Бишкек менен Ошто батирлердин ижара акысы кандай өзгөрдү? Саресеп

245
(жаңыланган 19:08 10.09.2020)
Батирлердин ижара акысы бул аптада мурунку жумага салыштырмалуу өйдө-төмөн болуп өзгөргөн. Бишкекте бир жана эки бөлмөлүү үйдүн баасы кымбаттаса, Ошто арзандаганы байкалат.

Sputnik Кыргызстан ар бейшемби сайын Бишкек менен Ош шаарларында турак жайдын ижара акысы кандай болуп жатканына көз салат. Баалар ачык маалымат булактарынан алынат.

Бул жумада борбор калаада элита үйлөрдөн башка бардык түрдөгү батирлердин ижара акысы өзгөргөн.

Мисалы, мейманкана тибиндеги батирлердин наркы 500 сомго арзандап, 5000 сомду түзүп калган. Ал эми бир бөлмөлүү батирлер, тескерисинче, кымбаттаган. Мындай үйдү эмереги жок болсо 10 миң сомго, эгер эмереги менен десеңиз 11 миңден 20 миң сомго чейин табасыз.

Ош мэриясы жарандардын үй куруусуна көмөктөшкөн уникалдуу долбоорду баштайт

Эки бөлмөлүү батир мебели жок 10-13 миң сом болууда. Ижара акысы мурунку жумага салыштырмалуу миң сомго кымбаттаган. Ал эми үч бөлмөлүүлөрдүн ижарасы эки миң сомго жогорулаган, эмереги жок болсо 15-16 миң сомго алса болот.

Деген менен Ош шаарында өткөн аптага караганда бир бөлмөлүү батирлердин ижарасы миң сомго арзандаган. Аны менен катар эки бөлмөлүү үйлөрдүн ижара акысы да түшкөн. Ачык маалыматтарга караганда, эки бөлмөлүү экенине карабай эмереги жок болсо бештен сегиз миңге чейин, эмереги менен 13 миңден 20 миң сомго чейин алып жашаса болот.

245
Белгилер:
кымбаттоо, арзандоо, батир, ижара, Ош, Бишкек
Тема боюнча
Сагындык уулу: эми шаардыктар ижара боюнча онлайн кайрылышат
Эки шаарда тең кымбаттады. Батирдин ижара акысы канча болууда

Шайлоодо ат салышчу партиялардын талапкерлери. Толук тизме

713
(жаңыланган 12:08 18.09.2020)
Октябрь айында болчу Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого жалпысынан 16 саясий партия, алардын катарында 2 миңдей талапкер катышат. Тизмесин толугу менен Sputnik Кыргызстан даярдаган материалдан көрө аласыз.

4-октябрга белгиленген парламенттик шайлоого аттанган партиялардын тизмесин бир нече күн мурда Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия расмий сайтына жарыялаган.

Окурмандарга ыңгайлуу болушу үчүн Sputnik редакциясы бардык партияларды бир материалга чогултуп, бюллетендеги номерлерине жараша жайгаштырды. Ар бир талапкердин атынын жанында туулган жылы жана кызмат орду боюнча маалымат көрсөтүлгөн.

Баса, тизмеде шайлоо алдында мурдагы партиясына кол шилтеп, тагдырын башкага байлаган депутаттар дагы бар. Кыскасы, азыркы депутаттардын 84ү кайрадан шайлоого бара жатканын көрүүгө болот.

Буга чейин жарышка аттанган партиялар тууралуу керектүү фактыларды даярдаганбыз.

Депутат болгусу келгендердин кандай кесипти аркалаганы, билими жана жаш курагы сыяктуулар кызыктырса, бул материалга баш багыңыз.

713
Белгилер:
тизме, саясий партиялар, талапкер, шайлоо, Жогорку Кеңеш
Тема:
Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер — 2020
Тема боюнча
Депутат башында жаш келиндей. ЖКнын маалымат кызматынын жетекчисинин баяны
Түркия Кыргызстандагы парламенттик шайлоого 100 миң доллар бермей болду

Ижара акысы канча? Бишкек менен Ошто батир издегендер үчүн маалымат

124
(жаңыланган 16:36 17.09.2020)
Бул жумада борбор калаа Бишкекте эмереги бар бир бөлмөлүү батирдин ижара акысы 9 миңден 20 миңге чейин бааланса, Ошто 10-16 миңге чейин берилип жатат.

Sputnik Кыргызстан ар бейшемби сайын Бишкек менен Ош шаарларында турак жайдын ижара акысы кандай болуп жатканына көз салат. Баалар ачык маалымат булактарынан алынат.

Кыргызстанда там салуу канча турат? Инфографика

Учурда Бишкекте эмереги жок бир бөлмөлүү батирге 7-12 миң сом төлөп, ал эми эмереги бар батирге 9-20 миң төгүп жашаса болот. Ушул батирлерди тез арада берем деп жарнама кылгандар көп болуп, баалары дагы кыйла төмөндөгөнү байкалды. Маселен, эки бөлмөлүү батирлердин ижара акысы 10 миңден 21 миңге чейин деп турду. Ал эми үч бөлмөлүү батирлердин ижара наркы 14-40 миң сомго бааланды.

Ош шаарында жалгыз бөлмөлүү батирлерге 8 миңден 16 миң сомго чейин төлөп жашаса болот. Эмереги менен 10 миң сомдон башталды. Кызыгы, түштүк тарапта дагы эки бөлмөлүү батирлердин баасы арзандай түшкөн. Бул жумада беш миңден өйдө табууга мүмкүн. Үч бөлмөсү бар батирди 7 миңден 30 миңге чейин ижарага берип жатышканы маалым болду.

124
Белгилер:
бөлмө, батир, ижара, Ош, Бишкек, Кыргызстан
Тема боюнча
Бишкек менен Ошто батирлердин ижара акысы кандай өзгөрдү? Саресеп
Беляев: балдар үйүнөн чыккандар батир алыш үчүн өмүр бою кезекте турат
Кыргызстан Россия желектери. Архивдик сурөт

Бишкекте Кыргыз-Россия өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйыны башталды

0
(жаңыланган 15:49 22.09.2020)
Жыйындын алдында комиссиянын теңтөрагасы, Россиянын өкмөт башчысынын орун басары Алексей Оверчуктун КР президенти Сооронбай Жээнбеков жана премьер-министри Кубатбек Боронов менен жолугушуусу болгон.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Бишкекте Кыргызстан менен Россиянын өкмөттөр аралык комиссиясынын соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча 22-жыйыны башталды.

Анын алдында аталган комиссиянын теңтөрагасы, Россиянын өкмөт башчысынын орун басары Алексей Оверчуктун КР президенти Сооронбай Жээнбеков жана премьер-министри Кубатбек Боронов менен жолугушуусу болгон.

Жээнбеков Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешине өкүл болууга умтулганын эскертти

Мындан тышкары, Оверчук вице-премьер Эркин Асрандиев менен кезигип, бир катар экономикалык маселелер талкууланган.

Бүгүнкү кеңешмеде жыйынтыктоочу протоколго кол коюлуп, аягында өкмөт мүчөлөрү ЖМКга маалымат берет.

0
Белгилер:
жыйын, Россия, Кыргызстан
Тема боюнча
Жээнбеков Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешине өкүл болууга умтулганын эскертти