Бишкекте декабрда батирлер канчага бааланды. Инфографика

370
(жаңыланган 16:25 09.01.2021)
Борбор калаадагы батирлер ноябрь айына салыштырмалуу арзан болуп калды. Декабрда батирлердин эки гана түрү кымбаттады.
Бишкекте сатылган батирлердин баасы

104-сериядагы бир бөлмөлүү батирлердин баасы 400 долларга, ал эми жеке типтеги үч бөлмөлүү батирлердин наркы 200 долларга көтөрүлдү.

Окурмандарга ыңгайлуу болушу үчүн бир бөлмөлүү, эки бөлмөлүү жана үч бөлмөлүү турак жайлардын ар кандай түрлөрүнүн баасы кандайча өзгөргөнүн, орточо наркын, тагыраагы, 104, 105 жана 106-сериядагыларды, "хрущёвкаларды" жана жеке курулуш түрүндөгү батирлерди көрсөттүк.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы ай сайын Бишкектеги батирдин ижара акысына ачык маалыматтар аркылуу байкоо салып турат. Бул материалды даярдоодо 1475 жарыя каралды.

Ноябрь айына салыштырмалуу декабрда Бишкекте батирди арзан сатып алууга мүмкүн болду. Мисалы, 105-сериядагы бир бөлмөлүү батирдин орточо баасы 900 долларга, ал эми 106-сериядагысы 300 долларга төмөндөгөн. 105-сериядагы эки бөлмөлүү батирди 1 300 долларга, ал эми жеке жайгашуу түрү менен 3 200 долларга арзан алууга шарт түзүлдү.

Декабрда батирлердин эки гана түрү кымбаттады. 104-сериядагы бир бөлмөлүү батирлердин баасы 400 долларга, ал эми жеке типтеги үч бөлмөлүү батирлердин наркы 200 долларга көтөрүлгөн. Мындан бир бөлмөлүү "хрущёвкалардын" орточо баасы гана өзгөргөн жок.

Ачык булактар боюнча декабрь айында бир бөлмөлүү батирдин орточо баасы:

104-серия — 30 600 доллар (25000 доллардан 36 500 долларга чейин);

105-серия — 28 400 (21 000ден 37 500гө чейин);

106-серия — 32 200 (24 000ден 39 500гө чейин);

"хрущёвкалар" — 26 600 (21 000ден 33 500гө чейин);

жеке түрү — 29 000 (17 000ден 53 000ге чейин).

Эки бөлмөлүү батирдин орточо баасы:

104-серия — 36 100 (27 500 доллардан 46 000 долларга чейин);

105-серия — 40 700 (30 000ден 51 000ге чейин);

106-серия — 43 900 (34 000ден 56 500гө чейин);

"хрущёвкалар" — 32 500 (28 800дөн 41 600гө чейин);

жеке түрү — 38 100 (15 500дөн 106 600гө чейин).

Үч бөлмөлүү батирдин орточо баасы:

  • 104-серия — 44 100 (33 500 доллардан 56 500 долларга чейин);
  • 105-серия — 50 800 (36 500дөн 86 500гө чейин);
  • 106-серия — 56 500 (41 500дөн 76 500гө чейин);
  • "хрущёвкалар" — 40 100 (33 500дөн 47 500гө чейин);
  • жеке түрү — 56 500 (31 500дөн 158 000ге чейин).
370
Белгилер:
нарк, сатуу, батир, Бишкек, Кыргызстан

Кыргызстанда жан сактоо үчүн канча каражат керек. Статкомдун эсептөөсү

330
Ведомстводон билдиришкендей, борбор калаада жашоо минимуму анча чоң эмес. Аймактарга бөлүп карай турган болсок, Бишкек шаары Жалал-Абад менен Ош облустарынан артта калат.
Кыргызстанда 2020-жылдагы жашоо минимуму

2020-жылы Кыргызстанда жашоо минимуму кандай болгонун Улуттук статистика комитетинин адистери санап чыгышты. Маалыматка караганда, былтыр бул көрсөткүч мурдагы жылга салыштырмалуу 11,5 пайызга көтөрүлүп, 5 359 сомду түзгөн.

Жашоо минимуму ай сайын азык-түлүк, тамаш-ашка кирбеген товарлар, кызматтар жана салык төлөөнүн жыйынтыгында калыптанат. Бул жерде кеп эң минималдуу чыгым тууралуу болуп жатканын эстен чыгарбашыбыз керек. Анткени мындай акча менен киши башка муктаждыктарын жаба албайт.

Жашоо минимумун кыргыз өкмөтү 2009-жылы аныктап берген. Ага эң зарыл болгон тамак-аш гана кирет. Жалпы сумманын жарымынан көбү, тагыраагы, 3 483 сому тамакка кетет. 911 сом кызматтарга, мындан азыраак сумма башка товарларга коротулуп, 100 сомдой акча салыктарга жумшалат.

Статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, эмгекке жарамдуу аялдарга караганда эркектерге 187 сомго көбүрөөк эсептелген. Ал эми пенсионерлердики болгону 4 785 сом.

Аймактарга бөлүп караганда жашоо минимуму Жалал-Абадда баарынан жогору. Облустун бир тургунуна айына 5 755 сомдон эсептелген. Экинчи орунду 5 541 сом менен Ош облусу ээлеген. Алардан соң гана Бишкек шаары турат, киши башына 5 381 сом.

Эң аз жашоо минимуму Талас облусунда катталды. Бир таластыкка айына 4 949 сом каралган.

330
Белгилер:
жашоо, статистика, Кыргызстан, Бишкек
Тема боюнча
Бишкекте декабрда батирлер канчага бааланды. Инфографика
Кыргызстандагы эң өтүмдүү минивэн, универсал унаалардын баасы. Инфографика

Өлөр алдында учкучтар уруша кетишкен. Дача СУга учактын кулаган себеби

2886
(жаңыланган 13:18 14.01.2021)
Учкучтар өлөр алдында эмне тууралуу кеп кылышкан? Алардын негизги катасы эмне болгон? Дача СУдагы учак кырсыгынын себеби эмнеде? Биз ушул жана башка суроолорго жооп алдык.

Так төрт жыл мурда жүк ташыган "Боинг" Бишкектин четиндеги Дача СУ айылына кулаган. Кырсыктан 39 адам, тагыраагы, 35 кыргызстандык жана экипаждын төрт мүчөсү каза болгон. Учкучтардын ката кетиришине эмне себеп болгонун билүү үчүн биз эксперттерге кайрылып, Мамлекеттер аралык авиациялык комитеттин отчету менен тааныштык.

Көрсө, трагедия алдында учкучтардын кабинасында абал курчуп кеткен экен. Кыргызстандык диспетчер инструкция боюнча иш алып барганына карабай аны тилдеп жатышкан.

2886
Белгилер:
учак, авиакырсык, Дача СУ
Экономист Нургүл Акимова

Акимова: соттор бюджетти толтурууга өбөлгө түзөбүз деп адилетсиз чечим чыгарат

0
Экономист Нургүл Акимова учурдагы экономикалык кризистен чыгуу үчүн саясий туруктуулук камсыздалышы зарыл экендигин белгиледи.
Акимова: соттор бюджетти толтурууга өбөлгө түзөбүз деп адилетсиз чечим чыгарат

Мамлекеттик органдар ишкерлерди сотко берсе, көп учурда чечим ишкердин пайдасына чечилбейт. Себеби соттор мамлекеттик бюджетти толтурууга өбөлгө түзүшүбүз керек деген ниетте адилетсиз чечим чыгарып коюусу ыктымал. Бул тууралуу Нургүл Акимова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, экономиканы калыбына келтирүү үчүн жумуш орундары түзүлүп, инвестициялык климат жакшырышы керек.

"Салык төлөөчүлөр жеке менчик ишканалардын ичинде бардык салыктарды төлөп, ак ниет иштегендери менен кошо эле жашырынып, көмүскө иш алып баргандары да жок эмес. Бирок мамлекет өзү кызыктай "парадоксторду" жаратат. Алсак, салык, бажы жана башка мамлекеттик көзөмөл кылуучу органдарга план коюшат. Планды аткаруу үчүн алар туура эле иш алып барып жаткан ишкерлерди кысымга алышат. Албетте, алар деле бюджетти толтуруу менен мамлекетке пайда алып келүү максатын көздөйт. Ошондой эле эгерде мамлекеттик органдар ишкерлерди сотко берсе, көп учурда чечим ишкердин пайдасына чечилбейт. Себеби соттор дагы мамлекеттик бюджетти толтурууга өбөлгө түзүшүбүз керек деген ниетте адилетсиз чечим чыгарып коюусу ыктымал. А чынында бул өлкөгө зыянын тийгизбей койбойт. Себеби ишкер банкрот болсо бюджетке эч кандай каражат төлөбөгөнү аз келгенсип, жумуш орундары дагы азаят. Ошондуктан экономиканы көтөрүү үчүн бизнес тармагында соттор адилеттүү иш алып баруусу зарыл", — деди Акимова.

Экономист жергиликтүү ишканаларды сактап калууга бардык мамлекеттик органдар кам көрүшү керектигин кошумчалады.

0
Белгилер:
сот, ишкер, экономика, Нургүл Акимова
Тема боюнча
Кыргызстанга кандай инвестициялар тартыла турганы айтылды