Канча өмүрлөрдү алган... Жеңиш чокусу тууралуу кызыктуу фактылар

684
(жаңыланган 09:05 17.12.2020)
Чокунун жантайыңкы келген жерлеринде сууктун күчү жайында 30 градус болуп турат. Ал эми шамалдын ылдамдыгы этек-жеңди жулкулдатып, саатына 150 чакырымды түзөт. Анда ар бир он жылда орто эсеп менен 12ден киши өлүп турат.
Кыргызстандагы Жеңиш чокусу тууралуу кызыктуу фактылар

Кыргызстандагы эң бийик чоку жөнүндө Sputnik кабарчысы кызыктуу фактыларды чогулткан.

Өлкөнүн түндүк жагындагы асманга боюн созгон бул тоонун бийиктиги 7 439 метр, ал эми дүйнөдө 60-орунда турат.

Альпинисттер качандыр бир учурда ССРдин аймагындагы "Жеңишти" "кандуу тоо" дешкен. Кайсы бир учурда ага чыгам деп көз жумгандардын саны Эвересттен да көп болуп кеткен.

Орто эсеп менен он жыл ичинде 12 киши каза тапкан. Алардын бир катарларынын сөөктөрү табылса, кээ бирлери түбөлүк музда кала берген. Баш-аягы аталган чоку 70 адамдын өмүрүн алган.

Мындай нерсе табигый көрүнүш дешет. Себеби чокунун жантайыңкы жерлеринде сууктун күчү жайында 30 градус болуп турат. Ал эми шамалдын ылдамдыгы этек-жеңди жулкулдатып, саатына 150 чакырымды түзөт.

684
Белгилер:
Кыргызстан, жаратылыш, альпинизм, чоку, Жеңиш чокусу
Тема боюнча
Кыргызстандагы эң сырдуу көл. Окумуштууларды таңыркаткан жердин видеосу

Кыргызстанда кайсы үлгүдөгү автоунаалар көп уурдалат?

697
Жыл башынан бери республика аймагында 200гө чукул автоунаа уурдалган. Sputnik Кыргызстан агенттиги алардын басымдуу бөлүгү кайсы үлгүдөгү темир тулпарлар экендигин тактап көрдү.
КРде кайсы автоунаалар көп айдай качышат?

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, 2021-жылдын алты айында укук коргоо органдарына 395 адам автотранспорт каражатын башка бирөө айдай качып кетти деп кайрылган. Анын негизинде учурда 44 факт боюнча тергөө жүрүп, 99 иш сотко өтүп, 40 иш реабилитацияланбаган негиздер боюнча кыскартылган. Ал эми калган фактылар ар кандай жагдайда кылмыштын курамы жок делип же жабырлануучунун тосмо арызы менен тергөөгө алынган эмес.

Үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгында Honda Fit үлгүсүндөгү автоунаалар көп жолу уурдалган. Кийинки орундарда ВАЗ, Москвич, УАЗ, Honda Odyssey, Honda Stepwgn, Daewoo Tico, Daewoo Nexia автомашиналары турат.

Алты айдын ичинде өлкө боюнча темир тулпарларды айдап качуу фактыларынын эң көбү Бишкек шаарында катталса, эң азы Нарын облусунда болгон.
Эске сала кетсек, КРдин Жазык кодексине ылайык, бирөөнүн автоунаасын же башка автомототранспорттук каражатын өзү билемдик менен ээлеп алып, аны айдап кеткендерге 260-300 миң сом айып салынат же 2,5 жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратуу менен 100-140 миң сом айып каралган.

697
Белгилер:
Кыргызстан, автоунаа, статистика, кылмыш

Бишкектеги батирлердин июль айына карата ижара акысы. Инфографика

308
Бишкек шаарында июль айында бир жана эки бөлмөлүү батирлердин ижара акысы арзандады. Ал эми үч бөлмөлүүлөр бир ай мурдагыга салыштырмалуу кымбаттады.
Бишкектеги батирлердин июль айына карата ижара акысы

Sputnik Кыргызстан агенттиги ар ай сайын борбор калаадагы батирлердин ижара акысына көз салып, өткөн айдагы баалары менен салыштырып турат.

Бул материалды даярдоо учурунда 608 жарнама каралды. Июль айында деле өткөндөгүдөй эмереги бар жана мейманкана тибиндеги батирлерди изилдеп чыктык.

Бул айда эмереги бар дээрлик бардык типтеги бир жана эки бөлмөлүү батирлердин ижарасы арзандаган. Бир бөлмөлүү “элиталык” батирдин ижара акысы 2 800 сомго төмөндөгөн.

Бул айда эмереги бар бардык типтеги үч бөлмөлүү батирлердин ижарасы кымбаттады. 105 жана 106-сериядагы үч бөлмөлүү батирлер үчүн орто эсеп менен 2 500 сомго көбүрөөк төлөш керек болот. Ал эми 104-сериядагылар 800 сомго өскөн.

Жеке типтеги бир бөлмөлүү батирлердин ижара акысы болсо 600 сомго кымбаттаган.

Окурмандардын ыңгайы үчүн түрдүү типтеги бир, эки жана үч бөлмөлүү батирлердин (104, 105, 106-серия, "элитка", жеке тип) орточо баасынын диапазонун көрсөтүп бердик.

Ачык маалымат булактарына караганда, июль айында Бишкектеги эмереги бар бир бөлмөлүү батирлердин ижара акысы төмөнкүдөй болду:

  • 104-серия — 14 100 сом (12 000ден 17 000ге чейин);
  • 105-серия — 13 800 (10 000ден 18 000ге чейин);
  • 106-серия — 14 300 (10 000ден 20 000ге чейин);
  • Жеке типтегилер — 15 900 (9 000ден 25 400гө чейин);
  • "Элитка" — 21 400 (15 000ден 29 600гө чейин);
  • Мейманкана тибиндеги батирлер — 6 600 (5 000ден 8 500гө чейин).

Эмереги бар эки бөлмөлүү батирлердин орточо баасы:

  • 104-серия — 17 400 сом (12 000ден 23 000ге чейин);
  • 105-серия — 17 700 (12 000ден 29 700гө чейин);
  • 106-серия — 19 600 (14 000ден 28 000ге чейин);
  • Жеке типтегилер — 22 000 (12 000ден 35 000ге чейин);
  • "Элитка" — 36 400 (20 000ден 59 300гө чейин).

Эмереги бар үч бөлмөлүү батирлердин орточо баасы:

  • 104-серия — 22 600 сом (17 500дөн 29 700гө чейин);
  • 105-серия — 24 500 (15 000ден 35 000ге чейин);
  • 106-серия — 27 700 (16 900дөн 33 900гө чейин);
  • Жеке типтегилер — 28 900 (19 000ден 63 300гө чейин);
  • "Элитка" — 58 100 (25 400дөн 110 200гө чейин).
308
Белгилер:
Бишкек, батир, ижара, акы, инфографика
ӨКМ кызматкери өрт өчүрүү учурунда. Архив

Кеминде май куюучу жай өрттөнүп жатабы? Видео

0
(жаңыланган 00:46 03.08.2021)
Өрт боюнча азырынча ӨКМдин маалымат кызматынан комментарий алууга мүмкүн болбой жатат. Видео социалдык тармакка жүктөлдү.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Чүй облусунун Кемин районунда ири өрт чыкты.

Видео "Короче" Telegram каналына жарыяланды.

Күбөлөрдүн айтымында, күйүүчү май куюучу жай өрттөнүп жатат.

ӨКМдин маалымат кызматынан комментарий алууга мүмкүн болгон жок. Бирок Чүй облусунун башкармалыгынын нөөмөт бөлүмү тастыктап, эки өрт өчүрүүчү бригада чыгып кеткенин билдирди.

Алдын ала маалымат боюнча, май куйган бекеттин жанында кичи автобус күйүп жатканы тууралуу чакыруу түшкөн.

Кененирээк маалымат кийинчерээк берилерин айтышты.

0
Белгилер:
Кемин, өрт, Күйүүчү май, май куюучу бекет, ӨКМ
Тема боюнча
Беловодское айылында кичи базардан өрт чыкты. Элди чуу түшүргөн видео