Бишкек менен Ошто ижарага берилчү батирлердин ушул аптадагы баасы. Инфографика

312
Бул жумада борбордогу эмереги менен берилүүчү бир бөлмөлүү батир 10 миңден 20 миң сомго чейин болду. Ошто бир бөлмөлүү батирди 7-16 миңге ижарага алууга болот.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы жума сайын Бишкек жана Оштогу батирдин ижара акысына ачык маалыматтар аркылуу байкоо салып турат.

Бул аптада борбордон эмереги жок бир бөлмөлүү батирди 9 миңден 13 миңге чейин, эмереги менен 10 миңден 20 миңге чейин ала аласыз. Баага үй жайгашкан район жана жасалгасы таасир этет.

Ал эми эки бөлмөлүүлөр 12 миңден 21 миңге, үч бөлмөлүү батирлер 16 миңден 40 миңге чейин болууда.

Ошто эмереги жок бир бөлмөлүү батирлер жети миңден сегиз миңге чейин, эмереги бары жети миңден он алты миңге жетүүдө. Эки бөлмөлүү батирди сегиз миңден 20 миңге чейин, үч бөлмөлүүлөрдү жети миңден 30 миңге чейин тапса болот.

312
Белгилер:
баа, ижара, батир, Ош, Бишкек, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргызстанда көпчүлүктү кызыктырган автоунаалар канчадан сатылууда. Саресеп

Кыргызстанда эң өтүмдүү автоунаалардын баасы. Инфографика

2899
(жаңыланган 18:06 21.11.2020)
Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган инфографикада өтүмдүү делген 15 автоунаанын баасы берилди.

Кыргызстандыктардын арасында төмөнкү үлгүлөр көбүрөөк талап кылынат:

  • Toyota Camry;
  • Daewoo Nexia;
  • Honda Fit;
  • Honda CR-V;
  • Mercedes-Benz E-класс;
  • Daewoo Matiz;
  • 5-сериядагы BMW;
  • Volkswagen Passat;
  • Honda Accord;
  • Honda Odyssey;
  • Lexus GX;
  • Hyundai Sonata;
  • Lada 2107;
  • Toyota Prius;
  • Toyota RAV4.

Баа мониторинги 20-ноябрда autobaza.kg, cars.kg жана mashina.kg сайттарына жарыяланган маалыматка таянып жасалды. Машиналардын баасы доллар менен көрсөтүлгөн (20-ноябрга карата доллардын баасын Улуттук банк 84,7 сом деп бекиткен).

2899
Белгилер:
доллар, базар, баа, рейтинг, автоунаа
Тема боюнча
Жыл башынан бери Кыргызстандын алтын запасы 34,2 млрд. сомго кымбаттады

Кыргызстандагы эң көп сатылган автоунаалардын баасы. Инфографика

534
Sputnik Кыргызстандын инфографикасында эң көп сатылган 15 автоунаанын учурдагы базар баасы көрсөтүлгөн.

Ошентип, Кыргызстандагы арбын суроо-талапты жараткан төмөнкү темир тулпарлар болду:

  • Toyota Camry;
  • Daewoo Nexia;
  • Honda Fit;
  • Honda CR-V;
  • E-классындагы Mercedes-Benz;
  • Daewoo Matiz;
  • 5-сериядагы BMW;
  • Volkswagen Passat;
  • Honda Accord;
  • Honda Odyssey;
  • Lexus GX;
  • Hyundai Sonata;
  • Lada 2107;
  • Toyota Prius;
  • Toyota RAV4.

Баалардын анализи autobaza.kg, cars.kg жана mashina.kg сайттарынын негизинде жүргүзүлдү. Ар бир автокөлүктүн наркы доллар (84,9 сом) менен көрсөтүлгөн.

534
Белгилер:
базар, баа, автоунаа, Кыргызстан
UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедов. Архив

Көк бөрү көрөбүз! Хабиб машыктыруучусу менен Кыргызстанга келет

80
(жаңыланган 01:19 26.11.2020)
Нурмагомедов Кыргызстанга 2018-жылы келген. Анда ал өлкөдө ушунчалык атактуу экенине таң калганын билдирген.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедовдун машыктыруучусу Хавьер Мендез Instagram баракчасына Кыргызстанга келип, көк бөрү оюнун көрүү каалоосу тууралуу жазган.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Javier Mendez (@akajav)

Мендез менен Нурмагомедов азыр Бириккен Араб Эмирлигинде жүргөнү маалым болду. Машыктыруучу Кыргызстанды кайрадан көргүсү келип жатканын кыргыз ишкери менен жолукканда айткан.

"Кереметтүү Кыргызстанга барууну чыдамсыздык менен күтүп жатам, ошондой эле көк бөрү оюнун да көрсөк дейбиз", — деп жазган Мендез. 

UFC чемпиону да Instagram баракчасынын сторис бөлүмүнө "Жакында Кыргызстанга барам" деп жазган.

Белгилей кетсек, 2018-жылы Хабиб Нурмагомедов Улуттук олимпиада комитетинин чакыруусу менен өлкөгө келип кеткен. Анда ал КРде ушунчалык атактуу экенине таң калганын билдирген.

80
Белгилер:
Көк бөрү, спортчу, тренер, Хабиб Нурмагомедов, Кыргызстан
Тема боюнча
Миссиямды аткардым. Хабиб кайра октагонго чыгар-чыкпасын айтты