Аймактардагы эл кайсы партияга добуш берди. Интерактивдүү карта

(жаңыланган 16:29 05.10.2020)
Өлкөнүн аймактарында жашаган кыргызстандыктар кайсы партияга добуш бергенин, ошондой эле кечээки шайлоого канча шайлоочу келгенин Sputnik Кыргызстан агенттигинин интерактивдүү картасынан көрүңүздөр.

Борбордук шайлоо комиссиясынын алдын ала берген маалыматы боюнча, төрт партия 7 пайыздык босогодон өттү:

  • "Биримдик" — 24,54%;
  • "Мекеним Кыргызстан" — 23,92%;
  • "Бүтүн Кыргызстан" — 7,1%;
  • "Кыргызстан" — 8,79%.

Шайлоочулардын тизмесине 3 миллион 523 миң 554 киши кирген, бирок добушту 56,2 пайызы (1 миллион 980 миң 240 шайлоочу) гана берген.

Жаңы чакырылышка кимдер депутат болуп келди? Болжолдуу тизме

Sputnik агенттигинин интерактивдүү картасынан кыргызстандыктар кандай добуш бергендигин, ошондой эле кайсы облуста жана кайсы шаарда шайлоочулардын активдүүлүгү жогору болгонун көрө аласыз.

Белгилер:
добуш берүү, саясый партия, шайлоо, Кыргызстан
Тема:
Шайлоо-2020 (253)
Тема боюнча
Кыргызстанда парламенттик шайлоо кандай өттү? Күндүн урунттуу учурлары

Жаңы Конституциянын долбооруна аймактар кандай добуш берди. Карта

(жаңыланган 23:01 11.04.2021)
Жаңы Конституциянын долбооруна өлкө аймагындагылар кандай добуш бергенин Sputnik Кыргызстан агенттигинин интерактивдүү картасынан көрө аласыздар.

Жергиликтүү кеңешке шайлоо менен катар 11-апрелде Кыргызстанда жаңы Конституциянын долбоору боюнча референдум дагы өттү.

Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүүнүн автоматтык саноочу урнасынын (АСУ) болжолдуу жыйынтыгын жарыялады. Sputnik Кыргызстан агенттиги өлкөнүн ар бир районунда добуш берүү кандай болгонун так көрсөтүү үчүн атайын карта даярдады.

Баш мыйзамдын жаңы долбооруна "макул" же "каршы" деп добуш берүү укугуна өлкө боюнча 3,6 миллион адам ээ болгон. Белгилей кетсек, инфографикадагы көрсөткүчтөр референдумдун болжолдуу жыйынтыгы гана болуп саналат. Расмий жыйынтык кол менен санаган соң гана маалым болот.

Эске салсак, Конституциянын жаңы долбоору боюнча өлкөдө бийлик алмашкандан тарта сөз болуп келе жатат. Былтыркы жылдын ноябрь айында парламенттин сайтында мыйзам долбоору жарыяланган.

Документ коомчулукта резонанс жаратып, өлкөдө Конституциялык кеңешме түзүлгөн. Ушул жылдын февраль айында Жогорку Кеңеш Конституциялык кеңешме мүчөлөрүнүн ой-пикирин эске алуу менен документти жарыялаган. Андан кийин эл өкүлдөрү референдум өткөрүүнүн датасын жактырышкан.

Бишкек шаарындагы жана өлкө аймагындагы добуш берүүнүн жүрүшү боюнча кызыктуу, ыкчам жана кыска маалыматтарды Sputnik Кыргызстандын Telegram каналынан окуй аласыздар.

Белгилер:
референдум, добуш берүү, долбоор, конституция
Тема:
Жаңы Конституциянын долбоору жана референдум
Тема боюнча
Бишкекте участкадан тышкаркы алты тилкеде добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыкты
БШК: шайлоо участкаларында 11 миң милиция кызматкери иштеп жатат
БШК канча шайлоочу мөөнөтүнөн мурда добуш бергенин айтты

Референдумга катышкан шайлоочулардын саны. Улам жаңыланган график

(жаңыланган 11:07 11.04.2021)
Жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо менен катар өтүп жаткан жаңы Конституциянын долбоору боюнча референдумга катышкандар тууралуу маалыматты Sputnik Кыргызстандын жаңыланган материалынан окуңуз.

Бүгүн, 11-апрелде, Кыргызстанда жаңы Конституциянын долбоору боюнча референдум өтүп жатат. Добуш берүүнүн жүрүшүнө Борбордук шайлоо комиссиясы көз салууда. Катышкан шайлоочулардын саны келип түшкөн маалыматтар боюнча жаңыланып турат.

Добуш берүү участкалары 8:00дөн 20:00гө чейин иштейт. Өлкөдө референдум менен кошо жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтүүдө. Референдумга тизмеге киргизилген шайлоочулардын 30 пайызы катышса, БШК жалпы элдик добуш берүүнү өттү деп эсептейт.

Кыргызстанда референдумда добуш берүү укугуна ээ болгондордун саны 3,6 миллиондон ашат. Жаңы Баш мыйзамдын долбоору боюнча жалпы элдик добуш берүүнү өткөрүүгө 55,6 миллион сом бөлүнгөн.

Конституциянын сунушталып жаткан долбоорунда президенттин ыйгарым укуктары кеңейтилген. Мамлекет башчысы аткаруу бийлигин жетектейт, эки мөөнөткө шайлануу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Мындан сырткары, мыйзамдарды демилгелей алат жана башка ыйгарым укуктарга ээ. Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары, депутаттардын саны кыскарат. Сунушталган баш мыйзамда эл өкүлдөрү азыркыдан 30га аз болот.

Долбоор кабыл алынып калса, өкмөттө министрлер кабинетин кайрадан түзүү боюнча олуттуу өзгөрүүлөр күтүлөт. Министрлер кабинетине президенттик администрациянын башчысы төрагалык кылат. Салыштыруу үчүн: учурда өкмөттү көптөгөн ыйгарым укукка ээ болгон премьер-министр жетектейт.

Долбоор элдик курултайды, ошондой эле "Кыргызстан элинин моралдык-этикалык баалуулуктарына, коомдун аң-сезимине каршы келген" иш-аракеттерди чектөөгө мүмкүндүк берген эрежени киргизүүнү камтыйт.

Мында сунуш кылынган өзгөрүүлөрдүн айрым гана бөлүктөрү айтылды. Баш мыйзамдын жаңы долбоорунун учурдагыдан айырмалары тууралуу төмөнкү материалдан окуңуз.

Белгилер:
конституция, өзгөрүү, референдум, добуш берүү
Тема:
Жаңы Конституциянын долбоору жана референдум
Тема боюнча
Бүгүн Кыргызстанда шайлоо алдындагы "жымжырттык күнү". Эрежеси
Партияны эмес, депутатты тандасын. ЖКда шайлоо мыйзамын өзгөртүү сунушталды
Шайлоо менен референдумду өткөрүүдөгү кемчиликтерге даттана аласыз. Телефондору
Биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков

Новиков адам уурдоодо ыкчам реакция кылуу алгоритмин иштеп чыгууну сунуштады

(жаңыланган 23:46 12.04.2021)
Новиковдун айтымында, бул кадам милициянын ыкчам иш алып баруусуна шарт түзүп, бюрократияны жоюуга жардам берет.

БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Биринчи вице-премьер Артём Новиков адам уурдоо фактысы катталган учурда “Коопсуз шаардын” камералары менен издөө боюнча алгоритм иштеп чыгууну сунуштады. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

  • Первый вице-премьер-министр КР Артем Новиков на совещании по вопросу насилия в отношении женщин и детей. 12 апреля 2021 года
    Биринчи вице-премьер Артём Новиков адам уурдоо фактысы катталган учурда “Коопсуз шаардын” камералары менен издөө боюнча алгоритм иштеп чыгууну сунуштады
    © Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
  • Первый вице-премьер-министр КР Артем Новиков на совещании по вопросу насилия в отношении женщин и детей. 12 апреля 2021 года
    Новиковдун айтымында, бул кадам милициянын ыкчам иш алып баруусуна шарт түзүп, бюрократияны жоюуга жардам берет
    © Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
1 / 2
© Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
Биринчи вице-премьер Артём Новиков адам уурдоо фактысы катталган учурда “Коопсуз шаардын” камералары менен издөө боюнча алгоритм иштеп чыгууну сунуштады

Новиковдун айтымында, бул кадам милициянын ыкчам иш алып баруусуна шарт түзүп, бюрократияны жоюуга жардам берет.

Ал аялдар менен балдарга карата зордук-зомбулукту алдын алуу маселелери боюнча кеңешме өткөрдү.

"Айзаданын (Канатбекова — ред.) трагедиялуу окуясы баарыбыздын жүрөгүбүздү оорутту. Тилекке каршы, бул жалгыз гана мисал эмес. Акыркы кезде жаңылыктардан мектеп окуучуларынын урушу, аялдардын кордолушу, жашы жете электердин зордукталышы тууралуу гана окуп калдык. Бүгүн биз бул нерселерди алдын алуу үчүн аракеттерди кылышыбыз керек”, — деди Новиков.

Новиков ала качуу боюнча жазаны күчөтүп, адам уурдоо беренесине теңөөнү сунуштады. Ал кагаз жүзүндө көптөгөн концепциялар, стратегиялар иштелип чыкканы менен турмушта колдонулбай келгенин кошумчалады.

Белгилер:
алгоритм, аял, бала, зомбулук, өкмөт, Артем Новиков
Тема боюнча
"Апаңды да өлтүрүп кетем" деп коркутуп жүрүптүр. Айзаданын жакындарынын видеомаеги
Айзада Канатбекованы уурдады делген шектүүлөр камакка алынды