Бишкек менен Ошто батир ижарасы канчадан болуп жатат? Инфографика

Жазылуу
Өткөн аптага салыштырмалуу Бишкекте турак жайга болгон баа өзгөрө түштү. Мисалы, бир бөлмөлүү батирдин ижарасы арзандаса, эки бөлмөлүүлөрдүкү, тетиринче, кымбаттады.

Sputnik Кыргызстан "Батир ижарасы" деп аталган жаңы рубрика баштаган. Ар бейшемби сайын кабарчы Бишкек менен Ош шаарларында турак жайдын ижара акысы кандай болуп жатканына көз салат.

Кыргызстанда жеке жер үйлөрдүн курулушу  - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда там салуу канча турат? Инфографика

Бул аптада бир бөлмөлүү батирлер арзаныраак берилип жатат. Мисалы, эмереги жок десеңиз, 9-10 миң сом, оокат жайы менен 10,5 миң сомдон жогору болууда.
Эки бөлмөлүү батирдин ижарасы бир аз кымбаттап кетти. Ачык булактагы маалыматтарга караганда, эмереги бар батирлерди айына 15 миң сомдон жогору баага ала аласыз. Бул жети күн мурдагыдан 1 000 сомго кымбат.
Ош шаарында бир бөлмөлүү батирлерге ижара баасы өзгөргөн жок. Ал эми эки бөлмөлүүлөрдү эки миң сомго арзан алууга болот (12-18 миң сом).
Белгилей кетсек, бул батирлерде көбүнесе чет элдик студенттер жашачу. Азыр пандемия шартына байланыштуу алар аралыктан окуп жатышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0