Майды аз ичкен өтүмдүү автоунаалардын баасы. Инфографика

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан унаа базарларындагы бааларды карап чыгып, майды аз ичкен жеңил автокөлүктөрдүн орточо наркын эсептеди.

Агенттик autobaza.kg, cars.kg, turbo.kg жана mashina.kg ресурстарына таянды. Бул жактагы баалар бири-биринен дээрлик айырмаланбайт. Окурманга ыңгайлуу болсун үчүн ар бир автонун Улуттук банктын 4-декабрдагы курсу менен белгиленген баасын киргиздик.

Эл көп алган 10 автоунаа төмөнкүдөй болду:

  • Daewoo Matiz;
  • Honda Fit;
  • Lada 2107;
  • Toyota IST;
  • Hyundai Getz;
  • Mazda Demio;
  • Volkswagen Golf;
  • Chevrolet Spark;
  • Honda Civic;
  • Toyota Prius.

Тизмедеги эң арзан машина Lada 2107 болду. 2001-жылы чыгарылган үлгүсү 1 179 доллар деп бааланууда. Экинчи орунда Daewoo Matiz турат, колдон 1 754 долларга сатып алууга болот. Эң кымбаты — Toyota Prius. 2010-жылы чыгарылганы 9 670 доллар турса, ал эми 2014-жылкысы 11 147 доллардан сатылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0