Кыргызстанда президенттик шайлоо 10-январда өттү. Шайлоонун алдын ала жыйынтыгын Борбордук шайлоо комиссиясы жарыялады. Sputnik өлкөнүн ар бир районунда кандай добуш берилгени көрсөтүлгөн интерактивдүү карта даярдаган. Андан тигил же бул талапкер ар бир район же шаарда канча добушка ээ болгонун көрүүгө болот.
Инфографикада көрсөтүлгөн маалымат шайлоонун расмий жыйынтыгы болуп эсептелбей турганын эске сала кетели.
Президенттикке 17 киши ат салышкан. Кезексиз шайлоо өткөрүү чечими мурунку өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдун отставкасынан кийин кабыл алынган болчу. Президенттик шайлоо менен бирге башкаруу формасы аныктала турган референдум да өттү.
Шайлоо жана референдумду өткөрүү үчүн 2 474 участок даярдалган, анын 48и чет өлкөдө.
Жалпы жонунан биометрикалык маалымат тапшырган 3 миллион 563 миң 574 кыргызстандык добуш берүү укугуна ээ болгон.
Президенттик шайлоонун жүрүшүн жана алдын ала жыйынтыгын, ошондой эле башка маанилүү маалыматтарды Telegram-каналына жарыялап турабыз.
Жаңылыктарды орус тилиндеги Telegram-каналдан да окуп турууга болот.
Так төрт жыл мурда жүк ташыган "Боинг" Бишкектин четиндеги Дача СУ айылына кулаган. Кырсыктан 39 адам, тагыраагы, 35 кыргызстандык жана экипаждын төрт мүчөсү каза болгон. Учкучтардын ката кетиришине эмне себеп болгонун билүү үчүн биз эксперттерге кайрылып, Мамлекеттер аралык авиациялык комитеттин отчету менен тааныштык.
Көрсө, трагедия алдында учкучтардын кабинасында абал курчуп кеткен экен. Кыргызстандык диспетчер инструкция боюнча иш алып барганына карабай аны тилдеп жатышкан.
БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Кыргызстанда 10-январь күнү президенттик шайлоо өттү. Ушу тапта автоматтык саноочу урналардын (АСУ) эсеби менен чыккан алдын ала жыйынтык белгилүү болуп, бюллетендерди кол менен саноо уланып жатат.
Алдын ала жыйынтык боюнча, Садыр Жапаров биринчи болуп келүүдө.
Sputnik агенттигинин кабарчылары шайлоого катышкан ар бир талапкер бир добушка канча акча коротконун эсептеп көрүүнү чечти. Маалыматтар Борбордук шайлоо комиссиясынан алынган.
Материалды даярдоодо шайлоо фондуларынын 9-январга карата абалы эске алынды. Ал эми ар бир добуштун баасын эсептөөдө 11-январь күнү саат 11.00дө АСУнун эсеби боюнча алынган маалыматтар пайдаланылды. Бул жыйынтык расмий болуп эсептелбей турганын эске салабыз.
Тизмеде биринчи орунда ар бир добуш 2 487 сомго айланган Жеңишбек Байгуттиев турат. Жалпы жонунан ал шайлоого 3,3 миллион сомдон ашык каражат сарптап, алдын ала жыйынтык боюнча, 1,3 миң шайлоочунун добушуна ээ болгон. Андан кийинки саптарды Арстанбек Абдылдаев, Равшан Жээнбеков, Каныбек Иманалиев, Курсан Асанов, Бабыржан Төлбаев, Аймен Касенов, Имамидин Ташов, Абдил Сегизбаев, Канатбек Исаев, Эльдар Абакиров, Бактыбек Калмаматов, Улукбек Кочкоров, Клара Сооронкулова, Садыр Жапаров жана Мыктыбек Арстанбек ээлеген.Ал эми Адахан Мадумаров эң эле сарамжалдуу талапкер болду. Бир добуштун "баасы" 33 сомго айланган. Жалпы жонунан шайлоого 3 миллион сомдон ашуун каражат коротуп, алдын ала жыйынтык боюнча, экинчи орунду ээледи. Кызыгы, Мадумаров 2017-жылы өткөн президенттик шайлоодо да добуш "арзанга түшкөн" (13 сом) талапкер болгон эле.
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Кыргызстандын бийлиги коронавирусту, анын ичинде жаңы штаммын өлкөгө киргизбөө жана жайылтпоо максатында алгоритм иштеп чыккан.
Саламаттык сактоо, Тышкы иштер, Жолдор жана транспорт, Маданият, маалымат жана туризм министрликтери "Манас" эл аралык аэропорту жана Мамлекеттик чек ара кызматы менен биргеликте буйрук чыгарып, ага 13-январда кол коюлган.
Алгоритм Бишкек, Ош, Ысык-Көлдөгү аэропортторго эл аралык каттамдар менен келген бардык адамдарга тиешелүү экени айтылды.
Аба каттамы менен келгендерге алгоритм:
Мындай алгоритм ички каттамдар менен жүргөндөргө да тиешелүү.
КРге транспорт менен келчүлөр үчүн алгоритм:
Кыргызстандыктардын да, башка өлкөнүн жарандарынын дагы тест тапшырган маалымкаты болушу керек. Бул эреже чет өлкөлүк элчилик, консулдук, эл аралык уюмдардын кызматкерлерине, экипаж мүчөлөрүнө тиешелүү эмес. Ошондой эле ата-энелери менен келе жаткан 7 жашка чейинки балдарга колдонулбайт. Мындай документ эл аралык жүк ташуу менен алектенген айдоочулардан да суралбайт;
Ал эми оору табылган адам менен байланышта болгондор милдеттендирилген анкета толтуруп, үйүндө өзүн-өзү изоляциялоодо болушу керек же чек арада алынган тесттин жыйынтыгы чыккыча обсервацияда жатып турушу шарт.
Бул буйрук Саламаттык сактоо министрлигинин сайтында да жайгаштырылган.
Декабрь айынын орто ченинде Улуу Британияда SARS-CoV-2 деп аталган коронавирустун жаңы мутациясы пайда болгону тастыкталган. Адистердин айтымында, вирустун жаңы түрү мурдагыга салыштырмалуу тез тарайт.