2021-жылдагы майрам жана дем алыш күндөр. Календарь

Жазылуу
2021-жылы кыргызстандыктар майрамдарга байланыштуу эң аз дегенде 11 күн ашыкча эс алышат. Кийинки жылдын дем алыш жана майрам күндөрүн карап калышыңыз ыктымал. Андыктан бул календардын шилтемесин сактап алыңыз.

2021-жылдын календары мындан эки жыл мурдагы календарга салыштырмалуу башкача. Келе жаткан жылы Жаңы жыл майрамынан кийин дем алыш күндөр узакка созулбайт.

Май айында кыргызстандыктар үч күн, ноябрда болсо төрт күн катары менен эс алуу күнү болмокчу.

Мындан сырткары, Курман айт жана Орозо айт майрамдары бар. Бирок азырынча алардын так датасы билине элек.

Календарда эс алуу күндөр өзгөрүлүп кала турган болсо, окурмандарга кошумча маалымат берилет. 

Жаңылыктар түрмөгү
0