Бишкек менен Оштогу батирлердин ижара акысы. Акыркы маалымат

121
(жаңыланган 14:20 08.10.2020)
Борбор калаада турак жай ээлери бир бөлмөлүү батирди эмереги менен 9-16 миң сомго ижарага берип жатат. Ошто дагы ушундай эле баа.

Ар жума сайын Sputnik Кыргызстандын кабарчысы ачык маалыматтарды карап, Бишкек менен Ош шаарларындагы турак жайлардын ижара акысына байкоо жүргүзөт.

Бул жумада Бишкектен эмереги жок бир бөлмөлүү батирди 10-14 миң сомго, эмереги менен 10-20 миң сомго ижарага алууга болот. Баанын арзан же кымбат болушу үйдүн ремонтунун сапатынан жана жайгашкан аймагынан көз каранды. Эки бөлмөлүү батирлерди 10-21 миң, үч бөлмөлүүлөрдү 15-40 миң сомго чейин алууга болот.

Борбор калаанын түштүк тарабынан эмереги жок бир бөлмөлүү батирди 7-8 миңге тапса болот, ал эми эмереги барлар 9 миңден 16 миң сомго чейин барат.

Ошто эки бөлмөлүү батирлер 6 миңден 20 миңге чейин, үч бөлмөлүүлөр 7 миңден 30 миң сомго чейин жетет.

121
Белгилер:
ижара, батир, Ош, Бишкек
Тема боюнча
Бишкекте кимдер акысыз батир ала алат? Мэриянын жообу

Бишкек менен Ошто ижарага берилчү батирлердин ушул аптадагы баасы. Инфографика

171
Бул жумада борбордогу эмереги менен берилүүчү бир бөлмөлүү батир 10 миңден 20 миң сомго чейин болду. Ошто бир бөлмөлүү батирди 7-16 миңге ижарага алууга болот.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы жума сайын Бишкек жана Оштогу батирдин ижара акысына ачык маалыматтар аркылуу байкоо салып турат.

Бул аптада борбордон эмереги жок бир бөлмөлүү батирди 9 миңден 13 миңге чейин, эмереги менен 10 миңден 20 миңге чейин ала аласыз. Баага үй жайгашкан район жана жасалгасы таасир этет.

Ал эми эки бөлмөлүүлөр 12 миңден 21 миңге, үч бөлмөлүү батирлер 16 миңден 40 миңге чейин болууда.

Ошто эмереги жок бир бөлмөлүү батирлер жети миңден сегиз миңге чейин, эмереги бары жети миңден он алты миңге жетүүдө. Эки бөлмөлүү батирди сегиз миңден 20 миңге чейин, үч бөлмөлүүлөрдү жети миңден 30 миңге чейин тапса болот.

171
Белгилер:
баа, ижара, батир, Ош, Бишкек, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргызстанда көпчүлүктү кызыктырган автоунаалар канчадан сатылууда. Саресеп

15 сомго кымбаттаптыр. 2020-жылдагы доллардын курсу. Инфографика

197
(жаңыланган 15:32 16.10.2020)
Кыргызстандыктардын көбүнүн көңүлү азыр өлкөдөгү саясий кырдаалга эле эмес, улам кымбаттап бара жаткан валюта рыногуна да бурулууда. 2020-жылдын ичинде республикада доллардын курсу кандай өзгөргөнүнө көз жүгүрттүк.
Курс доллара
© Sputnik / Даниил Сулайманов

Бүгүн, 16-октябрда, жеке банктарда доллардын баасы 81,7-81,85 сом болду. Бир жылда америка акчасы биринчи жолу көтөрүлүп жаткан жок. Эске салсак, 2020-жылдын биринчи январында доллар 65 сомдон сатылса, ал эми жазда 85 сомго чыгып кеткен. Буга бир четинен эпидемиологиялык абал да таасир этти. Жайында доллар бир аз түшүп, 75тен 78 сомго жеткен. Ал эми күзгө таяп, кайрадан өстү.

Ал эми 5-13-октябрдагы элдик толкундоолор учурунда “жашыл акчанын” баасы кайрадан кымбаттады. Кыргызстандын Улуттук банкы доллардын өсүп кетишине SWIFT системасы жана ага альтернатива болгон башка каналдар боюнча эл аралык операциялардын убактылуу токтоп калганы себепкер болгондугун айтты.

"Бул кыска мөөнөттүк секирик десек болот. Анткени кечээ эле эл аралык төлөмдөр жандандырылды, ошондой эле өлкөдөгү кырдаал да себепкер болууда. Азыркы тапта банк системасында чет өлкөлүк валюта жетиштүү көлөмдө, доллардын кымбатташына сырткы факторлор таасир эткен жок", — деп айтылат маалыматта.

Улуттук банк өлкөнүн ичиндеги жана тышындагы финансы рыногуна тыкыр көз салып тургандыгын, зарылдык жаралса тиешелүү операциялар жүргүзүлөрүн айткан.

197
Белгилер:
Улуттук банк, кымбаттоо, доллардын курсу, курс, доллар, Кыргызстан
Киши автоунааны айдап бара жатат. Архив

Бишкекте айдоочу милицияга ойдон чыгарылган комитеттин документин көрсөткөн. Сүрөт

0
(жаңыланган 17:04 25.10.2020)
Кайгуул кызматынын милиционерлери Toyota Camry үлгүсүндөгү автоунааны токтотушкан. Документтерди текшерүү учурунда 27 жаштагы киши өзүн кылмыштуулук жана коррупцияга каршы күрөшүү комитетинде иштей турганын айтып, күбөлүгүн көрсөткөн.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Өзүн "кылмыштуулук жана коррупцияга каршы күрөшүү комитетинде иштейм" деп тааныштырган айдоочу жасалма документ менен кармалды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан кабарлашты.

  • Поддельное удостоверение, которое водитель предъявил сотрудникам милиции. 25 октября 2020 года
    Өзүн "кылмыштуулук жана коррупцияга каршы күрөшүү комитетинде иштейм" деп тааныштырган айдоочу жасалма документ менен кармалды
    © Фото / пресс-служба УПСМ Бишкека
  • Водитель предъявивший патрульным милиционерам поддельное удостоверение при остановке его машины в Бишкеке. 25 октября 2020 года
    Билдирмеге ылайык, окуя 25-октябрга караган түнү болжол менен саат 01:40тар чамасында Чүй жана Манас проспектилеринин кесилишинде болгон
    © Фото / пресс-служба УПСМ Бишкека
1 / 2
© Фото / пресс-служба УПСМ Бишкека
Өзүн "кылмыштуулук жана коррупцияга каршы күрөшүү комитетинде иштейм" деп тааныштырган айдоочу жасалма документ менен кармалды

Билдирмеге ылайык, окуя 25-октябрга караган түнү болжол менен саат 01:40тар чамасында Чүй жана Манас проспектилеринин кесилишинде болгон.

"Кайгуул кызматынын милиционерлери Toyota Camry үлгүсүндөгү автоунааны токтотушкан. Айдоочунун документтерин текшерүү учурунда 27 жаштагы киши кылмыштуулук жана коррупцияга каршы күрөшүү комитетинде иштей турганын айтып, күбөлүгүн көрсөткөн. Ал автоунааны мас абалында башкарып бара жатканы да аныкталган", — деп айтылат маалыматта.

Териштире келгенде КРде андай комитет жок экени маалым болгон.

Аталган факты Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 359-беренеси (жасалма документ) боюнча иш козголуп, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Иши жеңилдеди. Патрулдук милиция айдоочуларды эми планшет менен текшерет

Ал эми автоунаа убактылуу токтотуучу жайга киргизилген. Айдоочунун жасалма документ боюнча иши Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

0
Белгилер:
Жол кайгуул кызматы, милиция, айдоочу, документ, жасалма
Тема боюнча
Портер талкаланып, айдоочусу жабыркаган. Оштогу үрөй учурган кырсыктын видеосу
Кара-Суу: унаадан чыккан өрт эки кичинекей баланын өмүрүн алды