2020-жылкы парламенттик шайлоо кандай өтүп жатат?

9220
(жаңыланган 12:07 04.10.2020)
Ушу тапта өтүп жаткан парламенттик шайлоонун жүрүшү, өлкө боюнча, анын ичинде облустарда жалпы канча шайлоочу добуш бергенин Sputnik Кыргызстан агенттигинин жаңыртылган инфографикасынан биле аласыздар.

Бүгүн, 4-октябрда, Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өтүп жатат. Добуш берүүнүн жүрүшү тууралуу маалыматтар Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия тарабынан берилген.

Инфографика жаңы билдирмелер келген сайын жаңыртылып турат. Өлкө боюнча жалпы 2 475 шайлоо участогу ачык. Анын 45и чет өлкөдөгү кыргызстандыктар үчүн иштеп жатат.

Коронавирус пандемиясы убагында шайлоочулардын ден соолугуна зыян келтирип албаш үчүн БШК Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте атайын алгоритм иштеп чыккан.

Ага ылайык, шайлоо участокторуна киргенде ар бир адамдын дене табы текшерилиши керек. Ал эми БШКнын бардык мүчөлөрү жана шайлоочулар бет кап жана кол кап менен камсыз болушу шарт.

Мындан сырткары, добуш берүү учурунда аралык сакталып, бир дагы адам бири-бири менен байланышта болбошу керек. Бул үчүн атайын көрсөтүп турган сызыктар чийилет.

Шайлоого биометрикалык маалыматтарын тапшырган 3 миллион 523 миң 532 адам катыша алат. Бул беш жыл мурда өткөрүлгөн парламенттик шайлоодон болжол менен 28 пайызга көп. Дээрлик жарым миллион шайлоочу № 2 формасы менен добуш берет. Ал адамдарга катталган жеринде эмес, жашаган жеринен шайлоого жол ачат. Башкача айтканда, шайлоочу катталган жерине барып убара болбойт.

Шайлоо участоктору жабылгандан кийин БШК автоматтык түрдө эсептөөнүн жыйынтыгын алат. Бирок 2020-жылкы шайлоонун акыркы жыйынтыгы бюллетенди кол менен эсептегенден кийин гана белгилүү болот.

Парламенттен орун алууга 16 саясий партия ат салышууда. Тандоо алдында алар тууралуу кызыктуу фактыларды окуп коюну сунуштайбыз.

9220
Белгилер:
депутат, инфографика, алгоритм, шайлоо, Жогорку Кеңеш, Кыргызстан
Тема:
Шайлоо-2020 (253)
Тема боюнча
Парламент деген эмне? Кандайча пайда болгон жана эмне үчүн зарыл?
Добуш сатып алгандар жазаланат! Жээнбеков элге, талапкерлерге кайрылды

Кыргызстанда кайсы улуттун өкүлдөрү азая баштады. Инфографика

1970
(жаңыланган 16:06 27.10.2020)
Акыркы беш жылда жалпы жонунан кыргызстандыктардын саны көбөйгөн, анткен менен айрым этностор азайгандан азайып баратат.

Кыргызстандагы ар улуттун өкүлдөрүнүн саны акыркы беш жылда кандай өзгөргөнүн Sputnik агенттигинин кабарчылары Улуттук статистика комитетинин маалыматтарын карап билип көрдү.

Ведомствонун маалыматына караганда, орустардын саны тездик менен азаюуда. Беш жылдын ичинде алардын саны 20 миңге кыскарган. Украиналыктар дагы азайганы байкалды, жалпы жонунан 3,5 миң кишиге кемиген.

Статком: Кыргызстанда эркектерге караганда билимдүү аялдар көп

Тизмеге ошондой эле немистер, беларустар, еврейлер, молдавандар, эстондор, латыштар, армяндар, грузиндер жана литвалыктар кирди.

Ал эми кыргыздардын саны жыл сайын өсүп жатат. Беш жылдын ичинде жарым миллионго көбөйгөн. Өзбектерге болсо 107 миң адам кошулду.

Мындан сырткары, дунгандар, тажиктер, уйгурлар, түрктөр, казактар, азербайжандар, татарлар, кореецтер, түркмөндөр жана чечендер көбөйгөн.

1970
Белгилер:
статистика, улут, Кыргызстан
Тема боюнча
Бишкек менен Ошто ижарага берилчү батирлердин ушул аптадагы баасы. Инфографика

Бишкек менен Ошто ижарага берилчү батирлердин ушул аптадагы баасы. Инфографика

250
Бул жумада борбордогу эмереги менен берилүүчү бир бөлмөлүү батир 10 миңден 20 миң сомго чейин болду. Ошто бир бөлмөлүү батирди 7-16 миңге ижарага алууга болот.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы жума сайын Бишкек жана Оштогу батирдин ижара акысына ачык маалыматтар аркылуу байкоо салып турат.

Бул аптада борбордон эмереги жок бир бөлмөлүү батирди 9 миңден 13 миңге чейин, эмереги менен 10 миңден 20 миңге чейин ала аласыз. Баага үй жайгашкан район жана жасалгасы таасир этет.

Ал эми эки бөлмөлүүлөр 12 миңден 21 миңге, үч бөлмөлүү батирлер 16 миңден 40 миңге чейин болууда.

Ошто эмереги жок бир бөлмөлүү батирлер жети миңден сегиз миңге чейин, эмереги бары жети миңден он алты миңге жетүүдө. Эки бөлмөлүү батирди сегиз миңден 20 миңге чейин, үч бөлмөлүүлөрдү жети миңден 30 миңге чейин тапса болот.

250
Белгилер:
баа, ижара, батир, Ош, Бишкек, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргызстанда көпчүлүктү кызыктырган автоунаалар канчадан сатылууда. Саресеп
Медициналык факультеттин студенттери. Архив

Пакистандын кара тизмесиндеги медициналык окуу жайлардын ректорлору эмне дейт

96
(жаңыланган 19:40 29.10.2020)
Пакистан Кыргызстандын бардык медициналык окуу жайларын кара тизмеге киргизди. Үч окуу жайдын ректорлору мындай чечимдин себебин айтып беришти.

Бүгүн Пакистан Кыргызстандын медицина адистерин даярдаган окуу жайларын кара тизмеге киргизгени маалым болду. Өлкө мындай чечимин Кыргызстандан билим алган студенттердин 90 пайызы Пакистандын медицина кеңешинен милдеттүү түрдө каралган экзаменди тапшыра албай, дипломдору таанылбай жатканы менен түшүндүрдү.

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Кыргызстан аталган тизмеге билим берүүнүн начар сапатынан улам киргенин боолголоодо. Мындан тышкары, окуу жайлардын басымдуу бөлүгү эл аралык аккредитациядан өткөн эмес.

Sputnik агенттиги бир нече окуу жайдын ректорлору менен байланышып, түзүлгөн кырдаалды түшүндүрүп берүүнү өтүндү.

Министр Пакистандын элчиси менен кара тизмеге кирген ЖОЖдорду талкуулады

КММА

Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медицина академиясында Пакистандан келген жүздөгөн студент билим алат. Ректор Индира Кудайбергенованын айтымында, алардын саны төрт жыл мурун, өлкөгө комиссия келип кеткенден кийин өскөн.

Профессор, доктор медицинских наук, ректор КГМА Индира Кудайбергенова. Архивное фото
© Фото / пресс-служба КГМА
Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын ректору Индира Кудайбергенова
"2016-жылы республикага Пакистандан атайын комиссия келген. Ал өлкөнүн төрт окуу жайын талапка жооп берет деп тапкан, анын ичинде Медакадемия да бар. Калганы жактырылган эмес. Бул төрт жылдын ичинде 9-10 медициналык окуу жай ачылып кетти. Чакан өлкөгө мынча медициналык ЖОЖдун эмне кереги бар деген кадыресе суроо туулат", — деди Кудайбергенова.

Ректордун айтымында, кыргызстандык окуу жайлардын айрым бөлүгү чет өлкөлүк студенттерди окута алат, буга бардык шарты бар.

"Менимче, бул жаңылыштык болуп калды. Медиктерди даярдаган окуу жайлардын баарын бир катарга коюп коюшуптур, тизмеге бардык ЖОЖдор кирип калган. Бирок төрт-бешөөнүн чет элдик студенттердин окутууга бардык мүмкүнчүлүгү бар. Биз Пакистандын медицина кеңеши 2016-жылы талапка ылайык келет деп таап кеткен окуу жайларды тизмеден чыгарууну өтүнүп кайрылуу жасадык", — деди Кудайбергенова.

Жетекчи КММАда Сирия, Корея жана башка мамлекеттерден келген студенттер да билим аларын кошумчалады.

Инфекционист, эпидемиолог көздөн учту. Жети дубандын эли кантип дарыланууда

Эл аралык жогорку медицина мектеби (ЭЖММ)

ЭЖММ — Кыргызстандын эл аралык университетинин академиялык консорциумунун структуралык бөлүмү. Студенттердин басымдуу бөлүгү чет өлкөлүктөр. Ректор, профессор Сталбек Ахунбаевдин айтымында, түзүлгөн кырдаал күтүлүп эле келген: биринчи коңгуроо Пакистан медициналык билим берүү маселелери боюнча биргелешкен комиссия түзүп, Кыргызстанга жибергенде эле кагылган.

"Комиссия мүчөлөрүн биздин өлкөдөгү ар бир окуу жай өзүнүн программасы менен иштей турганы, ошондой эле медициналык билим берүүнү тескеген кесипкөй ассоциациянын жоктугу абдан таң калтырган. Ошондон кийин комиссия тааныган төрт окуу жай эл аралык өнөктөштөр менен иштешүүгө ыңгайлуу болушу үчүн ассоциация түзүү чечимин кабыл алган", — деп түшүндүрүп берди Ахунбаев.

Ректордун айтымында, Кыргызстанда билим берүү ишмердүүлүгү үчүн лицензия алуу кыйла жеңил.

"Талап андай катаал эмес, кыска убакытта медиктерди даярдаган көп окуу жайдын ачылып кеткени да ушундан. Азыр мындай окуу жайлардын саны 20га чукулдап калды. Бул чакан мамлекет үчүн өтө көп", — деди жетекчи.

Ахунбаев кара тизме түзүүдө Пакистан окуу жайдын өзүн эмес, жалпы өлкөнү карай турганын белгиледи.

"Кара тизмеге мамлекет кирет. Учурунда пакистандык студенттер үчүн Румыния да "жабылган". Куба да ушундай тагдырга туш болгон", — деди ректор.

Ахунбаевдин баамында, Пакистандын медицина кеңеши Кыргызстанга комиссия жөнөтөт, бирок бул качан ишке ашары белгисиз. Мындан улам министр менен жолуккан ректорлор көйгөйдү чечүү боюнча алгачкы аракеттерин сунушташкан.

"Биз Пакистанга кара тизмени кайра карап чыгууну сунушташыбыз керек экенин, биринчи этабында 2016-жылы талапка жооп берет деген төрт окуу жайды андан чыгаруу керектигин айттык. Экинчиден, окуу жайлардын топторго бөлүп, аталган тизмеден чыгуу жолдорун иштеп чыгуу зарылдыгын белгиледик", — деди жетекчи.

Венгрия: кыргызстандык студенттерге бекер окуу шарты түзүлдү

"Ала-Тоо" эл аралык университети

"Ала-Тоо" эл аралык университетинин ректору, доцент Санжарбек Эрдолатов окуу жайдын медицина факультети алгачкы студенттерди былтыртан тарта кабыл ала баштаганын билдирди. Анын айтымында, университет дарыгерлерди даярдап чыгара элек, бирок билим алуу үчүн окуу жайда бардык шарт бар.

Ректор международного университета Ала-Тоо доцент, Санжарбек Эрдолатов
© Фото / предоставлено Санжарбеком Эрдолатовым
"Ала-Тоо" эл аралык университетинин ректору, доцент Санжарбек Эрдолатов
"Бул көйгөйдөн чыгып кетерибизге ишенем. Комиссия Кыргызстанга келип, пакистандык студенттерге кайсы окуу жайлар төп келерин аныктап кетсе болот. Биздин окуу жайда эл аралык стандарттарга жооп берген заманбап лаборатория иштейт", — деди ал.

Эрдолатовдун айтымында, Кыргызстанга келген пакистандык студенттер кабылган көйгөйлөрдүн бири — жергиликтүү окутуучулардын англис тилинин деңгээли.

"Пакистандык студенттер окутуучулар тийиштүү деңгээлде англис тилин билбегендиктен да сапаттуу билим ала албай жатышат. Биз, мисалы, лекторлорду башка өлкөлөрдөн чакырабыз", — деди ректор.

Ал айрым учурда чет элдик студенттер билим алуу шарты менен жатакана боюнча да көйгөйгө тушугарын белгиледи.

"Мен студенттерге бирди көрсөтүп, алар келгенден кийин таптакыр башка көрүнүшкө туш болорун уккам. Мисалы, башка жатакананын эле сүрөтүн пайдаланышат да, студент Кыргызстанга келгенден кийин нааразы болот", — деди Эрдолатов.

Ректор учурда билим алып жаткан пакистандык студенттерге окуусун аяктоого мүмкүнчүлүк берүү керек деген пикирин кошумчалады.

96
Белгилер:
кара тизме, медицина, ЖОЖ, окуу жай, Пакистан, Кыргызстан
Тема боюнча
Пакистан Кыргызстандын медициналык окуу жайларын кара тизмеге киргизди. Себеби