Акыркы 10 жылда түрмөдө жаткан канча кишиге ырайым берилген? Инфографика

Жазылуу
Өткөн жылдын ноябрь айында ошол кездеги президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров соттолгон 230 кишиге ырайым берип, 38 жарандын жаза мөөнөтү кыскартылган. Жарлыкты коомчулук түрдүү кабыл алып, анын айланасында кызуу талкуу жаралган.

Sputnik Кыргызстан агенттиги акыркы он жылда абактагы канча адамга ырайым кылынгандыгын тактап көрдү.

Государственная служба исполнения наказания - Sputnik Кыргызстан
Абактагы кишиге КР президенти кантип ырайым берет? Процедура тууралуу
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын маалыматына ылайык, өткөн жылдын ноябрь айында жазадан бошотулгандардын 245и эркек, 23ү аял киши. Тизмеге киргендердин басымдуу бөлүгү жеңил кылмыш жасагандар. Арасында түрмөдөн качкандар жана эл аралык издөөдө жүргөндөр болгон эмес. Андан сырткары, 2020-жылдын башынан октябрь айына чейин тогуз адам ырайымга туш болуп, жыйынтыгында узап кеткен жылы 277 жаран эркиндикке чыккан.    

Ал эми 2011-жылдын башынан 2020-жылдын октябрь айына чейин жалпы 70 адамга ырайым берилип, анын 53үчүнүн жаза өтөө мөөнөтү кыскарса, калган 17си жазадан бошотулган.

Жогорудагы аракеттер "Мунапыс берүүнүн жана ырайым кылуунун жалпы принциптери жөнүндө" мыйзамынын негизинде жүргүзүлөт жана ырайым кылуу өлкө башчынын конституциялык укугу болуп саналат. 2020-жылы Президенттин алдындагы ырайым кылуу боюнча комиссиясына 2000дин айланасында кайрылуу түшкөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0