Эки шаарда тең кымбаттады. Батирдин ижара акысы канча болууда

247
(жаңыланган 18:15 03.09.2020)
Узаган аптага салыштырмалуу турак жайга болгон баа өзгөргөн деле жок. Эки калаада тең конок тибиндеги батирлерди ижарага алуу 500 сомго кымбаттаган.

Sputnik Кыргызстан "Батир ижарасы" деп аталган жаңы рубрика баштаган. Ар бейшемби сайын кабарчы Бишкек менен Ош шаарларында турак жайдын ижара акысы кандай болуп жатканына көз салат. Маалыматтар ачык булактардан алынат.

Ушул жумада ордо калаада конок тибиндеги батирдин ижарасы 5 500 сомго көтөрүлгөн (мурда 5 миң болчу). Бир бөлмөлүүлөрдүн акысы ошол эле боюнча 9 миңден 20 миңге чейин болуп жатат. Нарк буюм-тайымдарга жана ремонтко жараша коюлат. Бишкекте эки бөлмөлүү батирдин ижара акысы 10-20 миң, ал эми үч бөлмөлүү батирлер 13-33 миң сомго чейин бааланууда.

Кыргызстанда там салуу канча турат? Инфографика

Өткөн аптага салыштырмалуу Ошто да бир бөлмөлүү батирдин ижара акысы кымбаттады. Эмереги жок үйдү 6-8 миң сом берип жашаса болот.

Белгилей кетсек, бул батирлерде көбүнесе чет элдик студенттер жашачу. Азыр пандемия шартына байланыштуу алар аралыктан окуп жатышат.

247
Белгилер:
акы, ижара, батир, Ош, Бишкек, Кыргызстан
Тема боюнча
Бишкектеги мыйзамсыз курулуштар. Тизме жана даректер
Ош мэриясы жарандардын үй куруусуна көмөктөшкөн уникалдуу долбоорду баштайт
Урматсыз ижарачылар! Бишкектин вице-мэри "алдамчыларга" кайрылды

Бишкек менен Оштогу батирлердин ижара акысы. Жаңыланган маалымат

136
Бул аптадагы бааларга ылайык, баш калаада бир бөлмөлүү батирдин ижара акысы 9 миң сомдон 20 миңге чейин жетти. Ош шаарында болсо турак жайдын ижарасы 10 миң сомдон 16 миңге чейин бааланууда.

Ар жума сайын Sputnik агенттиги ачык булактардан маалыматтарды топтоп, Бишкек жана Ош шаарларындагы батирлердин ижара акысына байкоо салып турат.

Бишкекте эмеректери жок бир бөлмөлүү батирди жайгашкан жери жана абалына жараша 8 миңден 11 миң сомго чейин ижарага алса болот. Эмеректери бар турак жайлар 9 миңден 20 миң сомго чейин бааланууда. Эки бөлмөлүү батирдин ижара акысы 12 миңден 21 миңге чейин, үч бөлмөлүү батир 13 миңден тарта 40 миң сомго чейин жетет.

Ошто муниципалдык ипотека аркылуу берилчү көп кабаттуу үй курула баштады. Эскиз

Ош шаарында болсо эмеректери жок бир бөлмөлүү батирди 8 миң сомго ижарага сунуш кылышат. Эмеректери бар батирдин акысы 10-16 миң сом болууда. Ал эми эки бөлмөлүү батирди 8ден 20 миң сомго чейин ижарага алууга болот. Үч бөлмөлүү турак жай эмеректери менен 15 миңден 30 миң сомго чейин бааланууда. Эмеректери жок үч бөлмөлүү батирди 4 миңден 15 миң сомго чейин алууга болот.

136
Белгилер:
акы, ижара, батир, Ош, Бишкек, Кыргызстан
Тема боюнча
Ижара акысы канча? Бишкек менен Ошто батир издегендер үчүн маалымат

Шайлоодо ат салышчу партиялардын талапкерлери. Толук тизме

837
(жаңыланган 12:08 18.09.2020)
Октябрь айында болчу Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого жалпысынан 16 саясий партия, алардын катарында 2 миңдей талапкер катышат. Тизмесин толугу менен Sputnik Кыргызстан даярдаган материалдан көрө аласыз.

4-октябрга белгиленген парламенттик шайлоого аттанган партиялардын тизмесин бир нече күн мурда Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия расмий сайтына жарыялаган.

Окурмандарга ыңгайлуу болушу үчүн Sputnik редакциясы бардык партияларды бир материалга чогултуп, бюллетендеги номерлерине жараша жайгаштырды. Ар бир талапкердин атынын жанында туулган жылы жана кызмат орду боюнча маалымат көрсөтүлгөн.

Баса, тизмеде шайлоо алдында мурдагы партиясына кол шилтеп, тагдырын башкага байлаган депутаттар дагы бар. Кыскасы, азыркы депутаттардын 84ү кайрадан шайлоого бара жатканын көрүүгө болот.

Буга чейин жарышка аттанган партиялар тууралуу керектүү фактыларды даярдаганбыз.

Депутат болгусу келгендердин кандай кесипти аркалаганы, билими жана жаш курагы сыяктуулар кызыктырса, бул материалга баш багыңыз.

837
Белгилер:
тизме, саясий партиялар, талапкер, шайлоо, Жогорку Кеңеш
Тема:
Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер — 2020
Тема боюнча
Депутат башында жаш келиндей. ЖКнын маалымат кызматынын жетекчисинин баяны
Түркия Кыргызстандагы парламенттик шайлоого 100 миң доллар бермей болду
АКШ президенти Дональд Трамп. Архивдик сүрөт

Саясат таануучу: Трамптын Навальный жөнүндөгү "чуулуу окуяга" аралашкысы жок

0
(жаңыланган 12:26 28.09.2020)
Америкалык сенаторлордун тобу Алексей Навальный кабылган окуядан улам Россияга каршы санкция киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун алып чыкты. Sputnik радиосунун эфиринде саясат таануучу Владимир Можегов бул демилгени "абаны чайкоо" деп атап, себебин түшүндүрдү.

Америкалык сенаторлордун тобу Алексей Навальный боюнча окуядан улам Россияга каршы мыйзам долбоорун алып чыкканын республикачы сенатор Марко Рубионун сайтында жарыяланган.

Авторлордун пикири боюнча, документте "эл аралык укукту көз көрүнөө бузууга", анын ичинде Навальныйдын "ууланышына" тиешеси бар россиялык расмий адамдарга каршы чектөөлөрдү киргизүү да каралат.

Германия Алексей Навальныйды үн катпоого мажбурлайт. Саресеп

Мыйзам долбоору америкалык бийликтен Россиянын президенти Владимир Путин жана анын айланасындагылардын каржылары жөнүндө эмне белгилүү болсо, конгрессте отчет берүүнү талап кылат. Мындан тышкары, ал Ак үйдөн химиялык жана биологиялык куралды пайдаланууга тыюу салган АКШнын мыйзамдарын бузган-бузбаганына жооп берүүгө милдеттендирет.

Марко Рубиодон сырткары, документти республикачы сенатор Митт Ромни, ошондой эле демократтар Крис Кунс, Бен Кардин жана Крис Ван Холлен да кубаттайт. Мыйзам долбоорунун кабыл алынышы үчүн аны сенат жана өкүлдөр палатасы колдоп, АКШ президенти кол коюуга тийиш.

Sputnik радиосунун эфиринде саясат таануучу Владимир Можегов сенаторлордун демилгеси боюнча оюн мындайча билдирди: "Бул коомдук иш. Кандай отчеттор болсун? Таптакыр болбогон нерселер. Булардын баары шайлоо алдындагы шыкактоо. Анан да Навальныйдын иши демократтардын күн тартибинде. Республикачылар буга кыйылып жатып кошулушкан. Менимче, мындан ары колдошпойт. Кандай болгон күндө да мунун баарына Трамп өтө этияттык менен алып келди. Мамлекеттик катчы Майк Помпео окуянын бардык фактылары белгилүү болгондо гана реакция кылуу керектигин айткан, азырынча эмне болуп жатканы анча так эмес", —дейт Владимир Можегов.

Россия Германияга кол суна албайт. Учурдагы жагдайга сереп

Анын пикиринде, америкалыктар Навальный жөнүндө маалыматтарды немецтерден ала алышмак, бирок алардан өтүнүч түшө элек.

"Бул санкциялар үчүн кандайдыр бир негиз болмок, бирок андай өтүнүчтөр али түшө элек. Ошол себептен мунун баары мага абаны чайкоо болуп сезилүүдө... Бул кандайдыр күңүрт окуя, ошондуктан Трамп ага аралашкысы, демократтардын алдамчылыгына илешкиси жок. Менимче, демократтар бул теманы пиар кылууну күчөтүшөт, ал эми Трамп булардын баарынан оолак турат", – деп эсептейт саясат таануучу.

Алексей Навальный учакта абалы начарлап, Омскиде 20-августта ооруканага жаткырылган. Врачтар зат алмашуусу бузулганын, андан улам канда канттын көлөмү кескин түшүп кеткенин аныкташкан. Ага эмне себеп болгону азырынча белгисиз, бирок Навальныйдын каны жана заарасынан уулуу зат табылган эмес. Кийинчерээк аны Германияга которушкан.

Сентябрдын башында немец өкмөтү россиялык жаран "Новичок" деп аталган согуштук заттардын субстанциясы менен ууландырылганын жарыялашкан. Москва берлиндик лабораториянын анализдеринин жыйынтыгы тууралуу толугураак маалымат сурап кайрылган, бирок жооп болгон эмес.

Россия ТИМи Берлиндин Навальный тууралуу билдирүүсүнө үн катты

Ошону менен бирге эле германиялык BND чалгын кызматынын 1990-жылдардан бери "Новичокту" алууга мүмкүнчүлүгү бар экени белгилүү. Андан сырткары, 20 батыш өлкөсү, атап айтканда, Улуу Британия, АКШ, Швеция, Чехия аны изилдеп келген.

Россия 1992-жылы, президенттин жарлыгына ылайык, химиялык курал чөйрөсүндөгү иштеп чыгууларын токтоткон, ал эми 2017-жылы андай заттардын бардык запасын жок кылган. Муну Химиялык куралга тыюу салуу боюнча эл аралык уюм да тастыктаган.

0
Белгилер:
өтүнүч, санкциялар, Россия, АКШ, Дональд Трамп