Президенттик шайлоодо добуш берүү кандай жүрүп жатат. Инфографика

661
(жаңыланган 11:04 10.01.2021)
Өлкөдөгү президенттик шайлоодо добуш берүүчүлөрдүн катышуусу республика боюнча жана аймактарда кандай өзгөрүп жаткандыгын Sputnik агенттигинин жаңыланып турган инфографикасынан билсеңиз болот.

Бүгүн, 10-январда, президенттик шайлоо менен биргеликте башкаруу формасын тандаган референдум өтүп жатат.

Өлкө башчы болом дегендердин жалпы саны он жети: Садыр Жапаров, Канатбек Исаев, Мыктыбек Арстанбек, Клара Сооронкулова, Имамидин Ташов, Абдил Сегизбаев, Адахан Мадумаров, Аймен Касенов, Улукбек Кочкоров, Жеңишбек Байгуттиев, Эльдар Абакиров, Курсан Асанов, Арстанбек Абдылдаев, Равшан Жээнбеков, Бактыбек Калмаматов, Бабыржан Төлбаев, Каныбек Иманалиев.

Президенттик шайлоо мурдагы мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековдун отставкага кеткендигине байланыштуу мөөнөтүнөн мурда өткөрүлүп жатат. Жалпысынан 2 474 шайлоо участкасы ачылды, алардын 48и Кыргызстандын аймагынан тышкары жерлерде жайгашкан.

Президенттик шайлоодо добуш берүүнүн жүрүшү тууралуу маалыматтар Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан берилип турат. Инфографикадагы маалыматтар статистика келген сайын жаңыланат.

Биометрикалык маалыматын тапшырган 3 миллион 563 миң 574 кыргызстандык президенттик шайлоого катыша алат.

Маалымат үчүн: Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берүүчүлөр 56,2 пайызды түзгөн. Ал эми 2017-жылдагы президенттик шайлоодо көрсөткүч 55,93 пайыз болгон.

Добуш берүү аяктагандан кийин БШК шайлоонун алдын ала жыйынтыгын жарыялай баштайт. Акыркы жыйынтык добуштарды кол менен саноодон кийин гана белгилүү болорун айта кетели.

661
Белгилер:
добуш берүү, шайлоо, референдум, президент, БШК, Кыргызстан
Тема:
Кыргызстандагы президенттик шайлоо – 2021 (195)

Кыргызстанда жан сактоо үчүн канча каражат керек. Статкомдун эсептөөсү

290
Ведомстводон билдиришкендей, борбор калаада жашоо минимуму анча чоң эмес. Аймактарга бөлүп карай турган болсок, Бишкек шаары Жалал-Абад менен Ош облустарынан артта калат.
Кыргызстанда 2020-жылдагы жашоо минимуму

2020-жылы Кыргызстанда жашоо минимуму кандай болгонун Улуттук статистика комитетинин адистери санап чыгышты. Маалыматка караганда, былтыр бул көрсөткүч мурдагы жылга салыштырмалуу 11,5 пайызга көтөрүлүп, 5 359 сомду түзгөн.

Жашоо минимуму ай сайын азык-түлүк, тамаш-ашка кирбеген товарлар, кызматтар жана салык төлөөнүн жыйынтыгында калыптанат. Бул жерде кеп эң минималдуу чыгым тууралуу болуп жатканын эстен чыгарбашыбыз керек. Анткени мындай акча менен киши башка муктаждыктарын жаба албайт.

Жашоо минимумун кыргыз өкмөтү 2009-жылы аныктап берген. Ага эң зарыл болгон тамак-аш гана кирет. Жалпы сумманын жарымынан көбү, тагыраагы, 3 483 сому тамакка кетет. 911 сом кызматтарга, мындан азыраак сумма башка товарларга коротулуп, 100 сомдой акча салыктарга жумшалат.

Статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, эмгекке жарамдуу аялдарга караганда эркектерге 187 сомго көбүрөөк эсептелген. Ал эми пенсионерлердики болгону 4 785 сом.

Аймактарга бөлүп караганда жашоо минимуму Жалал-Абадда баарынан жогору. Облустун бир тургунуна айына 5 755 сомдон эсептелген. Экинчи орунду 5 541 сом менен Ош облусу ээлеген. Алардан соң гана Бишкек шаары турат, киши башына 5 381 сом.

Эң аз жашоо минимуму Талас облусунда катталды. Бир таластыкка айына 4 949 сом каралган.

290
Белгилер:
жашоо, статистика, Кыргызстан, Бишкек
Тема боюнча
Бишкекте декабрда батирлер канчага бааланды. Инфографика
Кыргызстандагы эң өтүмдүү минивэн, универсал унаалардын баасы. Инфографика

Өлөр алдында учкучтар уруша кетишкен. Дача СУга учактын кулаган себеби

2882
(жаңыланган 13:18 14.01.2021)
Учкучтар өлөр алдында эмне тууралуу кеп кылышкан? Алардын негизги катасы эмне болгон? Дача СУдагы учак кырсыгынын себеби эмнеде? Биз ушул жана башка суроолорго жооп алдык.

Так төрт жыл мурда жүк ташыган "Боинг" Бишкектин четиндеги Дача СУ айылына кулаган. Кырсыктан 39 адам, тагыраагы, 35 кыргызстандык жана экипаждын төрт мүчөсү каза болгон. Учкучтардын ката кетиришине эмне себеп болгонун билүү үчүн биз эксперттерге кайрылып, Мамлекеттер аралык авиациялык комитеттин отчету менен тааныштык.

Көрсө, трагедия алдында учкучтардын кабинасында абал курчуп кеткен экен. Кыргызстандык диспетчер инструкция боюнча иш алып барганына карабай аны тилдеп жатышкан.

2882
Белгилер:
учак, авиакырсык, Дача СУ
Автоунаа айдаган киши. Архив

Бишкекте электрондук айдоочулук күбөлүктүн пилоттук долбоору ишке кирет

0
Аталган долбоор пилоттук негизде адегенде Бишкек шаарында башталат. Электрондук документтер мобилдик тиркемелер аркылуу сунушталат.

БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Быйыл санариптештирүүнүн алкагында айдоочулук күбөлүктөрдү жана автоунаалардын паспортторун электрондук түргө өткөрүү пландаштырылууда. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, аталган долбоор пилоттук негизде адегенде Бишкек шаарында башталат.

"Пилоттук түрдө сыналуучу долбоордо унаа башкарган адамдар бет түзүлүшү аркылуу идентификацияланып, келечекте айдоочунун күбөлүгүн жана унаанын документин каттоо электрондук түргө өтүүгө мүмкүндүк берет. Электрондук документтер мобилдик тиркемелер аркылуу сунушталат", — деп айтылат маалыматта.

Өткөн жылы "Унаа" ишканасы тарабынан автонуааларга 413 миң 218 мамлекеттик номер белгилери, 250 миң 038 транспорт каражатын каттоо тууралуу күбөлүктөр берилген.

Ал эми эл аралык үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк алгандардын саны 189 миң 526 адамга берилген.

0
Тема боюнча
Автоунаа номерлерин сатуудан өлкө бюджети 70 млн. сомго толукталды
"Унаа" ишканасынын кызматтары 1-январдан тарта арзандайт. Жаңы тариф