Кыргызстанда президенттик шайлоо жана референдум өтүп жатат. Добуш берүү кандай тартипте жүрөрү тууралуу Sputnik агенттигинин кабарчысына Борбордук шайлоо комиссиясынан айтып беришти.
Президенттик кызмат үчүн 17 талапкер ат салышууда, шайлоочу алардын бирине гана добуш берип, тушуна белги коёт. "Бир белги коюу эрежеси" башкаруу формасы боюнча тандоого да тиешелүү.
Шайлоо жана референдум санитардык эрежелерди сактоо менен өткөрүлөт: имаратка кире турган жерде шайлоочунун дене табы текшерилип, колу дезинфекцияланып, ага кол кап жана бет кап берилет. БШК кыргызстандыктарды шайлоо участкасына кирердин алдында жана имараттын ичинде аралыкты сактоого чакырат.
Шайлоочу добуш берүү үчүн Кыргыз Республикасынын жараны экенин далилдеген паспортун (ID-card, чет элдик, биометрикалык) көрсөтүшү керек. Кийин ал биометрикалык маалымат боюнча аныкталууга тийиш. Андан ары добуш берүүчүлөргө эки чек берилет, алар президенттик шайлоо жана референдум үчүн бюллетендерге алмаштырылат. Ошондой эле референдумда жана президенттик шайлоодо катышуучуларды каттоо өзүнчө жүргүзүлөт.Бюллетенди алгандан кийин кабинага келет, ал жерде анын добуш берүүсүнө эч ким тоскоолдук кыла албайт. Добуш берүүнүн купуялуулугу ушундай жол менен камсыздалган. Бюллетень үчүн автоматтык эсептөөчү урна коюлган.
Бюллетенди сүрөткө, видеого тартууга жана добуш берүүчү жайдан сыртка алып чыгууга тыюу салынат.
Так төрт жыл мурда жүк ташыган "Боинг" Бишкектин четиндеги Дача СУ айылына кулаган. Кырсыктан 39 адам, тагыраагы, 35 кыргызстандык жана экипаждын төрт мүчөсү каза болгон. Учкучтардын ката кетиришине эмне себеп болгонун билүү үчүн биз эксперттерге кайрылып, Мамлекеттер аралык авиациялык комитеттин отчету менен тааныштык.
Көрсө, трагедия алдында учкучтардын кабинасында абал курчуп кеткен экен. Кыргызстандык диспетчер инструкция боюнча иш алып барганына карабай аны тилдеп жатышкан.
БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Кыргызстанда 10-январь күнү президенттик шайлоо өттү. Ушу тапта автоматтык саноочу урналардын (АСУ) эсеби менен чыккан алдын ала жыйынтык белгилүү болуп, бюллетендерди кол менен саноо уланып жатат.
Алдын ала жыйынтык боюнча, Садыр Жапаров биринчи болуп келүүдө.
Sputnik агенттигинин кабарчылары шайлоого катышкан ар бир талапкер бир добушка канча акча коротконун эсептеп көрүүнү чечти. Маалыматтар Борбордук шайлоо комиссиясынан алынган.
Материалды даярдоодо шайлоо фондуларынын 9-январга карата абалы эске алынды. Ал эми ар бир добуштун баасын эсептөөдө 11-январь күнү саат 11.00дө АСУнун эсеби боюнча алынган маалыматтар пайдаланылды. Бул жыйынтык расмий болуп эсептелбей турганын эске салабыз.
Тизмеде биринчи орунда ар бир добуш 2 487 сомго айланган Жеңишбек Байгуттиев турат. Жалпы жонунан ал шайлоого 3,3 миллион сомдон ашык каражат сарптап, алдын ала жыйынтык боюнча, 1,3 миң шайлоочунун добушуна ээ болгон. Андан кийинки саптарды Арстанбек Абдылдаев, Равшан Жээнбеков, Каныбек Иманалиев, Курсан Асанов, Бабыржан Төлбаев, Аймен Касенов, Имамидин Ташов, Абдил Сегизбаев, Канатбек Исаев, Эльдар Абакиров, Бактыбек Калмаматов, Улукбек Кочкоров, Клара Сооронкулова, Садыр Жапаров жана Мыктыбек Арстанбек ээлеген.Ал эми Адахан Мадумаров эң эле сарамжалдуу талапкер болду. Бир добуштун "баасы" 33 сомго айланган. Жалпы жонунан шайлоого 3 миллион сомдон ашуун каражат коротуп, алдын ала жыйынтык боюнча, экинчи орунду ээледи. Кызыгы, Мадумаров 2017-жылы өткөн президенттик шайлоодо да добуш "арзанга түшкөн" (13 сом) талапкер болгон эле.
Роботтун эки колу бар, ал кудум адамдыкына окшош. Текчеден тиешелүү азык-түлүктү өзү эле алып, кууруп, бышырып, ал тургай күйгүзүп жибербей аралаштырып да турат. Отту азайтып же керек болсо көбөйтөт.
Бир нерсе төгүлүп же чачылып кетсе, жыйнап да коёру маалым болду. Идиш-аякты кадимкидей жууйт.Түзүүчүлөр темир ашпозчунун эсине тамак-аш жасоонун беш миң ыкмасын киргизип коюшкан. Авторлор ээси тажап кетпеш үчүн кулинария китебин ай сайын жаңылап турууну пландап жаткандыктарын айтып беришкен.
Роботтун баасы учурда болжол менен 40,8 миң — 74,8 миң доллардын тегерегинде экендигин айтышты.