Кайсы партияда жогорку билимдүү талапкерлер көбүрөөк? Рейтинг

1070
Жогорку Кеңештин депутаты болууга камынып турган 2 032 талапкердин көбүнүн жогорку билими бар. Sputnik БШК жарыялаган маалыматка карап кайсы партияда жогорку билимге ээ талапкерлер көбүрөөк экенине саресеп салды.

Жалпысынан алганда 2 032 талапкердин ичинен 1718и жогорку окуу жайды бүткөн. Депутаттыкка ат салышып жаткан калган 314үнүн орто, орто адистик же орто кесиптик билими бар.

Бир эле телеканалга 3 млн. сом берип... Партиялар акчасын кайда чачып жатат

Пайыздык чек менен эсептегенде жогорку билимдүүлөр "Бир Бол" менен "Мекеним Кыргызстан" партияларында көп экени айтылат. "Биримдик" менен "Реформанын" талапкерлеринин 92 пайызы жогорку билимге ээ. "Ыйман Нуру" партиясында 91 пайызы билимдүү экени жазылган.

Ал эми "Афган согушунун ардагерлери" партиясында жогорку билимдүүлөр баарынан аз экени көрсөтүлгөн.

1070
Белгилер:
билим, шайлоо, депутат, талапкер, саясый партия
Тема:
Шайлоо-2020 (163)
Тема боюнча
Катарында жумушу жок талапкерлер басымдуулук кылган партиялар. Инфографика
Кайсы партия жаштарды көбүрөөк чогултту? Жаш курак боюнча инфографика

Бишкек менен Оштогу батирлердин ижара акысы. Жаңыланган маалымат

105
Бул аптадагы бааларга ылайык, баш калаада бир бөлмөлүү батирдин ижара акысы 9 миң сомдон 20 миңге чейин жетти. Ош шаарында болсо турак жайдын ижарасы 10 миң сомдон 16 миңге чейин бааланууда.

Ар жума сайын Sputnik агенттиги ачык булактардан маалыматтарды топтоп, Бишкек жана Ош шаарларындагы батирлердин ижара акысына байкоо салып турат.

Бишкекте эмеректери жок бир бөлмөлүү батирди жайгашкан жери жана абалына жараша 8 миңден 11 миң сомго чейин ижарага алса болот. Эмеректери бар турак жайлар 9 миңден 20 миң сомго чейин бааланууда. Эки бөлмөлүү батирдин ижара акысы 12 миңден 21 миңге чейин, үч бөлмөлүү батир 13 миңден тарта 40 миң сомго чейин жетет.

Ошто муниципалдык ипотека аркылуу берилчү көп кабаттуу үй курула баштады. Эскиз

Ош шаарында болсо эмеректери жок бир бөлмөлүү батирди 8 миң сомго ижарага сунуш кылышат. Эмеректери бар батирдин акысы 10-16 миң сом болууда. Ал эми эки бөлмөлүү батирди 8ден 20 миң сомго чейин ижарага алууга болот. Үч бөлмөлүү турак жай эмеректери менен 15 миңден 30 миң сомго чейин бааланууда. Эмеректери жок үч бөлмөлүү батирди 4 миңден 15 миң сомго чейин алууга болот.

105
Белгилер:
акы, ижара, батир, Ош, Бишкек, Кыргызстан
Тема боюнча
Ижара акысы канча? Бишкек менен Ошто батир издегендер үчүн маалымат

Шайлоодо ат салышчу партиялардын талапкерлери. Толук тизме

825
(жаңыланган 12:08 18.09.2020)
Октябрь айында болчу Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого жалпысынан 16 саясий партия, алардын катарында 2 миңдей талапкер катышат. Тизмесин толугу менен Sputnik Кыргызстан даярдаган материалдан көрө аласыз.

4-октябрга белгиленген парламенттик шайлоого аттанган партиялардын тизмесин бир нече күн мурда Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия расмий сайтына жарыялаган.

Окурмандарга ыңгайлуу болушу үчүн Sputnik редакциясы бардык партияларды бир материалга чогултуп, бюллетендеги номерлерине жараша жайгаштырды. Ар бир талапкердин атынын жанында туулган жылы жана кызмат орду боюнча маалымат көрсөтүлгөн.

Баса, тизмеде шайлоо алдында мурдагы партиясына кол шилтеп, тагдырын башкага байлаган депутаттар дагы бар. Кыскасы, азыркы депутаттардын 84ү кайрадан шайлоого бара жатканын көрүүгө болот.

Буга чейин жарышка аттанган партиялар тууралуу керектүү фактыларды даярдаганбыз.

Депутат болгусу келгендердин кандай кесипти аркалаганы, билими жана жаш курагы сыяктуулар кызыктырса, бул материалга баш багыңыз.

825
Белгилер:
тизме, саясий партиялар, талапкер, шайлоо, Жогорку Кеңеш
Тема:
Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер — 2020
Тема боюнча
Депутат башында жаш келиндей. ЖКнын маалымат кызматынын жетекчисинин баяны
Түркия Кыргызстандагы парламенттик шайлоого 100 миң доллар бермей болду

Кыргызстан тууралуу тасма эл аралык фестивалда гран-при алды. Видео

0
(жаңыланган 12:56 27.09.2020)
Тасмада дүйнөдө биринчилерден болуп суу тартыштыгына кептелген Кыргызстан тууралуу баяндалат. Фестивалда Россия, Норвегия, Финляндия жана Швеция режиссёрлорунун эмгектери көрсөтүлдү.

Кыргызстандагы суу тартыштыгы тууралуу баяндаган "Вода. Время жажды" даректүү тасмасы “Түндүктүн мүнөзү: green screen" фестивалында гран-при сыйлыгына татыды. Бул тууралуу "Би-порт" сайты жазды

Режиссёр Евгений Безбородовдун тасмасында дүйнөдө биринчилерден болуп суу тартыштыгына кептелген Кыргызстан тууралуу көрсөтүлөт. Автор бүтүндөй адам баласынын көйгөйүн бир өлкөнүн мисалында чагылдырат.

Шевченко катышкан Холли Берринин тасмасын Netflix чоң акчага сатып алды

Иркутск облустук кинофондунун YouTube-каналында тасманын трейлери жүктөлгөн. Фильм 39 мүнөткө созулат.

"Суунун жаратылышта түбөлүктүү айлануусу. Миңдеген жылдар бою адам бул мыйзам менен жашап келген. Бирок XXI кылымда адам баласы чоң көйгөйгө кептелди. Мөңгүлөрдүн, тоодон аккан таза суунун мекени болгон Кыргызстан суу тартыштыгы менен дүйнөдө биринчилерден болуп жабыркай баштады. Суунун бир тамчысы жана өлкөдөгү көйгөйлөр аркылуу бүткүл адам баласынын трагедиясы көрсөтүлдү”, — деп айтылат сүрөттөмөдө.

Фестивалда Россия, Норвегия, Финляндия жана Швеция режиссёрлорунун эмгектери көрсөтүлдү.

“Түндүктүн мүнөзү: green screen" — экологиялык жана социалдык тасмалардын эл аралык фестивалы.

0
Белгилер:
фестиваль, сыйлык, тасма, көйгөй, Суу, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргыз режиссёрунун "Көл" тасмасы Кытайдагы ири фестивалга чакыруу алды