Кыргызстанда эң өтүмдүү автоунаалардын баасы кандай өзгөрдү. Саресеп

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан базарда белгилүү автоунаалар канчадан сатылып жатканына саресеп салды. Биз өлкөдөгү эң өтүмдүү делген 10 автокөлүктүн баасы кандай өзгөргөнүн билип көрдүк. 

Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматы боюнча, Кыргызстанда төмөнкү автоунааларга калк арасында суроо-талап жогору:

  • 5-сериядагы BMW;
  • Daewoo Matiz;
  • Daewoo Nexia;
  • Honda Accord;
  • Honda CR-V;
  • Honda Fit;
  • Honda Odyssey;
  • Mercedes-Benz E-класс;
  • Toyota Camry;
  • Volkswagen Passat.

Sputnik автоунаалар сатыкка коюлган төрт интернет ресурска баш багып, бааларын талдап көрдү. Алар: autobaza.kg, cars.kg, turbo.kg, mashina.kg (баалары баарыныкы дээрлик окшош).

Окурмандарга ыңгайлуу болуш үчүн автокөлүктүн орточо баасын чыгарып берүүнү чечтик. Биринчи анализ 28-августта, акыркысы 4-сентябрда жасалган. Орто эсеп менен алганда көпчүлүк машиналардын наркы 200 долларга өзгөргөн. Бирок баалар автоунаанын техникалык абалына жараша, ошондой эле тез арада сатылышына да карайт.

Депутаттар кандай унаа айдайт? 120 миң долларга жеткен жиптердин видеосу

Соңку бир жуманын ичинде баарынан да Honda Fit унаасынын наркы тездик менен жогорулап, орточо баасы 5 239 долларды түздү. Бир апта мурун 4 837 долларга сатылып жаткан. Ал эми Daewoo Nexia тескерсинче 470 долларга арзандаган. Башка үлгүдөгү автокөлүктөрдүн баасы дээрлик өзгөргөн эмес. 

Жаңылыктар түрмөгү
0