Катарында жумушу жок талапкерлер басымдуулук кылган партиялар. Инфографика

544
(жаңыланган 12:17 10.09.2020)
Учурда депутаттыкка талапкер болгон ар бир үчүнчү кишинин жумушу жок. Ишсиздердин көбүн "Мекен Ынтымагы" партиясынан учуратууга болот.
Жумушсузу көп партиялар

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчылары Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын сайтында көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесин карап чыгып, кайсы саясий партиянын катарында жумушсуздар көп экенин аныкташты.

Партиялардын бюллетендеги катар номерлери бекиди. Ким канчанчы болуп жазылат?

Депутаттыкка талапкер болгон жалпы 1 918 кишинин ар үчүнчүсүнүн жумушу жок. Иштебегендердин көпчүлүгү "Мекен Ынтымагы" партиясында. Анын катарында талапкерлердин 71 пайызы ишсиз.

Экинчи сапта "Республика" турат, анда жумушсуздар тизменин жарымынан көп. Ошондой эле "Ата Мекен" партиясында дагы ушундай талапкерлер көбүрөөк.

Ал эми "Чоң Казат" партиясында иши жоктор азыраак деп эсептелинип, алар жалпы тизмесинин 7 пайызын түзөрү маалым болду.

544
Белгилер:
жумуш, талапкер, саясый партия, шайлоо, БШК
Тема:
Шайлоо-2020 (145)
Тема боюнча
БШК "Бүтүн Кыргызстандын" шайлоого катышуусуна уруксат берди, сот болбойт
Баары 21де. Жогорку Кеңешке аттанган эң жаш 10 талапкердин билими, иштеген жери

Шайлоодо ат салышчу партиялардын талапкерлери. Толук тизме

530
(жаңыланган 12:08 18.09.2020)
Октябрь айында болчу Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого жалпысынан 16 саясий партия, алардын катарында 2 миңдей талапкер катышат. Тизмесин толугу менен Sputnik Кыргызстан даярдаган материалдан көрө аласыз.

4-октябрга белгиленген парламенттик шайлоого аттанган партиялардын тизмесин бир нече күн мурда Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия расмий сайтына жарыялаган.

Окурмандарга ыңгайлуу болушу үчүн Sputnik редакциясы бардык партияларды бир материалга чогултуп, бюллетендеги номерлерине жараша жайгаштырды. Ар бир талапкердин атынын жанында туулган жылы жана кызмат орду боюнча маалымат көрсөтүлгөн.

Баса, тизмеде шайлоо алдында мурдагы партиясына кол шилтеп, тагдырын башкага байлаган депутаттар дагы бар. Кыскасы, азыркы депутаттардын 84ү кайрадан шайлоого бара жатканын көрүүгө болот.

Буга чейин жарышка аттанган партиялар тууралуу керектүү фактыларды даярдаганбыз.

Депутат болгусу келгендердин кандай кесипти аркалаганы, билими жана жаш курагы сыяктуулар кызыктырса, бул материалга баш багыңыз.

530
Белгилер:
тизме, саясий партиялар, талапкер, шайлоо, Жогорку Кеңеш
Тема:
Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер — 2020
Тема боюнча
Депутат башында жаш келиндей. ЖКнын маалымат кызматынын жетекчисинин баяны
Түркия Кыргызстандагы парламенттик шайлоого 100 миң доллар бермей болду

Ижара акысы канча? Бишкек менен Ошто батир издегендер үчүн маалымат

122
(жаңыланган 16:36 17.09.2020)
Бул жумада борбор калаа Бишкекте эмереги бар бир бөлмөлүү батирдин ижара акысы 9 миңден 20 миңге чейин бааланса, Ошто 10-16 миңге чейин берилип жатат.

Sputnik Кыргызстан ар бейшемби сайын Бишкек менен Ош шаарларында турак жайдын ижара акысы кандай болуп жатканына көз салат. Баалар ачык маалымат булактарынан алынат.

Кыргызстанда там салуу канча турат? Инфографика

Учурда Бишкекте эмереги жок бир бөлмөлүү батирге 7-12 миң сом төлөп, ал эми эмереги бар батирге 9-20 миң төгүп жашаса болот. Ушул батирлерди тез арада берем деп жарнама кылгандар көп болуп, баалары дагы кыйла төмөндөгөнү байкалды. Маселен, эки бөлмөлүү батирлердин ижара акысы 10 миңден 21 миңге чейин деп турду. Ал эми үч бөлмөлүү батирлердин ижара наркы 14-40 миң сомго бааланды.

Ош шаарында жалгыз бөлмөлүү батирлерге 8 миңден 16 миң сомго чейин төлөп жашаса болот. Эмереги менен 10 миң сомдон башталды. Кызыгы, түштүк тарапта дагы эки бөлмөлүү батирлердин баасы арзандай түшкөн. Бул жумада беш миңден өйдө табууга мүмкүн. Үч бөлмөсү бар батирди 7 миңден 30 миңге чейин ижарага берип жатышканы маалым болду.

122
Белгилер:
бөлмө, батир, ижара, Ош, Бишкек, Кыргызстан
Тема боюнча
Бишкек менен Ошто батирлердин ижара акысы кандай өзгөрдү? Саресеп
Беляев: балдар үйүнөн чыккандар батир алыш үчүн өмүр бою кезекте турат
Шайлоо участкасында добуш берип аткан бишкектиктер. Архивдик сүрөт

БШК: көпчүлүк “баарына каршы” добуш берсе да ушул партиялар кайра шайлоого катышат

0
(жаңыланган 11:27 20.09.2020)
Соңку убакта социалдык тармактарда азыркы партиялардын парламентке келишине бөгөт коюу максатында баарына каршы добуш берүүнү активдүү үгүттөгөндөр болууда.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Эгер парламенттик шайлоодо “баарына каршы” графасына добуш бергендер көп болуп чыга турган болсо кайрадан ушул эле партиялар, азыркы тизмедеги талапкерлери менен шайлоого катышат алат. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Кайрат Осмоналиев билдирди.

Белгилей кетсек, мыйзам боюнча бир дагы партия жети пайыздык босогодон жогорку добуш ала албаса жана “баарына каршы” графасы биринчи сапка чыкса, кайрадан шайлоо өткөрүлөт.

Шайлоочу кимге добуш бергенин партиялар текшере алабы? БШКнын жообу

Соңку убакта социалдык тармактарда баарына каршы добуш берүүнө активдүү үгүттөгөндөр болууда. Алар эгер “баарына каршы” графасы биринчи орунга чыкса кайра шайлоо өтүп, азыркы партиялар ага катыша албай турганын айтып келишкен.

“Азыркы жана башка партиялар кайрадан катышууга укуктуу болот. Ошондой эле талапкерлердин тизмесин да өзгөртө алышат. Кайра шайлоо өткөрүү дайындалганда катышууну каалаган бардык партиялар арыз жазып, кайра башынан БШКдан каттоодон өтөт”, — деди Осмоналиев.

Ошондой эле ал “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Конституциялык мыйзамдын 38-беренесинде партияларга тиешелүү эреже жазылганын белгиледи.
Ага ылайык, кайра шайлоо өткөрүлгөн учурда, иш аракеттери шайлоону жараксыз деп таануу үчүн негиз болгон талапкерлер кайрадан шайлануучу укугуна ээ боло албайт.

Шайлоодо ат салышчу партиялардын талапкерлери. Толук тизме

Эгерде мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, шайлоо комиссиясынын кызматкерлеринин чечимдери шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тааныса, биринчи турдагы шайлоого катышкан партиялардын баары жана башкалары катыша алат.

Учурда Жогорку Кеңештин депутаты мандатын алууга 16 партия ат салышууда. Шайлоо 4-октябрга дайындалган.

0
Тема:
Шайлоо-2020 (145)
Тема боюнча
Админресурс колдонгондор кандай жазаланат? Мамкызматкерлер үчүн маалымдама