Бишкек менен Ош шаарындагы батирлердин ижара акысы. Инфографика

674
Өлкөнүн эки негизги шаарынан тең кыялыңыздагыдай жана чөнтөгүңүзгө жараша батир таба аласыз. Ошко караганда борбор калаада ижара акысы бир аз кымбатыраак экени байкалды.

Sputnik Кыргызстан "Батир ижарасы" деп аталган жаңы рубриканы ишке киргизип жатат. Мындан ары ар бейшемби сайын Бишкек менен Ош шаарларында турак жайдын ижара акысы тууралуу биле аласыз. Анда бөлмөсүнүн саны жана эмеректеринин бар-жогу негизги критерий катары каралды.

Мэрия эми имараттарды ижарага онлайн-аукцион аркылуу гана берет

Эки калаадан тең эки бөлмөлүү батир деле бир бөлмөлүүнүн баасына барабар, кээде арзан да түшүп калары айкын болду. Мындан сырткары, ачык маалыматтарда Бишкек менен Оштогу ижара наркы бирдей болору жазылат.

674
Белгилер:
батир, ижара, Ош, Бишкек, Кыргызстан
Тема боюнча
Иманакун уулу: ижарага берилген 17 миң 267 объект текшерилди
Маммүлк ижарачыларды карантин убагындагы төлөмдөрдөн бошотот

15 сомго кымбаттаптыр. 2020-жылдагы доллардын курсу. Инфографика

142
(жаңыланган 15:32 16.10.2020)
Кыргызстандыктардын көбүнүн көңүлү азыр өлкөдөгү саясий кырдаалга эле эмес, улам кымбаттап бара жаткан валюта рыногуна да бурулууда. 2020-жылдын ичинде республикада доллардын курсу кандай өзгөргөнүнө көз жүгүрттүк.
Курс доллара
© Sputnik / Даниил Сулайманов

Бүгүн, 16-октябрда, жеке банктарда доллардын баасы 81,7-81,85 сом болду. Бир жылда америка акчасы биринчи жолу көтөрүлүп жаткан жок. Эске салсак, 2020-жылдын биринчи январында доллар 65 сомдон сатылса, ал эми жазда 85 сомго чыгып кеткен. Буга бир четинен эпидемиологиялык абал да таасир этти. Жайында доллар бир аз түшүп, 75тен 78 сомго жеткен. Ал эми күзгө таяп, кайрадан өстү.

Ал эми 5-13-октябрдагы элдик толкундоолор учурунда “жашыл акчанын” баасы кайрадан кымбаттады. Кыргызстандын Улуттук банкы доллардын өсүп кетишине SWIFT системасы жана ага альтернатива болгон башка каналдар боюнча эл аралык операциялардын убактылуу токтоп калганы себепкер болгондугун айтты.

"Бул кыска мөөнөттүк секирик десек болот. Анткени кечээ эле эл аралык төлөмдөр жандандырылды, ошондой эле өлкөдөгү кырдаал да себепкер болууда. Азыркы тапта банк системасында чет өлкөлүк валюта жетиштүү көлөмдө, доллардын кымбатташына сырткы факторлор таасир эткен жок", — деп айтылат маалыматта.

Улуттук банк өлкөнүн ичиндеги жана тышындагы финансы рыногуна тыкыр көз салып тургандыгын, зарылдык жаралса тиешелүү операциялар жүргүзүлөрүн айткан.

142
Белгилер:
Улуттук банк, кымбаттоо, доллардын курсу, курс, доллар, Кыргызстан

Бишкек менен Ошто ижарага берилүүчү батирлердин баасы. Инфографика

202
(жаңыланган 20:25 15.10.2020)
Бул жумада борбордогу эмереги менен берилүүчү бир бөлмөлүү батир 9 миңден 16 миң сомго чейин болду. Ошто да бир бөлмөлүү батирди ушул эле суммада ижарага алууга болот.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы жума сайын Бишкек жана Оштогу батирдин ижара акысына ачык маалыматтар аркылуу байкоо салып турат.

Бул жумада борбордон эмереги жок бир бөлмөлүү батирди 9 миңден 13 миңге чейин, эмереги менен 10 миңден 20 миңге чейин ала аласыз. Эки бөлмөлүүлөр 10 миңден 21 миңге, үч бөлмөлүү батирлер 16 миңден 40 миңге чейин болот.

Ошто эмереги жок бир бөлмөлүү батирлер жети миңден сегиз миңге чейин, эмереги барлар тогуз миңден он алты миңге жетүүдө. Эки бөлмөлүү батирди сегиз миңден 20 миңге чейин, үч бөлмөлүүлөрдү жети миңден 30 миңге чейин тапса болот.

Эске салсак, батирдин акысы жасалгасынан жана жайгашкан районунан көз каранды.

202
Белгилер:
ижара, Бишкек, Ош, батир
Тема боюнча
Ат-Башыда демөөрчүлөр Памирден келген бүлөгө там салып беришти. Сүрөт
Экс-мэр Бишкека Нариман Тюлеев во время пресс-конференции для журналистов. Архивное фото

Абакта "авторитет" болгон. Бишкек мэрлигине кайра келген Түлеев жөнүндө 7 факты

0
(жаңыланган 15:41 20.10.2020)
Нариман Түлеев Бишкек шаарына кайрадан мэр болуп дайындалды. 2008-2010-жылдары  шаарды башкарган Түлеев тууралуу буга чейин бир катар чуулуу маалыматтар жазылып келген.

Ал журналисттерге берген маектеринин биринде алгачкы миллиондорун 90-жылдарда эле тапкандыгын айтып берген.

Бүгүн Түлеев Бишкектин биринчи вице-мэри болуп дайындалып, өз арызы менен кызматтан кеткен Азиз Суракматовдон кийин мэрдин милдетин аткаруучу болуп отурат.

Өмүр баяны. Нариман Түлеев 1963-жылы 24-декабрда Фрунзе шаарында төрөлгөн. Ал 1985-жылы Фрунзе политехникалык институтун инженер-куруучу адистиги боюнча аяктаган. 1985-1986-жылдары Нарын МККсында мастер, андан кийин 1990-жылга чейин Кыргызстандын Тянь-Шань райондук комсомол комитетинде жана Ысык-Көл облустук комсомол комитетинде бөлүм башчы болуп иштеген. 2005-жылы "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасында башкы директор, 2008-жылы Бишкек шаарынын мэри, 2010-жылы Жогорку Кеңештин V чакырылышына "Ата-Журт" партиясынан депутат болуп келген.

Өлкөдөн чыгып кеткен. 2010-жылдагы Апрель окуяларынан кийин Бишкектин мэри Нариман Түлеев кызматтан алынып, өлкөдөн чыгып кеткен. Ал эми ушул эле жылдын 6-апрелинде Бишкектеги "Манас" эл аралык аба майданынан кармалган. Сурак бир топ мөөнөткө созулуп, андан соң камакка алынган. Ага Кылмыш кодексинин экономика боюнча беренелеринин негизинде жана 7-8-апрелдин түнүндө башаламандыкты уюштурууга катыштыгы бар деген күнөө менен иш козголгон. Кийин ага Жогорку Кеңештин шайлоосуна катышууга мүмкүнчүлүк берилип, "Ата-Журт" партиясынын тизмеси менен талапкерлердин катарына кошулган. Бирок 2012-жылдын 21-июнунда кармалган.

Нариман Түлеев экс-президент Алмазбек Атамбаев менен түшкөн селфисин жарыялады

Кылмыш иши. 2013-жылы Ленин райондук соту Түлеевди 2008-жылы Кытайдан автобустарды алып келүүдө коррупцияга катыштыгы бар, шаардагы бала бакчанын имаратын саткан жана 200 миллион сомдук  муниципалдык облигацияны чыгарууда кызматынан кыянаттык менен пайдаланган деген айып менен 11 жылга эркинен ажыраткан. 2014-жылдын декабрында Бишкек шаардык соту ал өкүмдү күчүндө калтырып, ал эми туура бир жылдан соң Жогорку соттун коллегиясы да ушундай эле өкүм чыгарган.

Мамлекетке 60 миллион сом кайтарып берген. Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеев мамлекеттик казынага 60 миллион 671 миң 304 сомдук чыгымды калыбына келтирип, 2016-жылы мунапыска туш келген. Мындан тышкары, соттун чечими менен анын байлыгы конфискацияланган.

Чуулгандуу 11 батир. Түлеев мамлекетке төккөн 60 миллион сомдун бир бөлүгүн акча менен төлөсө, калганына Caravan борборунда жана Sapat Centеr имаратынан 11 батир берип кутулган. Нариман Түлеевдин берген батирлери 2017-жылы мамлекеттин карамагына өткөн. Сегиз батир мэриянын, үчөө Башкы прокуратуранын балансына берилген.

Чыныбай Турсунбеков бүгүн 60 жашка толмок. Саясий ишмер тууралуу 10 факты

Түрмөдө "авторитет" болчу. Бул тууралуу мурдагы шаар башчысы журналисттерге өзү айтып берген. Түлеевдин айтымында, ал абакта "авторитет" болгон. Соттолгондорго юрист катары документтер боюнча кеп-кеңеш айтып, материалдык жактан жардам берип келген экен. Ал кошумчалагандай, колонияда адилетсиз жаза өтөп отурган мыкты кишилер көп болчу.

Үй-бүлөсү. ЖМКда Нариман Түлеев биринчи аялы менен эки ача жолго түшүп, учурда экинчи никеси менен жашаары жазылган. Ал алты баланын атасы. Улуу кызы Назгүл Түлеева убагында атасынын таламын талашып президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарынбаев менен ошол кездеги депутат Хаджимурат Коркмазовду каматкандан кийин коомчулукка таанылган. Назгүл Түлеева журналисттерге берген маегинде үй-бүлөлүк бизнес менен алектенерин айткан. Маалыматтарга караганда, Нариман Ташполотовичтин улуу кызы 33 жашта болсо, кичүү кызы быйыл алтыда.

0
Белгилер:
Бишкек, мэр, батир, кылмыш иши, Нариман Түлеев
Тема боюнча
Нариман Түлеев Бишкек мэриясын жетектемей болду