Кыргызстанда суроо-талап күч унаалардын учурдагы баасы. Инфографика

844
(жаңыланган 16:24 12.09.2020)
Sputnik Кыргызстан агенттиги популярдуу делген унаалардын баасын талдап көрдү. Акыркы жумада өлкөдөгү эң көп талап кылынган 10 автокөлүктүн наркы кандай өзгөргөнүн айтып беребиз.

Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматы боюнча, калктын арасында суроо-талап төмөнкү унааларга күч:

  • 5-сериядагы BMW;
  • Daewoo Matiz;
  • Daewoo Nexia;
  • Honda Accord;
  • Honda CR-V;
  • Honda Fit;
  • Honda Odyssey;
  • Mercedes-Benz E-класс;
  • Toyota Camry;
  • Volkswagen Passat.

Sputnik автоунаалар сатыкка коюлган төрт интернет ресурска баш багып, бааларын талдап көрдү. Алар: autobaza.kg, cars.kg, turbo.kg, mashina.kg (баарынын наркы дээрлик айырмаланбайт).

Окурмандарга ыңгайлуу болуш үчүн автокөлүктүн орточо баасын чыгарууну чечтик. Буга чейинки анализ 4-сентябрда, акыркысы 11-сентябрда жүргүзүлдү. Орто эсеп менен алганда көпчүлүк машиналардын наркы 50-100 долларга өзгөргөн. Бирок баалар автоунаанын техникалык абалына, чыгарылган жылына жараша, ошондой эле тез арада сатылышына да карайт. Бул факторлор аналитикалык маалыматка таасир этиши мүмкүндүгүн белгилей кетели.

Кыргызстанга автоунаа кайсы өлкөлөрдөн кирет. Акыркы 5 жылдагы рейтинг

Соңку аптанын ичинде баарынан да Honda CR-V үлгүсүндөгү унаанын баасы өзгөрүп, орточо баасы 8 751 долларды түздү. Бир жума мурун 9 016 долларга сатылган. Ошол эле учурда Toyota Camry 400 долларга кымбаттаган. Башка үлгүдөгү автокөлүктөрдүн баасы дээрлик өзгөргөн эмес.

844
Белгилер:
баа, унаа, Кыргызстан
Тема боюнча
Бишкектен облус, район, айылдарга канча сом менен барууга болот. Жол кире

Шайлоодо ат салышчу партиялардын талапкерлери. Толук тизме

758
(жаңыланган 12:08 18.09.2020)
Октябрь айында болчу Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого жалпысынан 16 саясий партия, алардын катарында 2 миңдей талапкер катышат. Тизмесин толугу менен Sputnik Кыргызстан даярдаган материалдан көрө аласыз.

4-октябрга белгиленген парламенттик шайлоого аттанган партиялардын тизмесин бир нече күн мурда Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия расмий сайтына жарыялаган.

Окурмандарга ыңгайлуу болушу үчүн Sputnik редакциясы бардык партияларды бир материалга чогултуп, бюллетендеги номерлерине жараша жайгаштырды. Ар бир талапкердин атынын жанында туулган жылы жана кызмат орду боюнча маалымат көрсөтүлгөн.

Баса, тизмеде шайлоо алдында мурдагы партиясына кол шилтеп, тагдырын башкага байлаган депутаттар дагы бар. Кыскасы, азыркы депутаттардын 84ү кайрадан шайлоого бара жатканын көрүүгө болот.

Буга чейин жарышка аттанган партиялар тууралуу керектүү фактыларды даярдаганбыз.

Депутат болгусу келгендердин кандай кесипти аркалаганы, билими жана жаш курагы сыяктуулар кызыктырса, бул материалга баш багыңыз.

758
Белгилер:
тизме, саясий партиялар, талапкер, шайлоо, Жогорку Кеңеш
Тема:
Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер — 2020
Тема боюнча
Депутат башында жаш келиндей. ЖКнын маалымат кызматынын жетекчисинин баяны
Түркия Кыргызстандагы парламенттик шайлоого 100 миң доллар бермей болду

Ижара акысы канча? Бишкек менен Ошто батир издегендер үчүн маалымат

126
(жаңыланган 16:36 17.09.2020)
Бул жумада борбор калаа Бишкекте эмереги бар бир бөлмөлүү батирдин ижара акысы 9 миңден 20 миңге чейин бааланса, Ошто 10-16 миңге чейин берилип жатат.

Sputnik Кыргызстан ар бейшемби сайын Бишкек менен Ош шаарларында турак жайдын ижара акысы кандай болуп жатканына көз салат. Баалар ачык маалымат булактарынан алынат.

Кыргызстанда там салуу канча турат? Инфографика

Учурда Бишкекте эмереги жок бир бөлмөлүү батирге 7-12 миң сом төлөп, ал эми эмереги бар батирге 9-20 миң төгүп жашаса болот. Ушул батирлерди тез арада берем деп жарнама кылгандар көп болуп, баалары дагы кыйла төмөндөгөнү байкалды. Маселен, эки бөлмөлүү батирлердин ижара акысы 10 миңден 21 миңге чейин деп турду. Ал эми үч бөлмөлүү батирлердин ижара наркы 14-40 миң сомго бааланды.

Ош шаарында жалгыз бөлмөлүү батирлерге 8 миңден 16 миң сомго чейин төлөп жашаса болот. Эмереги менен 10 миң сомдон башталды. Кызыгы, түштүк тарапта дагы эки бөлмөлүү батирлердин баасы арзандай түшкөн. Бул жумада беш миңден өйдө табууга мүмкүн. Үч бөлмөсү бар батирди 7 миңден 30 миңге чейин ижарага берип жатышканы маалым болду.

126
Белгилер:
бөлмө, батир, ижара, Ош, Бишкек, Кыргызстан
Тема боюнча
Бишкек менен Ошто батирлердин ижара акысы кандай өзгөрдү? Саресеп
Беляев: балдар үйүнөн чыккандар батир алыш үчүн өмүр бою кезекте турат
Бир рубль монетасы жана долларлык монета жана купюрасы. Архив

Россияда доллардын баасы кескин кымбаттап кетти

0
(жаңыланган 00:14 24.09.2020)
Доллардын сомго карата баасы сезилерлик өзгөргөн жок. Анткен менен Россия акчасынын наркы түшүп кетиши, доллардын Кыргызстандагы баасына таасир этип койгон учурлар көп.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Россияда апрель айынан бери биринчи жолу доллар 77 рублге чыгып, кескин кымбаттады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Москва биржасынын маалыматына караганда, бир доллар Бишкек убактысы боюнча саат 20:24тө 77,07 рублди түздү (96 тыйынга кымбаттады). Ал эми евро 80 тыйынга кымбаттап, 89,93 рубль болду.

Белгилей кетсек, доллардын сомго карата баасы сезилерлик өзгөргөн жок. Анткен менен Россия акчасынын наркы түшүп кетиши, доллардын Кыргызстандагы баасына таасир этип койгон учурлар көп.

0
Белгилер:
баа, доллар, Россия
Тема боюнча
Россияда евронун баасы рекорддук көрсөткүчкө жетти. Кыргызстанда абал кандай?