Кыргызстандын тышкы карызы тездик менен өсүүдө. Инфографика

922
(жаңыланган 13:18 08.10.2020)
2020-жылдын июнь айындагы маалымат боюнча, Кыргызстан чет мамлекеттерге 4 миллиард 81 миллион доллар карыз. Бул мамлекеттик карыздын көлөмү тарыхый максимумга жеткен 2017-жылдагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 8 миллионго гана аз экенин белгилей кетели.
Кыргызстандын мамлекеттик тышкы карызы

Өлкөнүн тышкы мамлекеттик карызынын көлөмү тездик менен өсүүдө. Азыркы сандар 2017-жылдагы эң жогорку чекке жакындап баратат. Анда мамлекеттик карыздын суммасы 4,09 миллиард долларга жеткен болчу.

Кытайга болгон карыз кантип өстү? Кыргызстан аны жеңилдетүүнү суранууда

Азыр тышкы карыздын көлөмү 4 миллиард 81 миллион долларды түзөт. Буга карабастан жыл ичинде адам башына карызды эсептей келгенде 713 доллардан 626 долларга чейин азайды. Бирок бул өлкөдө төрөлүүнүн жогорку деңгээлине байланыштуу.

Кыргызстан эң көп бересе мамлекет — Кытай. Бул мамлекетке өлкө 1 миллиард 774 миллион доллар карыз.

922
Белгилер:
инфографика, Тышкы карыз, Кыргызстан
Тема боюнча
Өлкөдө бюджет тартыштыгынан айрым чыгымдар токтотулат

Бишкек менен Ошто ижарага берилчү батирлердин ушул аптадагы баасы. Инфографика

175
Бул жумада борбордогу эмереги менен берилүүчү бир бөлмөлүү батир 10 миңден 20 миң сомго чейин болду. Ошто бир бөлмөлүү батирди 7-16 миңге ижарага алууга болот.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы жума сайын Бишкек жана Оштогу батирдин ижара акысына ачык маалыматтар аркылуу байкоо салып турат.

Бул аптада борбордон эмереги жок бир бөлмөлүү батирди 9 миңден 13 миңге чейин, эмереги менен 10 миңден 20 миңге чейин ала аласыз. Баага үй жайгашкан район жана жасалгасы таасир этет.

Ал эми эки бөлмөлүүлөр 12 миңден 21 миңге, үч бөлмөлүү батирлер 16 миңден 40 миңге чейин болууда.

Ошто эмереги жок бир бөлмөлүү батирлер жети миңден сегиз миңге чейин, эмереги бары жети миңден он алты миңге жетүүдө. Эки бөлмөлүү батирди сегиз миңден 20 миңге чейин, үч бөлмөлүүлөрдү жети миңден 30 миңге чейин тапса болот.

175
Белгилер:
баа, ижара, батир, Ош, Бишкек, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргызстанда көпчүлүктү кызыктырган автоунаалар канчадан сатылууда. Саресеп

15 сомго кымбаттаптыр. 2020-жылдагы доллардын курсу. Инфографика

197
(жаңыланган 15:32 16.10.2020)
Кыргызстандыктардын көбүнүн көңүлү азыр өлкөдөгү саясий кырдаалга эле эмес, улам кымбаттап бара жаткан валюта рыногуна да бурулууда. 2020-жылдын ичинде республикада доллардын курсу кандай өзгөргөнүнө көз жүгүрттүк.
Курс доллара
© Sputnik / Даниил Сулайманов

Бүгүн, 16-октябрда, жеке банктарда доллардын баасы 81,7-81,85 сом болду. Бир жылда америка акчасы биринчи жолу көтөрүлүп жаткан жок. Эске салсак, 2020-жылдын биринчи январында доллар 65 сомдон сатылса, ал эми жазда 85 сомго чыгып кеткен. Буга бир четинен эпидемиологиялык абал да таасир этти. Жайында доллар бир аз түшүп, 75тен 78 сомго жеткен. Ал эми күзгө таяп, кайрадан өстү.

Ал эми 5-13-октябрдагы элдик толкундоолор учурунда “жашыл акчанын” баасы кайрадан кымбаттады. Кыргызстандын Улуттук банкы доллардын өсүп кетишине SWIFT системасы жана ага альтернатива болгон башка каналдар боюнча эл аралык операциялардын убактылуу токтоп калганы себепкер болгондугун айтты.

"Бул кыска мөөнөттүк секирик десек болот. Анткени кечээ эле эл аралык төлөмдөр жандандырылды, ошондой эле өлкөдөгү кырдаал да себепкер болууда. Азыркы тапта банк системасында чет өлкөлүк валюта жетиштүү көлөмдө, доллардын кымбатташына сырткы факторлор таасир эткен жок", — деп айтылат маалыматта.

Улуттук банк өлкөнүн ичиндеги жана тышындагы финансы рыногуна тыкыр көз салып тургандыгын, зарылдык жаралса тиешелүү операциялар жүргүзүлөрүн айткан.

197
Белгилер:
Улуттук банк, кымбаттоо, доллардын курсу, курс, доллар, Кыргызстан
Баткен облусунда чек ара бекетиндеги мунара. Архив

Асманга ок атылды. Кыргыз-тажик чек арасында кайрадан жаңжал чыкты

94
(жаңыланган 19:42 25.10.2020)
Тажик жарандары Үч-Төбө айылынан чек ара аркылуу жер алдынан суу түтүк өткөрүп жатканда кыргыз чек арачылары келип, ишти токтотууну талап кылышкан.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Кыргыз-тажик чек арасында чатак чыкканын Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады.

Ага ылайык, бүгүн, 25-октябрда, саат 17:00дөр чамасында тажик жарандары Баткен облусунун Үч-Төбө айылынан чек ара аркылуу жер алдынан суу түтүк өткөрүп башташкан.

"Окуя болгон жерге кыргыз чек арачылары барып, тактала элек аймактагы ишти токтотууну талап кылышкан. Бирок тажик тарап айткандарга баш ийбей, кайым айтышкан. Аскер кызматкерлеринин өмүрүн жана саламаттыгын сактоо максатында, ошондой эле абалдын курчуп кетпеши үчүн Кыргызстандын чек арачылары эскертүү иретинде асманга ок чыгарууга аргасыз болушту", — деп айтылат маалыматта.

Учурда түтүк өткөрүү иши токтотулду. Эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрү сүйлөшүү жүргүзүүдө. Ага жергиликтүү бийлик органдары менен укук коргоо органдарынын өкүлдөрү катышып жатат.
Мамлекетик чек аранын аталган аймагында абал туруктуу деп бааланды.

94
Белгилер:
ок атуу, Жаңжал, Мамлекеттик чек ара кызматы, Тажикстан, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргыз-өзбек жумушчу тобу чек арадагы чечиле элек тилкелерди карап чыгышты