Президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгы. Кол менен саноо

Жазылуу
Добуштарды кол менен саноонун натыйжасында чыккан шайлоонун алдын ала жыйынтыгын Sputnik агенттигинин улам жаңыланып турган инфографикасынан көрүүгө болот.

Президенттик шайлоо 10-январда өттү. Алгачкы алдын ала жыйынтык автоматтык урналардан белгилүү болду, Борбордук шайлоо комиссиясы соңку жыйынтыкты кол менен саноодон кийин жарыялай баштады.

Инфографикада көрсөтүлгөн мааламыт шайлоонун расмий жыйынтыгы болуп эсептелбейт. Анткени БШК азырынча акыркы бүтүмдү жарыялай элек.

Президенттикке 17 киши ат салышты. Кезексиз шайлоо өткөрүү чечими мурунку өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдун отставкасынан кийин кабыл алынган. Президенттик шайлоо менен бирге башкаруу формасы аныктала турган референдум да өттү.

Шайлоо жана референдумду өткөрүү үчүн 2 474 участок даярдалган, анын 48и чет өлкөлөрдө.

Жалпы жонунан биометрикалык маалымат тапшырган 3 миллион 563 миң 574 кыргызстандык добуш берүү укугуна ээ.

Президенттик шайлоонун жүрүшүн жана алдын ала жыйынтыгын, ошондой эле башка маанилүү маалыматтарды Telegram каналына жарыялап турабыз.

Жаңылыктарды орус тилиндеги Telegram-каналдан да окуп турууга болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0