Бишкек менен Ошто ижарага берилүүчү батирлердин баасы. Инфографика

205
(жаңыланган 20:25 15.10.2020)
Бул жумада борбордогу эмереги менен берилүүчү бир бөлмөлүү батир 9 миңден 16 миң сомго чейин болду. Ошто да бир бөлмөлүү батирди ушул эле суммада ижарага алууга болот.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы жума сайын Бишкек жана Оштогу батирдин ижара акысына ачык маалыматтар аркылуу байкоо салып турат.

Бул жумада борбордон эмереги жок бир бөлмөлүү батирди 9 миңден 13 миңге чейин, эмереги менен 10 миңден 20 миңге чейин ала аласыз. Эки бөлмөлүүлөр 10 миңден 21 миңге, үч бөлмөлүү батирлер 16 миңден 40 миңге чейин болот.

Ошто эмереги жок бир бөлмөлүү батирлер жети миңден сегиз миңге чейин, эмереги барлар тогуз миңден он алты миңге жетүүдө. Эки бөлмөлүү батирди сегиз миңден 20 миңге чейин, үч бөлмөлүүлөрдү жети миңден 30 миңге чейин тапса болот.

Эске салсак, батирдин акысы жасалгасынан жана жайгашкан районунан көз каранды.

205
Белгилер:
ижара, Бишкек, Ош, батир
Тема боюнча
Ат-Башыда демөөрчүлөр Памирден келген бүлөгө там салып беришти. Сүрөт

15 сомго кымбаттаптыр. 2020-жылдагы доллардын курсу. Инфографика

156
(жаңыланган 15:32 16.10.2020)
Кыргызстандыктардын көбүнүн көңүлү азыр өлкөдөгү саясий кырдаалга эле эмес, улам кымбаттап бара жаткан валюта рыногуна да бурулууда. 2020-жылдын ичинде республикада доллардын курсу кандай өзгөргөнүнө көз жүгүрттүк.
Курс доллара
© Sputnik / Даниил Сулайманов

Бүгүн, 16-октябрда, жеке банктарда доллардын баасы 81,7-81,85 сом болду. Бир жылда америка акчасы биринчи жолу көтөрүлүп жаткан жок. Эске салсак, 2020-жылдын биринчи январында доллар 65 сомдон сатылса, ал эми жазда 85 сомго чыгып кеткен. Буга бир четинен эпидемиологиялык абал да таасир этти. Жайында доллар бир аз түшүп, 75тен 78 сомго жеткен. Ал эми күзгө таяп, кайрадан өстү.

Ал эми 5-13-октябрдагы элдик толкундоолор учурунда “жашыл акчанын” баасы кайрадан кымбаттады. Кыргызстандын Улуттук банкы доллардын өсүп кетишине SWIFT системасы жана ага альтернатива болгон башка каналдар боюнча эл аралык операциялардын убактылуу токтоп калганы себепкер болгондугун айтты.

"Бул кыска мөөнөттүк секирик десек болот. Анткени кечээ эле эл аралык төлөмдөр жандандырылды, ошондой эле өлкөдөгү кырдаал да себепкер болууда. Азыркы тапта банк системасында чет өлкөлүк валюта жетиштүү көлөмдө, доллардын кымбатташына сырткы факторлор таасир эткен жок", — деп айтылат маалыматта.

Улуттук банк өлкөнүн ичиндеги жана тышындагы финансы рыногуна тыкыр көз салып тургандыгын, зарылдык жаралса тиешелүү операциялар жүргүзүлөрүн айткан.

156
Белгилер:
Улуттук банк, кымбаттоо, доллардын курсу, курс, доллар, Кыргызстан

Кыргызстанда көпчүлүктү кызыктырган автоунаалар канчадан сатылууда. Саресеп

1332
(жаңыланган 15:22 11.10.2020)
Sputnik Кыргызстан базарларда көпчүлүктү кызыктырган автоунаалардын баасына саресеп салып көрдү. Анын алкагында Кыргызстанда суроо-талап жогору болуп турган 10 машинанын баасы кандай өзгөргөнүн биле алдык.

Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматы боюнча, калк арасында эң популярдуу жеңил автоунаалар төмөнкүлөр:

  • 5-сериядагы BMW;
  • Daewoo Matiz;
  • Daewoo Nexia;
  • Honda Accord;
  • Honda CR-V;
  • Honda Fit;
  • Honda Odyssey;
  • Mercedes-Benz E-класс;
  • Toyota Camry;
  • Volkswagen Passat.

Sputnik темир тулпарлардын наркын autobaza.kg, cars.kg жана turbo.kg ресурстарына көз чаптырып биле алды. Үч сайтта тең баалар бири-биринен өтө деле айырмаланбайт. Окурмандарга ыңгайлуу болушу үчүн ар бир автокөлүктүн орточо баасын эсептеп чыгардык. Биринчи талдоо 2-октябрда, экинчиси 9-октябрда жүргүзүлдү.

Бишкек менен Оштогу батирлердин ижара акысы. Акыркы маалымат

Бир жуманын ичинде көпчүлүк машиналардын баасы өзгөргөн эмес. Болгону 5-сериядагы BMW унаасы 169 долларга, Toyota Camry 67 долларга кымбаттаган.

1332
Белгилер:
базар, салыштыруу, баа, сатуу-сатып алуу, автоунаа
Тема боюнча
Унаа базарынын аймагында машинаны каттатуу мүмкүн эмес. Себеби
Машинаны саткандан кийин айып кагазы келе берсе эмне кылуу керек? ЖКККББ жообу
Экс-президент Сооронбай Жээнбеков. Архив

Жээнбеков жоюп кеткен Антикоррупциялык кызматты Жапаров жандантты

133
(жаңыланган 22:30 20.10.2020)
Жаңы жарлыктын негизинде Жээнбековдун жарлыгынын колдонулушу токтотулуп жана кабыл алынган күндөн тартып күчүн жоготту деп табылды. 

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын ишин жандандыруу боюнча жарлыкка кол койду. Бул туурасында президенттик аппарат билдирди.

Белгилей кетсек, экс-президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетип жатып аталган кызматты жоюу туурасында жарлыкка кол койгон

Жапаровдун чыгарган жарлыгына ылайык, Жээнбековдун жарлыгынын колдонулушу токтотулду жана кабыл алынган күндөн тартып күчүн жоготту деп табылды.

Буга байланыштуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Антикоррупциялык кызматынын иши улантылат.

УКМКга төмөнкүдөй тапшырмалар берилди:

  • Антикоррупциялык кызматтын иштөөсүн камсыз кылсын;
  • Антикоррупциялык кызматтын мындан аркы ишин оптималдаштыруу боюнча сунуштарды киргизсин.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

133
Белгилер:
кызмат, коррупция, жарлык, Садыр Жапаров, Сооронбай Жээнбеков
Тема боюнча
Экс-президент макамы Жээнбековго кандай артыкчылык берет? Тизме
Жээнбеков расмий түрдө экс-президент болду. Жапаровдун биринчи жарлыгы