15 сомго кымбаттаптыр. 2020-жылдагы доллардын курсу. Инфографика

Жазылуу
Кыргызстандыктардын көбүнүн көңүлү азыр өлкөдөгү саясий кырдаалга эле эмес, улам кымбаттап бара жаткан валюта рыногуна да бурулууда. 2020-жылдын ичинде республикада доллардын курсу кандай өзгөргөнүнө көз жүгүрттүк.

Бүгүн, 16-октябрда, жеке банктарда доллардын баасы 81,7-81,85 сом болду. Бир жылда америка акчасы биринчи жолу көтөрүлүп жаткан жок. Эске салсак, 2020-жылдын биринчи январында доллар 65 сомдон сатылса, ал эми жазда 85 сомго чыгып кеткен. Буга бир четинен эпидемиологиялык абал да таасир этти. Жайында доллар бир аз түшүп, 75тен 78 сомго жеткен. Ал эми күзгө таяп, кайрадан өстү.

Ал эми 5-13-октябрдагы элдик толкундоолор учурунда “жашыл акчанын” баасы кайрадан кымбаттады. Кыргызстандын Улуттук банкы доллардын өсүп кетишине SWIFT системасы жана ага альтернатива болгон башка каналдар боюнча эл аралык операциялардын убактылуу токтоп калганы себепкер болгондугун айтты.

"Бул кыска мөөнөттүк секирик десек болот. Анткени кечээ эле эл аралык төлөмдөр жандандырылды, ошондой эле өлкөдөгү кырдаал да себепкер болууда. Азыркы тапта банк системасында чет өлкөлүк валюта жетиштүү көлөмдө, доллардын кымбатташына сырткы факторлор таасир эткен жок", — деп айтылат маалыматта.

Улуттук банк өлкөнүн ичиндеги жана тышындагы финансы рыногуна тыкыр көз салып тургандыгын, зарылдык жаралса тиешелүү операциялар жүргүзүлөрүн айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0