыл чарба тармагын өнүктүрүү жана Биримдикти индустриялаштыруу маселеси да талкууланат.

Евразия экономикалык комиссиянын маалымат кызматы билдиргендей, жыйынга катышуудан тышкары Биримдиктин өкмөт башчылары Белоруссия жетекчилиги менен жолугушат.

ЕЭК Кыргызстандын өнүктүрүү институтун түзүү демилгесин карап чыкты

Евразия экономикалык биримдиги 2015-жылы түзүлгөн. Бүгүнкү күндө анын курамында Кыргызстан, Армения, Белоруссия, Казакстан жана Россия мамлекеттери бар. Молдова байкоочу өлкө катары жыйындарына катышып келет. Мындан сырткары, Өзбекстан дагы ЕАЭБге байкоочу статусун алышы ыктымал.

2019-жылга карата ЕАЭБ калийи бар жер семирткичтерин өндүрүү боюнча дүйнөдө 1-орунда, ал эми газ жана мунай өндүрүү жагынан экинчи орунда турат.

Белгилер:
өкмөт башчы, көйгөй, жыйын, Минск, Евразиялык экономикалык биримдик
Тема боюнча
ЕЭК Кыргызстан, Казакстан жана ЕАЭБ ортосундагы көйгөйдү кантип чечет?

Жаңы Конституциянын долбооруна аймактар кандай добуш берди. Карта

(жаңыланган 23:01 11.04.2021)
Жаңы Конституциянын долбооруна өлкө аймагындагылар кандай добуш бергенин Sputnik Кыргызстан агенттигинин интерактивдүү картасынан көрө аласыздар.

Жергиликтүү кеңешке шайлоо менен катар 11-апрелде Кыргызстанда жаңы Конституциянын долбоору боюнча референдум дагы өттү.

Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүүнүн автоматтык саноочу урнасынын (АСУ) болжолдуу жыйынтыгын жарыялады. Sputnik Кыргызстан агенттиги өлкөнүн ар бир районунда добуш берүү кандай болгонун так көрсөтүү үчүн атайын карта даярдады.

Баш мыйзамдын жаңы долбооруна "макул" же "каршы" деп добуш берүү укугуна өлкө боюнча 3,6 миллион адам ээ болгон. Белгилей кетсек, инфографикадагы көрсөткүчтөр референдумдун болжолдуу жыйынтыгы гана болуп саналат. Расмий жыйынтык кол менен санаган соң гана маалым болот.

Эске салсак, Конституциянын жаңы долбоору боюнча өлкөдө бийлик алмашкандан тарта сөз болуп келе жатат. Былтыркы жылдын ноябрь айында парламенттин сайтында мыйзам долбоору жарыяланган.

Документ коомчулукта резонанс жаратып, өлкөдө Конституциялык кеңешме түзүлгөн. Ушул жылдын февраль айында Жогорку Кеңеш Конституциялык кеңешме мүчөлөрүнүн ой-пикирин эске алуу менен документти жарыялаган. Андан кийин эл өкүлдөрү референдум өткөрүүнүн датасын жактырышкан.

Бишкек шаарындагы жана өлкө аймагындагы добуш берүүнүн жүрүшү боюнча кызыктуу, ыкчам жана кыска маалыматтарды Sputnik Кыргызстандын Telegram каналынан окуй аласыздар.

Белгилер:
референдум, добуш берүү, долбоор, конституция
Тема:
Жаңы Конституциянын долбоору жана референдум
Тема боюнча
Бишкекте участкадан тышкаркы алты тилкеде добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыкты
БШК: шайлоо участкаларында 11 миң милиция кызматкери иштеп жатат
БШК канча шайлоочу мөөнөтүнөн мурда добуш бергенин айтты

Референдумга катышкан шайлоочулардын саны. Улам жаңыланган график

(жаңыланган 11:07 11.04.2021)
Жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо менен катар өтүп жаткан жаңы Конституциянын долбоору боюнча референдумга катышкандар тууралуу маалыматты Sputnik Кыргызстандын жаңыланган материалынан окуңуз.

Бүгүн, 11-апрелде, Кыргызстанда жаңы Конституциянын долбоору боюнча референдум өтүп жатат. Добуш берүүнүн жүрүшүнө Борбордук шайлоо комиссиясы көз салууда. Катышкан шайлоочулардын саны келип түшкөн маалыматтар боюнча жаңыланып турат.

Добуш берүү участкалары 8:00дөн 20:00гө чейин иштейт. Өлкөдө референдум менен кошо жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтүүдө. Референдумга тизмеге киргизилген шайлоочулардын 30 пайызы катышса, БШК жалпы элдик добуш берүүнү өттү деп эсептейт.

Кыргызстанда референдумда добуш берүү укугуна ээ болгондордун саны 3,6 миллиондон ашат. Жаңы Баш мыйзамдын долбоору боюнча жалпы элдик добуш берүүнү өткөрүүгө 55,6 миллион сом бөлүнгөн.

Конституциянын сунушталып жаткан долбоорунда президенттин ыйгарым укуктары кеңейтилген. Мамлекет башчысы аткаруу бийлигин жетектейт, эки мөөнөткө шайлануу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Мындан сырткары, мыйзамдарды демилгелей алат жана башка ыйгарым укуктарга ээ. Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары, депутаттардын саны кыскарат. Сунушталган баш мыйзамда эл өкүлдөрү азыркыдан 30га аз болот.

Долбоор кабыл алынып калса, өкмөттө министрлер кабинетин кайрадан түзүү боюнча олуттуу өзгөрүүлөр күтүлөт. Министрлер кабинетине президенттик администрациянын башчысы төрагалык кылат. Салыштыруу үчүн: учурда өкмөттү көптөгөн ыйгарым укукка ээ болгон премьер-министр жетектейт.

Долбоор элдик курултайды, ошондой эле "Кыргызстан элинин моралдык-этикалык баалуулуктарына, коомдун аң-сезимине каршы келген" иш-аракеттерди чектөөгө мүмкүндүк берген эрежени киргизүүнү камтыйт.

Мында сунуш кылынган өзгөрүүлөрдүн айрым гана бөлүктөрү айтылды. Баш мыйзамдын жаңы долбоорунун учурдагыдан айырмалары тууралуу төмөнкү материалдан окуңуз.

Белгилер:
конституция, өзгөрүү, референдум, добуш берүү
Тема:
Жаңы Конституциянын долбоору жана референдум
Тема боюнча
Бүгүн Кыргызстанда шайлоо алдындагы "жымжырттык күнү". Эрежеси
Партияны эмес, депутатты тандасын. ЖКда шайлоо мыйзамын өзгөртүү сунушталды
Шайлоо менен референдумду өткөрүүдөгү кемчиликтерге даттана аласыз. Телефондору

Толкун менен жарышып сёрфинг тепкен спортчулардын бүйүр кызыткан видеосу

Динамикалуу музыканын ыргагында сёрфинг тепкен спортчулар укмуштуудай трюктарды жасап жатканын көрүүгө болот.

Эки мүнөткө жетпеген видеодо спортчулар океандын толкуну менен жарышкан кереметтүү кадрлар камтылган.

Ролик YouTube компаниясынын расмий баракчасына жарыяланды.

Белгилер:
толкун, спорт, серфинг
Тема боюнча
Болбогон жерден жем болду… Чалынып кетип арстанга кармалган эликтин видеосу