2020-2021-окуу жылындагы каникулдардын календары

Жазылуу
2020-2021-окуу жылында мектеп окуучулары кайсы убакта каникулга чыга турганын Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган макаладан окуңуздар.

Билим берүү жана илим министрлиги берген маалыматка ылайык, мектептер күзгү каникулга 2-ноябрдан 9-ноябрга чейин тарамай болушту. Тагыраагы, бир жума эс алышат.

Өлкөдө көзү азиздер үчүн окуу китептер басып чыгарылды

Кышкы каникул жылдагыдай 2020-жылдын 30-декабрынан 2021-жылдын 11-январына чейин созулат. Ал эми жазгы каникул 2021-жылдын 22-30-мартында деп белгиленди. Ал эми жайкы каникул 25-майдан тарта баштала турганы божомолдонду. Министрлик үчүнчү чейректе 1-класстын окуучулары үчүн кошумча каникул мөөнөтү бериле турганын кошумчалады. Бирок анын баары райондук, шаардык билим берүү башкармалыктары менен макулдашылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0