Кыргызстандагы өтүмдүү унаалардын азыркы баасы. Инфографика

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан агенттиги суроо-талап күч делген унаалардын баасын талдап көрдү. Акыркы жумада өлкөдөгү эң популярдуу 10 автокөлүктүн наркы кандай өзгөргөнүн сураштырдык.

Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматы боюнча, калк арасында суроо-талап төмөнкү унааларга күч:

  • 5-сериядагы BMW;
  • Daewoo Matiz;
  • Daewoo Nexia;
  • Honda Accord;
  • Honda CR-V;
  • Honda Fit;
  • Honda Odyssey;
  • Mercedes-Benz E-класс;
  • Toyota Camry;
  • Volkswagen Passat.

Sputnik автоунаалар сатыкка коюлган төрт интернет-ресурска баш багып, бааларын талдап көрдү. Алар: autobaza.kg, cars.kg, turbo.kg, mashina.kg (баарынын наркы дээрлик айырмаланбайт).

Lamborghini, Aston Martin... Кыргызстандагы көз жайнаткан эксклюзивдүү автолор

Окурмандарга ыңгайлуу болуш үчүн автокөлүктүн орточо баасын чыгарууну чечтик. Буга чейинки анализ 23-октябрда, акыркысы 30-октябрда жүргүзүлдү.

Honda CR-V 149 долларга кымбаттады, ошондой эле 5-сериядагы BMW унаасынын баасы өткөн жумага салыштырмалуу 167 долларга өстү. Мындан сырткары, Honda Accord 86 долларга наркын жогорулатты. Аналитиктер баалардын өсүшү автоунаанын техникалык абалына жана тез арада сатылышына байланыштуу экенин айтышууда. Башка үлгүдөгү автокөлүктөрдүн баасы дээрлик өзгөргөн эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0