Бишкекте баланы мектепке даярдоого канча каражат керектелет. Инфографика

Жазылуу
Жаңы окуу жылына саналуу гана күндөр калды. Sputnik Кыргызстандын кабарчысы борбор калаада окуучуларды мектепке даярдоого канча каражат талап кылынарын билип көрдү.

Пандемияга карабай Бишкектин базарларында уул-кыздарын жетелеп мектепке даярдап жүргөн ата-энелерди көрүүгө болот. Сатуучулардын айтымында, биринчи класстын окуучуларына эле эмес, онлайн окуй турган чоң класстарга да кийим-кече жана башка буюмдарды алып жатышат.

Мектеп формасы менен кеңсе товарлардын түрлөрү көп экени байкалат. Мисалы, сүрөт тартууга ылайыкталган кыл калемдин баасы 10дон 100 сомго чейин турат. Ал эми пенал 40тан 400 сомго чейин бааланат. Калем учтагыч болсо 10дон 350 сомго чейин жетет.

Бишкек менен Ош шаарындагы батирлердин ижара акысы. Инфографика

Базарларда чоң класстарга караганда биринчи класстардын спорттук жана классикалык кийимдеринин баасы кымбатыраак. Баарын капчыкка жараша тандап алса болот. Шымдарды сапатына, чыгарган өлкөсүнө жана өлчөмүнө карап 500дөн 3000 сомго, көйнөктөрдү 500дөн 4000 сомго чейин сатып алуу мүмкүн. Ал эми бантиктер 50-400 сомго чейин сатылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0